Кайрат Примбердиев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «ЫРЫҢ ХИТ БОЛБОЙ КАЛСА, ТОКТОП КАЛБАШ КЕРЕК ЭКЕН»

Кайрат Примбердиев – ырчылыкта атын жасап, Кыргызстанга эле эмес, эл аралык сынактар аркылуу КМШ аймагына тааныла алган кыргыздын мыкты жигити. Маал-маалы менен шоу-бизнести дүңгүрөтүп турат.

– Маектин башында баскан жолуңузга саресеп салып көрбөйлүбү? Кантип ат жасадыңыз, баары эмнеден башталды?

– Бала кезимден эле ырдаганды, эл көзүндө болууну, сахнада жаркырап турганды, өзүмө көңүл бурдурганды жакшы көрдүм. Ошентип жүрүп 20 жашка чыктым, бирок максатыма жете элек болчумун. Албетте, район, облустук сынактарда уткам, бирок эңсегеним чоң сахна эле. Классташым Султан Садыралиевдин “Махабатым” деген ыры хит болуп жаткан кез. Султан талантымды баалачу, максатымды да билгендиктен жолукса эле “айылда жүрбө, досум, бас кеттик шаарга, болбосо кыялыңа жетпей каласың” дей берчү. Ошентип шаарга келдим, албетте, баары зымга тизгендей шыр кеткен жок. Ар кандай жумуштарда иштегенге туура келди. Бир күнү Султан экөөбүз “Арноо” деген ырды дуэт ырдадык. Продюсери Динара Эсенгуловага тааныштырды мени, ошентип Султандын концерттеринде ырдап, аны менен чогуу гастролдорго чыктым. Баары жомоктой сезилчү. Кечээ эле айылда жүрүп, бүгүн концерт берем деп сахнада жүрөм, элестетсең. Анан “Сен дагы мени сагынганда канатсыз учкуң келеби?” деген ырды жаздырдык.

– Чыгармачылык үчүн кандай курмандыктарга бардыңыз?

– Ойлоп көрсөм, аябай чоң курмандык деле кылбаптырмын. Тагдырым ушундай жазылып калыптыр, кичинемде атам каза болуп калды. Балалыгым оор экономикалык кризис мезгилине туш келип калды. Бизди багам деп апам да кыйналды. Андан тышкары, албетте, чыгармачылык үчүн көп убактымды, эмгегимди арнадым.

– Учурда чыгармачылык жолдун кайсы этабындамын деп ойлойсуз?

– Башында өзүмдүн автордук ырларым менен чыктым. Кийинки ырларым орто болду, элге аябай сиңип, укмуш хит болуп кеткен жок. “Сагынганда”, “Апам үчүн” деген ырларым жакшы кабыл алынды. Ортодо Казакстандагы топтордо ырдап, жеке ырчылыкты токтотуп салган учур болду. Анан кайра жаңы ырларды жаздырып, “Биз” тобунун “Поезддеги махабат”, өзүмдүн “Сүйүүңдү мага арнасаң”, “Сен деги кандай немесиң?” деген ырларымды чыгарып, клиптерди тарта баштаган кезде “Главная сцена”, “Голос” долбоорлору башталып кетти. Негизи, ырчыда угармандар кызыга турган бир илинчек болушу керек. Мисалы, "баланча ырчы тигиндей сынакка катышып жатыптыр" деген жаңылык тараса, эл ошол ырчынын ырларын уга баштайт. Батыштын, Орусиянын ырчылары өздөрүнө элдин көңүлүн буруш үчүн атайын жаңжал чыгарышат. Менин да “Голоско” катышканым берки ырларыма элдин көңүлүн буруп кетти. Муну “инфоповод” деп коёт. Ошондой шылтоолор болуп жакшы көтөрүлгөм. Азыр чыгармачылыгым солгундап баратат кадимкидей эле. Албетте, бул өзүмдөн көз каранды, жакшы иштебей жатам. Буюрса, быйыл иштейм, бирок жыл сайын жылды ушинтип баштайм (күлүп). Негизи бир ыр чыгарып эле “эмнеге хит болбой жатат?” деп отура бербеш керек. Хит болбой калса, дароо экинчисин жаратыш керек экен. Ал өтпөсө үчүнчүсүн дегендей. Акыры 10 ырдын ичинен бирөөсү элге жагат дагы, калган 9 ырды сүйрөйт деген көз карашта иштеш керек экен деп калдым. Бизде Нурлан Насип ошентип иштейт. Ушундай стратегия менен иштейин деп быйыл кайрадан чыгындым. Буюрса, жаңы ыр жаздырдым, жакында клиби тартылат. Ал жакпай калса, башкасын чыгарам (күлүп).

– Мирбек Атабековду “Кыргызстандагы №1 ырчы” деп жазганыңызды окудум, өзүңүздү канчанчы орунга коёсуз?

– Бул чын, анткени Мирбек талыкпай эмгектенет. Жогоруда мен айткан стратегия менен иштейт. Бирок Мирбекте ырым өтпөй калат деген коркунуч жок, анын фан базасы бар. Анын үстүнө ырларды жөн салды жаза бербейт, кылдаттык менен иштеп, уккулуктуу, өтүмдүү кылып чыгарат. Мирбек 1-орунда болсо, калганыбыз бир теңбиз. Учурда Мирбек, Эрлан Андашев анан Jax тынбай иштеп жатат. Үчөөсүн 1-орун деп коёюн, калганыбыз кичине жалкообайлар экенбиз (күлүп). Нурландын да эмгекчилдигин баалайм, тынбай иштейт, ошонусу менен дайым бир калыпта кармалып келет.

– Интернет, социалдык желелер абдан өнүктү. Атактуу болуу оңой. Бирок атактуу болуунун баасы, ырахаты жоголуп бараткандай...

– Бир адам басып баратып жыгылып түшүп деле хит болуп кетип жатпайбы. Бул эми бир күндүк да. Эмгек кылчу адам ошол Тиктокто дагы эмгек кылат. Эмгектенип туруп ийгиликке жетсең, ырахаты таттуу эле сезилет болуш керек. Бирок, албетте, азыр оңой. Мурда атактуу болуш аябай кыйын болгондуктан, жеткенден кийин укмуш таттуу сезилчү.

– Ата журтуңузга барып турасызбы?

– Менин ата журтум Кара-Кулжа району, Ылай-Талаа айылы. Көп деле барбайм негизи, 2019-жылы биздин, сарыбаргы уруусунун чоң жыйыны болгон, ошондо баргам. Ата журтума деле, өскөн жерим Таласка деле көп барбайт экенмин. Жумуштун баары Бишкекте болгон үчүн го.

– Атасыз өскөн күндөр оор болгондур...

– Албетте, атасы бар балдарга суктанчумун. Абдан кыйналган учурда “эртең менен турсам эле үйдө бир кап ун, беш литр май, анан атам бар болуп калса. Атам өлбөй эле бир жакта жүрүп келген болсо, атам “кел, балам” деп алдына отургузса” деп кыялданчумун. Балдар капа кылышса “ушундайда агам болсо...” дечүмүн. Убакыт өттү, мына 40ка чыгайын деп калдым, өзүм бир үй-бүлөнүн атасымын.

– Өзүңүз үйдө кандай атасыз?

– Эми тим эле сонун атамын деп эч ким айта албайт болуш керек. Кээде урушуп коём, ал да керек экен, айрыкча эркек балага. Балдарыма үйдө оюнчукмун, мени менен ойной беришет. Кээде өзүм ойнойм, күрөшөбүз, кубалашабыз. Үч балам бар, улуусу биринчи жубайымдан. Үчөө тең эркек, ошого кыздын атасы кандай болорун билбейм, элестете албайм. Кыздын атасы болсом ал менин ханышам болуп толук эле моюнума минип алат болуш керек (күлүп).

– Биринчи балаңыз менен байланышып турасызбы?

– Ооба, байланышып, сүйлөшүп турабыз. Вотсаптан мага видеолорун жөнөтөт. Гитара үйрөнүп жатат, таланттуу. Жанагындай битбоксторду кылат, гитарада ойнойт, ырдайт, 13 жашка чыгат, таланты ачылып келе жатат, буюрса.

– Сиздин талантыңызга өзүңүзгө караганда жубайыңыз көбүрөөк кам көргөндөй туюлат...

– Экөөбүз бирдей элебиз, бирок чын, мен жалкоороокмун. Өзүмө ишенбей, корко берем. Бир нерсени кыларда “болбой калсачы” деп кылчактай бермейим бар. Эля көбүрөөк ишенет мага, “сонун болуптур, чыгара берсең” деп турат.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Jamalym
2023-04-06 02:55:00
Стиль бар,ун бар бирок бир ааааз жалкоо.Коп коп иштесе сонун ырларды чыгармак.
0
№ 1060, 31-март - 6-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан