УНААНЫ МИЛДЕТТҮҮ КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТАЛАБЫ 2024-ЖЫЛГА ЖЫЛДЫ

Кыргызстанда милдеттүү камсыздандыруу полиси жок автоунаалардын ээлерине айып пул салуу дагы 1 жылга жылды. Тийиштүү токтом Министрлер кабинети тарабынан кабыл алынды. Камсыздандыруу полиси жок жеке жактар 2024-жылдын 1-январынан тарта айыпка жыгыла баштайт. Ал эми юридикалык жактарга катталган автоунаалардын, анын ичинде мамлекеттик органдардын автоунааларынын камсыздандыруу полиси жок болсо үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта айып салына баштайт. Ошондой эле башка мамлекетте катталган унаалар үчүн да айып салуу нормасы быйыл 1-апрелден тарта иштейт. Унаанын камсыздандыруу полиси бар же жок экенин Жол кыймылынын коопсуздугун тескеген органдын кызматкерлери текшерип, жок болсо чара көрүүгө укуктуу.

Айта кетсек, милдеттүү камсыздандыруу полиси жок бардык автоунаалар үчүн айып салуу нормасы ушул жылдын 1-апрелинен тарта иштеши керек болчу. Коомчулукта нааразычылык жаралгандан улам артка жылдырылды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1060, 31-март - 6-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан