КАЛДЫК САКТООЧУ ЖАЙЛАР ҮЧҮН ОРУСИЯДАН 2,2 МИЛЛИАРД РУБЛЬ АЛЫНАТ

Орусиянын “Росатом” компаниясы 5 калдык сактоочу жайды калыбына келтирүүгө 2,2 миллиард рубль бергени жатат. Бул тууралуу 29-мартта өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов маалымдады.

Бул каражатка адегенде Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айылындагы, Нарын облусунун Миң-Куш аймагындагы калдык сактоочу жайларды калыбына келтирүү иштери жүрөт. Быйылкы жылдын аягына чейин калган 3 калдык сактоочу жайдын маселесин чечип, андан ары да Кыргызстандын аймагындагы андай жайларды зыянсыздандыруу иштерин улантуу пландалып жатканын айтат чиновник. Аталган жайлардан тышкары Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы калдык сактоочу жайларды калыбына келтирүү максаты бар экени айтылды.

ӨКМдин маалыматына таянсак, Кыргызстанда зыяндуу заттар көмүлгөн 92 жай бар. Алардын 36сы Майлуу-Суу шаарында жайгашкан. 23 жайдагы калдыктар өзүнө уранды камтыйт, калгандары оор металл, цианид жана башкалар. Жалпы зыяндуу жана коркунучтуу калдыктардын көлөмү 2,9 миллион метр куб.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1060, 31-март - 6-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан