БИР МУШТАШ ҮЧҮН ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕГИ БИР ОРУНГА КАЙРА ШАЙЛОО ӨТӨТ

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров 27-мартта депутаттык мандатын тапшырды. Себеби – үстүбүздөгү жылдын 12-мартында Бишкекте болгон чуулгандуу мушташ. Абиров кафелердин биринде күзөт кызматкерин сабап салган эле. Окуя тараптардын элдешүүсү менен аяктаган.

– Болуп өткөн окуядан кийин Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштөөгө моралдык укугум жок. Окуянын олуттуулугун түшүнүп турам, мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартууга даярмын,- дейт ал.

Абиров 2021-жылы Бишкектин Ленин райондук округунан парламентке депутат болуп шайланган. Депутаттык орун бошогондуктан аталган райондо кайрадан шайлоо өтөрү маалымдалды. Президент шайлоо күнүн 28-майга дайындады, эми талапкерлерди каттоо иши башталат.

Азыркы учурда кимдер талапкер болушат деген суроо күчүндө. Талапкер болорун биринчилерден болуп саясатчы, учурда камакта отурган Равшан Жээнбеков билдирди. Равшан Жээнбеков мурдагы шайлоодо ушул округдан 2-орунду ээлеген.

– Мурунку шайлоодо түрмөдө отуруп талапкер болуп, 2-орунду ээлегем. Бул жолу да түрмөдө отуруп ат салышам, бул саясий күрөш,- деди Жээнбеков социалдык тармак аркылуу элге кайрылуу жасап.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1060, 31-март - 6-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан