Жумуртка – даамдуу, арзан, тоюмдуу жана пайдалуу азык. Көптөгөн азык-түлүктүн курамында бар. Күнүмдүк турмушта кеңири колдонуп жүргөн тоок, бөдөнө, каз, өрдөк, үндүк жана төө куштун жумурткасынын пайда-зыяны тууралуу билип алыңыз.
ЖАЛПЫ ПАЙДАСЫ
Тоок, бөдөнө, каз, өрдөк, үндүк, төө куштун жумурткасынын курамында белок (агында), май, углевод, суу, глюкоза, ферменттер,
B тобундагы витаминдер, кычкылдар, натрий, калий, магний, кальций, цинк, бор, ванадий, холин, кремний, фосфор, темир, холестерин (сарысында) жана башкалар бар. Белок – бул протеин. Андыктан жумуртканы көп колдонуу нерв системинин, жүрөктүн, ашказан-ичегинин иштешин жана зат алмашууну жакшыртат, иммунитетти көтөрөт. Сөөк, тырмак, чач жана тишти бекемдейт.
НЕГИЗГИ ЗЫЯНЫ
• Бөдөнөдөн башка канаттуулардын жумурткасынын сарысында май жана холестерин көп болгондуктан көп жей берүү адамды семиртет. Атеросклероз оорусун да жаратат.
• Жумуртканын кабыгына канаттуунун заңына кошо сальмонелла бактериясы жугуп калышы мүмкүн. Чийки ичкенде же чала бышырып жегенде бактерия организмге кирип, сальмонеллёз (ичеги оорусу)оорусун жаратат. Андыктан жумуртканы бышырып гана жеш сунушталат.
• Чийки жумуртка организмге абдан кеч сиңет. Өнөкөт оорусу барлар жумуртканы ашыкча жебегени жакшы.
• Тооктун жумурткасы айрымдарда аллергия жаратат.ТООКТУКУ...
• Калориялуулугу – 100 граммда 155 килокалорий бар. 100 грамм жумуртка 250 миллилитр сүттүн, 50 грамм эттин ордун алмаштырат.
• Курамындагы холин организмдеги май, холестериндин деңгээли бир калыпта турушуна салым кошот.
• Лецитин мээнин кан менен жабдылышын, эс-тутумду жакшыртат. Склероздун алдын алат.
• Жумуртканын агы холестеринден арылтып, булчуңдарды чыңдайт. БӨДӨНӨНҮКҮ...
• Калориялуулугу – 100 граммда 153 килокалорий. Диеталык азык, аллергия жаратпайт.
• Тооктун жумурткасына салыштырмалуу B1, B2 витаминдери 2 эсе, калий 5 эсе, темир 4,5 эсе көп.
• Эркектин бел кубатын көтөрөт. Аялдарда эмчек рагынын, эркектерде жыныстык жактан шалдыктын алдын алат.
• Денедеги уулуу заттарды чыгарат. Ушул себептүү Япониянын 2 шаарына атомдук бомба түшкөндөн кийин окумуштуулар элге бөдөнөнүн жумурткасын көп колдонууну сунушташкан
• Дерматит, конъюнктивит ооруларынын алдын алат жана эс-тутумду жакшыртат.ҮНДҮКТҮКҮ...
• Калориялуулугу – 100 граммда 165 килокалорий. Эмне үчүн үндүктүн жумурткасы күнүмдүк турмушта аз колдонулат? Анткени ал тоокко караганда аз тууйт, тооктукундай кол жетерлик эмес.
• Курамында цинк жана темир көп. Цинк урук чыктагыч бездин иштешин жакшыртса, темир организмдин кычкылтек менен камсыздалышы үчүн зарыл.
• Андагы йод – калкан сымал безди жана организмдеги зат алмашууну жакшыртат, жез – сөөктүн өсүшүнө салым кошот.
• Жумурткасынын агы жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алууда көмөкчү.
• Кальций балдарда итийдин, карыларда остеопороздун алдын алат.ӨРДӨКТҮКҮ...
• Калориялуулугу – 100 граммда 184 килокалорий. Башкачараак даамы жана жыты болгондуктан күнүмдүк турмушта аз колдонулат.
• 1 жумурткада 4 микрограмм B12 витамини бар. Селен да көп. Булар аз кандуулуктун алдын алат.
• Курамындагы фолий кычкылы кош бойлуу аялдар үчүн маанилүү. Ичтеги түйүлдүктүн майып төрөлүшүнүн алдын алат. Эркектерде сперматозоиддин көбүрөөк бөлүнүп чыгышына көмөктөшөт.КАЗДЫКЫ...
• Калориялуулугу – 100 граммда 180 килокалорий. Башкачараак даамы жана жыты болгондуктан күнүмдүк турмушта аз колдонулат.
• Антиоксиданттарга бай. Жүрөк-кан тамыр системинин иштешин жакшыртат.
• Курамындагы лютеин эрте картаюунун алдын алат.
• A,B, E, D, K витаминдери жана микроэлементтер көрүүнү жакшыртат, гормондордун өз деңгээлинде бөлүнүп чыгышын шарттайт. Кан тамырларды тазалайт, боордогу ууларды чыгарат.ТӨӨ КУШТУКУ...
• Калориялуулугу – 100 граммда 118 килокалорий. Өлкөбүздө күнүмдүк турмушта кеңири болбосо да колдонулуп жүрөт.
• Тооктун жумурткасына салыштырмалуу сарысында холестерин жана май аз.
• Курамында A, B, E витаминдеринин өлчөмү, микроэлементтер көп. Андыктан көрүүнү, жүрөктүн иштешин, теринин өңүн жакшыртат.
Канымжан Усупбекова