“БАЙКЕ, МОРГГО КЕЛИҢИЗ ДЕГЕНДЕ ЖҮРӨГҮМ ШУУ ДЕЙ ТҮШТҮ...” Ысык-Көлдөгү чуулгандуу өлүмдүн чоо-жайы

Үстүбүздөгү жылдын 14-март күнү Ысык-Көл ОИИБи облустагы Өрнөк айылына жакын жерден белгисиз адамдын сөөгү табылганын жарыялаган. Көп өтпөй маркумдун өздүгү аныкталып, ал аталган айылда убактылуу жашап жаткан 38 жаштагы Нурбек Чотбаев аттуу жаран экени аныкталды. Маркумдун кайнатасы Жамал Тургунбаев анын артында 3 баласы жана кош бойлуу келинчеги калганын айтат. Окуянын чоо-жайын баяндайбыз.

Жамал Тургунбаев, маркумдун кайнатасы: “КҮЙӨӨ БАЛАМ МЕНИН ҮЙҮМДӨ ЖАШАЧУ”

– Каза болгон Нурбек Чотбаев улуу кызымдын күйөөсү. Ата-энеси эрте ажырашып кетип, эжелеринин колунда чоңойгон. Турмушка тың жигит эле, мектепти да жакшы баалар менен бүткөн. Кызым экөө жаңы үйлөнгөндө колдоо көрсөтүп жүрдүм, жаш үй-бүлө деп батиринин ижара акысын да төлөп берчүмүн. Кийин биротоло үйүмө чакырып алдым, неберелерим менин көз алдымда чоңоюшту. Бир жылдары “балам, өз ата-энең менен да жашап көр” деп белек-бечкегимди берип Сокулуктагы ата-энесиникине жибергем, бирок бир жумадан кийин “ата, балдар силерди сагынып кетти” деп келип алышты. Биз да ага аябай көнүп калган экенбиз. Көп жыл чогуу жашаганга аны өз баламдай эле көрчүмүн. Кызым экөөнүн 3 баласы бар, кызым кош бойлуу. Минтип күйөө балам мыкаачылык менен өлтүрүлүп, кызым балдары менен жесир калды. Алардын убалы кимге эми? Биз дале өзүбүзгө келе элекпиз, кылмышка шектүү жигиттердин ата-эне, жакындары, мугалимдери келебиз дешкен экен, “келбегиле” деп токтотуп койдум. Биздин жактоочубузга шектүүлөрдү “жаман балдар эмес болчу, мектепте жакшы окуган” деп мактаптыр. Адам өлтүрүүгө шектелген балдарды кантип, кайсы бети менен макташат?!

“ОШОЛ КАРГАШАЛУУ КҮНҮ ЖУМУШЧУЛАРГА АЙЛЫК БЕРМЕК ЭКЕН”

– Күйөө балам устачылык кылып, курулушта иштеп үй-бүлөсүн бакчу. Жылдыз деген эжесинин Бишкектеги үйүн оңдоп берип, кылган иши жагып калганбы, айтор, ал “жоопкерчиликтүү, жакшы иштейт экенсиң, Ысык-Көлдө пансионат куруп жатам, ошого баш-көз болуп бер” деп Ысык-Көлгө чакырган экен. 2022-жылдын октябрь айынан бери Тамчы айылында ошол адамдын пансионатында прораб болуп иштеп жаткан. Жумасына эки жолу үй-бүлөсүнө келип турчу. Кызымдын айтымында, күйөө балам айлык алчу эмес, анткени Жылдыз эжеси “бекер иштеп бер, эмгек акыңа коттедж берем” деген экен. Ошол каргашалуу 13-март күнү кызым “ата, Нурбек бүгүн жумушчулардын айлыгын берет экен, анан үйгө да келип кетем деди” деп калды. Канча акчасы болгонун билбейбиз, каза болгондон кийин жанынан акча тапкан жокпуз. 14-март күнү кызым күйөө балама телефон чалса албайт. “Нурбек телефонду албай жатат” деп мага да чалган. Эртеси, 15-март күнү, күйөө баламды издей баштадык. Мен “Жылдыз эжесине айт, балким, ошол бир жакка жумшап жибергендир” дедим. Бирок ал билбейт экен. Милицияга чалайын десе эжекеси “коё турчу, балким, келип калар” деген экен. 15-март күнү түштөн кийин Бишкектеги үйүбүзгө милиция кызматкерлери издеп барышат. Алар кызымдын кош бойлуу экенин көрүшүп, мага чалышыптыр. “Байке, моргго келе калыңыз, жаман иш болуп кетти. Кызыңыз кош бойлуу экен, угуза албай жатабыз” дегенде эле жүрөгүм шуу дей түштү.

“СӨӨКТӨРҮ ШАЛАКТАП КАЛЫПТЫР ДЕШТИ”

– Өлүк сактоочу жайга кирсем бети-башы шишиген бирөө жатат, Нурбекке такыр окшоштура албай койдум. Ал жерге 3 жолу кирип чыктым. Аягында колундагы тырыгын сүрөткө тартып апасына, досторуна жөнөттүм. Алар “окшош экен” деп коюшту. Кызыма сүрөтүн жөнөткөндө дароо тааныды. Өзүм Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген врачымын, Улуттук госпиталда бөлүм башчы болуп иштейм. Мындай мыкаачылык менен өлтүргүдөй биздин бала айыпталуучуларга эмне кылды деп таңмын. Буюртма болушу да ыктымал, анткени ошол күнү жанында чоң акча болушу мүмкүн. Тырмагынын түбүнө чейин топурак экен, байкуш балам жан талашып жер тытмалаганбы, ким билсин? Бутунда жиптин изи турат, жип менен байлап жерге сүйрөгөн же бутунан асып алып сабаганбы, айтор, көк ала. Сөөгүн жууган врачтар “сөөктөрү шалактап калыптыр, соо сөөгү калбаптыр” деп айтышты. Жөнөкөй адам мынчалык кылбайт эле. Күйөө балам деле спорт менен машыккан тың жигит болчу, 1-2 баланы жөн эле жыга чапмак. Булар көптөшкөн. Шектүүлөрдүн биринин ата-энеси “балабыздын кылмышка тиешеси жок, маркум суу сураганда суу алып барып бериптир” дейт. Ошондо “келгиле, эл-журт, бул жакта бирөөнү өлтүрө сабап жатышат” деп койбойбу? Кылмышты жашырганы үчүн да жоопкерчилиги бар. Алардын 4 баласы абакта отурса, менин 4 неберем атасыз жетим калды! Күнөөлүүлөрдүн мыйзам чегинде жазага тартылышын талап кылабыз.

Ысык-Көл ОИИБи: “4 ЖАРАН КАРМАЛЫП, КАМАККА АЛЫНДЫ”

– 14-март күнү Ысык-Көл РИИБине Балыкчы-Каракол жолунун боюнда, Өрнөк айылына жакын жерде белгисиз адамдын денеси табылгандыгы тууралуу жергиликтүү тургундардан билдирүү келип түшкөн. Түшкөн маалымат боюнча окуя болгон жерге Ысык-Көл РИИБинин ыкчам-тергөө тобунун кызматкерлери жана жетекчилиги дароо барышкан. Текшерүү учурунда эстакаданын жанынан 30-35 жаш курактагы эркек адамдын киши колдуу болгон жансыз денеси табылган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө каза болгон адам Ысык-Көл районунун Тамчы айылында курулушта убактылуу иштеген Бишкек шаарынын 37 жаштагы тургуну Ч.Н. болуп чыкты. Ал эми шектүү катары 4 жаран кармалды, алар Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылынын тургундары 27 жаштагы И.Б., 28 жаштагы К.Ж., 24 жаштагы Ж.А. жана 28 жаштагы К.К. Алдын ала суракта шектүү катары кармалган жарандар аталган кылмыш боюнча күнөөлөрүн толугу менен моюнга алышты. Шектүүлөрдүн айтымында, маркум менен 27 жаштагы И.Бнын ортосунда жеке пикир келишпестик жаралган. Натыйжада 13-март күнү И.Б. достору менен Ч.Нны чакырып, автоунаа менен Өрнөк айылына алып барып сабап өлтүрүшкөн. Азыркы учурда териштирүү иштери уланууда.

Окуядагы экинчи тараптын да пикирин угуу максатында кылмышка шектүүлөрдүн биринин ата-энесине байланышканыбызда “биздин да айтчу көп сөздөрүбүз, өз чындыгыбыз бар. Бирок азыр сот иштери белгиленип, тергөө бүтө элек. Бардык ата-энелер ыйлап, сыздап турабыз, макалаңар чыкса биздин балдарга эле кыйын болот” деп, бул окуя боюнча макала жарыялабоону талап кылды.

Редакция эки тарапты тең угууга даяр. Ал эми чечимди сот гана кабыл алат. Тергөө, сот иштери адилеттүү жүрсө, чыныгы күнөөлүүлөр жазаланып, өлкөбүздө ушундай кылмыштардын, жетим, жесир калгандардын саны азайса деген гана тилек.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1060, 31-март - 6-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан