Кыздардын кыялы, жаш жүрөктөрдүн жаңы каармандары болгон “Мыкты жигиттер” сериалынын актёрлору менен “ооругандардын” саны саат сайын көбөйүп барат. Анын ичинде “красавчик” атыккан Жи Ху (Ким Хён Жун) да бар. Ал бир гана тасмаларда роль жаратпастан, популярдуу ырчы катары да таанымал.
АНКЕТА
Аты-жөнү – Ким Хён Жун
Кесиби – Актёр жана ырчы
Туулган жылы – 1986-жыл, 6-июнь
Туулган жери – Түштүк Корея, Сеул
Бою – 180 см
Салмагы – 68 кг
Тартылган тасмалары – “Мыкты жигиттер”, “Күлкүлүү өбүшүү”, “Бийиктерге жете кыялдан” ж.б.
АТАГЫ АЛЫСКА ЖЕТКЕНГЕ ЧЕЙИН...
Хён Жун аягы 6 менен аяктаган жылдын алтынчы айынын 6- күнүндө төрөлгөн. Нумерологдордун айтымында, мындай адамдарды дайыма ийгилик коштоп жүрөт. Анын сыңары, Хён Жун тасмага келерден мурун, 2005-жылы беш жигиттен турган “SS501” ырчылар тобун негиздеген. Күйөрмандар балдардын ар бирине лакап ысым арнап, ал эми Хён Жунду “красавчик” деп атап алышат. Бирок өзүнө бул лакап аты жакпайт. “Сырткы көрүнүшүмө гана карап жагымдуу жигиттерге таандык ролду бергендерин туура көрбөйм” дейт. Топ бат эле Түштүк Кореяда популярдуулукка жетип, акырындык менен коңшу өлкөлөрдү да багынта баштайт.
Хён Жун Кйонгги университетин аяктап, бош убактысында гитара чертүү, пианинодо ойноо жана бийлөө менен алектенген.
АКЫРКЫ «ДАҢК-ДҮҢКТӨРҮ»
Корей сериалдарынын толкуну Азияны каптагандан бери көптөгөн жаңы жүздөр чыга келди. Бирок Хён Жун катардагы “лампочкалардан” эмес. Ага далил иретинде былтыркы жылы Гуанчжоудо болуп өткөн Азия оюндарынын ачылышында ырдаганын айтып өтсөк болот. Түштүк Кореянын атынан барган ырчы Кытай, Тайвань жана Гонконгдун төрт аткаруучусу менен спорттук мелдештин гимнин аткарды. Ачылыш салтанатына дүйнөнүн ар бир бешинчи адамы күбө болуп, Хён Жун “өлкөмдүн атынан чыгуу – мен үчүн чоң сыймык” деп толкунданды.
Соңку жаңылыктарынан кеп салсак, Хён Жун “Бийиктерге жете кыялдан” деген сериалда роль жаратты. Биздин каарманды Түштүк Кореяда “Кышкы соната” сериалынан улам атак-даңкка жеткен актёр Пе Ён Жундун (Жун Сан) “көчүрмөсү” деп аташат. Бул жөнүндө “көбүнчө экөөбүздүн жылмайганыбыз жана сүйлөгөнүбүз окшош деп айтышат” деген жообун узаткан. Атайын окшоштугун аныктаган телерадио программалар популярдуу болуп, анын жыйынтыгында экөө алгачкы жолу чогуу бир сериалга тартылышты.
«БИР КҮН КЕЧКЕ УКТАМАКМЫН»
Төмөндө Түштүк Кореядагы журналга жарыяланган Хён Жундун маегинен үзүндү бердик.
– Телефонуңдун тез терүүсүндө биринчи ким жазылган?
– Мен телефондун аки-чүкүсүн мыкты билгидей акылдуу эмесмин. Бирок өзүмө керектүү адамдардын телефон номурларын жатка билем.
– Үй-бүлөңөр канча адамдан турат?
– Атам, апам, чоң энем жана улуу агам.
– Сумкаңа дайыма эмне салып жүрөсүң?
– Көздүн контакттык линзалары, устара жана байпак.
– Кандай адатың бар?
– Билбейм. Кайда же ким менен барбайын, дайыма тамак-аш үчүн мен төлөйм.
– Стресстин дабасын кантип табасың?
– Балык уулаганы барам же музыка угам.
– Спирт ичимдиктерине кандай карайсың?
– Сожуну (корей арагы) көп ичем. Башка спирт ичимдиктерине жолобойм.
– Териңдин берметтей болушу үчүн эмне кыласың?
– Дерматологго тез-тез барып турам. Өтө ачык жооп берип койдум окшойт, хе-хе... Болгону, бетти тазалоочу каражаттарга көбүрөөк көңүл бурам.
– Сүйлөшкөн кызың барбы?
– Бар болчу. Аны менен сахнага алгачкы жолу кадам таштаган 2005-жылы “ажырашкам”.
– Эгерде бир күн бою бош болсоң, эмне кылат элең?
– Кечке уктамакмын.
– Эң чоң ийгилигим деп эмнени айтасың?
– Башталгыч класстардан бери чогуу келген досторум бар. Мына ошол адамдар – менин жашоомдогу эң чоң ийгилик!
КЫСКА, БИРОК КЫЗЫКТУУ
Эльвира Караева
star@super.kg