ОРУСИЯ-УКРАИНА: СОГУШ МЫНДАН АРЫ КАНТИП ӨНҮГӨТ?

Орусия-Украина кризисине 1 жылдан ашты. Бул арада миңдеген өмүрлөр үзүлүп, көптөгөн айыл-шаарлар талкаланып, адам жашагыс абалга кептелди. Дагы деле талкаланып жатат. Орусия-Украина согушу мындан ары кандай нукта өнүгөт? Эмне үчүн Кытай сунуштаган тынчтык келишими колдоого ээ болбой жатат? Согушта колдонулган куралдар улам күчтүүсүнө алмаштырылып, атүгүл, өзөктүк курал колдонуу мумкүндүгү айтыла баштады. Дүйнө коомчулугун сестентип турган согуш, анын келечеги тууралуу эксперттердин пикирин угуп көрдүк.

Эмил Жороев, саясат талдоочу: “МЕНИМЧЕ, АЗЫРЫНЧА ТЫНЧТЫК ОРНОБОЙТ”

– Орусия Украинанын аймагына бастырып кирип, өздөрү айткан “аскердик операциясын” жүргүзүп жатканына бир жылдан ашты. Тынчтыкка келүү боюнча азырынча бир да келишим натыйжа бере элек. Шаарлар аткыланып, адамдар өлүп жатат. Башында эки тарап Беларусь өлкөсүндө бир столго отуруп сүйлөшүү жүргүзгөнгө, абалды оңдоого аракет кылышты. Бирок Буча шаары аткыланып талкалангандан кийин Украина тарап Орусия менен сүйлөшүүлөрдү толугу менен токтотту. Франциянын президенти Эмманнуэль Макрон, Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган эки тарапты элдешүүгө чакырды, бул эми тынчтык келишими эмес, жөн гана дипломатиялык ыкма. Жакында расмий Пекин “Тынчтыкка карай 12 кадам” деген тынчтык келишимин сунуштап, эки өлкөнү элдештирүүгө аракет кылды. Бирок андан деле жыйынтык чыгарынан шегим бар. Кытайдын лидери Си Цзиньпиндин мамлекеттик иш сапары менен Кремлге барышынын максаты – Украинада тынчтыкты орнотууну гана эмес экенин көпчүлүк түшүнүп турат. Кытайдын Орусиянын ресурстарына карата эбегейсиз чоң пландары бар. Менимче, азырынча тынчтык орнобойт. Путинге карата Гаагадагы эл аралык кылмыш сотунун чечими – өтө олуттуу чечим. Аталган соттун макамын, чечимин Рим статутуна мүчө өлкөлөрдүн баары таанууга тийиш. Мисалы, Тажикстан да Рим статутун тааныйт, Путин Тажикстанга барса аталган өлкө аны кармашы керек. Орусия президенти быйыл жайында саммитке катышуу үчүн Түштүк Африкага бармак, Гаага сотунун чечиминен кийин ал барчу өлкө “сот чечимин аткарууга тийишпиз” дегенинен улам Путин пландалган сапарын токтотуптур деген маалымат чыкты. Гаагадагы соттун чечими Путиндин чет өлкөгө сапарларында көйгөй жаратат. Орусиянын эл аралык аренада аброюнун кеткенин, аны менен эч кандай эсептешүү болбой калгандыгын көрсөтүп турат.

Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер: “СОГУШ УЗАККА СОЗУЛА ТУРГАН БОЛСО ОРУСИЯ ЖЕҢИЛЕТ”

– Кытай азыр дүйнөдө экинин бири болуп турат. Батыш өлкөлөрүнүн Орусияга карата экономикалык санкцияларынын кесепети чоң болуп, анын терс таасири Кытайга да тийип жатат. Мына ушундай шартта Кытай тараптын орус-украин келишпестигин жөнгө салуу аракети түшүнүктүү эле. Бирок маселе ошол согуш кандай шартта, кандай талаптар менен токтойт дегенде. Бул жерде бир пикир жок. Орустар басып алган жерлерди бербей, согуш ушул чек менен токтосо деп турат. Украиндер болсо буга караманча каршы, Орусия басып алган жерибизди толук бошотуп бергиче согушабыз деп жатат. Батыштын пикири кайчы, бирок көпчүлүгү Орусиянын биротоло жеңилишин самап турат. Эгер согуш узакка созула турган болсо Орусия жеңилет. Украинага жаңы аскер техникаларын, заманбап согуштук курал-жарактарды өтө көп санда берип жатышат. Менимче, Кытайдын тынчтык демилгеси деле толук натыйжа бере элек. Анткени Кытай тарап БУУнун уставынын сакталышы керектигин, өлкөлөрдүн эгемендигин жана аймактык кол тийбестигин сыйлай тургандыгын, эч ким эч кимге согуш ачпашы, коркутпашы керектигин айтып келе жатат. Ал эми Орусиянын аракети БУУнун уставына, көптөгөн эл аралык келишимдерге караманча каршы келет. Кытай Орусия менен эч кандай саясий жана согуштук блок түзбөй тургандыгын да ачык эле айтып жатат. Мындан улам Си Цзиньпиндин Кремлге болгон сапарынын максаты – биринчи кезекте Кытайдын экономикалык кызыкчылыгын коргоо, аларга саясий кепилдиктерди камсыз кылуу болду. Бул жагынан караганда сапар максатына толук жетти, көптөгөн экономикалык долбоорлор жөнүндө сөз болду, макулдашуулар түзүлдү, башкача айтканда, Орусиянын табигый байлыктары Кытайдын экономикасына иштемей болду. Ал эми Кытайдын тынчтык демилгесинин тагдыры кандай болору Украина менен боло турган сүйлөшүүлөрдөн кийин билине баштайт. Кытай Гонконг маселесинин чечилишин жүз жыл күткөн, азыр Тайвань маселесинин чечилишин күтүп жатышат, эч кандай согуштук аракет жасабай эле. Украиндер кытайча жолго көнөбү – бул чоң суроо. Крым, Донецк, Луганск маселесин чечүү үчүн жүз жылдар бою Орусия менен сүйлөшүп отурууга макул болобу?

Исмаил Исаков, генерал: “ОРУСИЯНЫН ПЛАНЫ ИШКЕ АШПАЙТ ДЕП ОЙЛОЙМ”

– Улуу Британиянын уран кошулмасы менен жасалган снаряддарын Украинага бердирбөө максатында Орусия “биз да күзгүдөй чара көрөбүз” деп ишарат берип жатат. Экинчиден, Беларусь президентинин каалоосун ишке ашыруу максаты болушу мүмкүн. Анткени ал 2022-жылдын февралында референдум өткөрүп, өлкө Конституциясындагы “Беларусь ядролук куралсыз өлкө” деген норманы алдырып салган. Ядролук өлкө болууну эңсеп, ага шарт түзгөн болчу. Эми ядролук тактикалык куралдарды сактоо үчүн жер темир бетондолгон атайын объекттерди салып, аларды кайтаруу, башкаруу үчүн эбегейсиз чоң чыгымдарга барышы керек болот. Кыскасы, бүгүнкү кырдаалда чоң көйгөйлөрдү жаратат жана эбегейсиз чыгымдарды талап кылат. Андай кадамды Беларусь эли кандай кабыл алат? Дүйнөлүк коомчулуктун реакциясы кандай болот? Ядролук куралы бар 5 өлкөнүн былтыркы “ядролук курал менен согушпайбыз, стратегиялык курмандыктарды азайтабыз” деген бирдиктүү билдирүүлөрүнө каршы келген бул аракетке калган төрт өлкө эмне дейт? Бул өзүнчө маселе. Союз учурунда Беларуста ядролук куралдарды сактоо жана тейлөө базасы болуп, кийин иштен чыгып калган. Аларды калыбына келтирүү да оңой иш эмес. Ошондуктан, Путин айткандай, 1-июлга чейин Орусиянын ядролук тактикалык куралын Беларуска жайгаштыруу планы ишке ашпай, сөз бойдон кала берет деп ойлойм.

Артур Медетбеков, генерал: “ӨЗӨКТҮК КУРАЛ ЧУУСУНАН УЛАМ ЕВРОПАДА ДА АБАЛ ТЫНЧ ЭМЕС”

– Дүйнөдө таасир талашуу жүрүп жатканын азыр эл деле түшүнүп калды. Улуу Британиянын Украинага акталган урандан жасалган снаряддарды берүүсү тескерисинче абалды курчутууда. Бул деген Батыш өлкөлөрү Украинадагы согуштун токтошуна анча кызыкдар эмес дегенди туюндурат. Ал эми Орусия өзүнүн тактикалык өзөктүк куралын Беларуска жайгаштыруу планын Украинага жардам берип жаткан НАТО өлкөлөрүнө жооп деп түшүнсөк болот. Аталган өзөктүк курал Беларуска жакын Германия, Польша жана башка көпчүлүк НАТО өлкөлөрүн сестендирет. Мындан улам бир нече Европа өлкөлөрүндө учурда пикет-митингдер орун алып, бийликке карата ачуу сындар парламент трибунасынан да айтылып жатат. Европалыктар да дүрбөлөңгө түшүүдө, ал жакта психикалык абал туруктуу эмес. Чуу болуп жаткан уран кошулмасы менен жасалган снаряддар 120 миллиметрлик пушкасы бар танктарга орнотулат. Аталган курал буга чейин Косоводо, Иракта, Жакынкы Чыгышта кеңири колдонулуп келген. Куралдын күчү брондолгон танктарды, коргонуучу дзотторду оңой эле тешип өтө алат. Аны колдонгондо уулуу зат абага көтөрүлүп, аны менен дем алган жан-жаныбар, адамзат зыян тартат, адамдарда онкологиялык ооруларды козгойт деп жатышат. Уран аралашмасы менен жасалган куралдар жерге түшсө радиоактивдик зыяны бүтүндөй жер кыртышына, табиятка тиет. Бирок бул курал боюнча БУУнун Бүткүл дүйнөлүк ден соолук бөлүмү атайын комиссия түзүп иликтегенде эч кандай кемчилик таба алган эмес. Ошондон улам аны колдонууга тыюу салынган жок, учурда Францияда, АКШда, Израилде, ошол эле Орусиянын өзүндө да жасашат. Путин боюнча Гаага кылмыш сотунун чечими бул НАТОго кирген өлкөлөрдүн маалымат талаасындагы пиары. Көбү бул чечимге көңүл бурган деле жок же нейтралдуу позицияда калды. Дагы бир себеби – Си Цзиньпиндин Кремлге болгон сапарынын алдында атайын Путинди “эл аралык кылмышкер” көрсөтүп, Кытай лидерин Орусияга келтирбөө максаты болгон.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1060, 31-март - 6-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан