ТУУГАНДЫК КАТЫШ КАНДАЙ БОЛУШУ КЕРЕК?

Адамдын жашоосунун негизи – туугандык катыш. Кыргызда “киши менен кишисиң”, “атадан алтоо болсо да, катташпаса жат болот” деген сонун, терең маанини камтыган макал-лакаптар бар. Туура, тирүүлүктө жакындар менен катташып, кабарлашып туруу керек, атүгүл зарыл. “Бирок” дешет айрым эксперттер. Туугандык катыштар салттуулугун бузуп, коммерциялык максатты көздөп, туугандык мамилелер сооданын принциптерине ыктап баратат дешет. Чындыгы барбы? Накта туугандык мамиле мурда кандай эле, кандай болушу керек?

Абдыкерим Муратов, педогогика илимдеринин доктору, профессор: “Туугандык катыш деформацияга учуроодо”

– Кыргыздар байыртан эле туугандык мамилеге абдан маани беришет. Жоокердик заманда болобу, кийинки Совет доорунда болобу бир туугандар бири-бири үчүн жан берүүгө даяр болгону тарыхый, адабий чыгармаларда кеңири сүрөттөлөт. Мисалы, “Жаныш, Байыш” эпосундагы эки бир тууган бири-бирин колдоп, бирге согуштук аракеттерди жүргүзөт. “Эр Табылдыда” Эр Табылдынын карындашы Карлыгач агасы үчүн андан кем калбаган эрдиктерди көрсөтөт.

Бир туугандык колдоо, күйүмдүүлүк сыяктуу башка улуттарда жок сапаттар кыргызда сакталып калган. Үй курам десең ашар жолу менен бүтүрө калышып, үйдөн өзүнчө бөлүнүп чыгып жаткан тууганына энчилеп мал беришкен. Жакшылык-жамандыкта ар тараптан көтөрүп кетишкен. Азыр ошол жакындык, мамилелер миграциянын, илим-техниканын өнүккөнүнө, жашоо-шарттын өзгөрүп жатканына байланыштуу солгундап бараткандай. Бир туугандардын балдары бири-бирин тааныбай жатышат, бул – тууганчылык мамиленин деформацияга учурашы.

“Мурун чөнтөккө кол салып эле ал-жай сурашкан”

– Туугандык мамилени учурда коммерцияга же бизнеске айлантып алгандайбыз. Той-топурга же эс алууга баруу, баары каражатка барып такалууда. Туугандардын арасында колунда жогу да болушу мүмкүн, ушундан улам жакындардын ортосунда таарыныч, бет карашпоо, чыр чыккан учурлар бар. Жардамды, камкордукту акча менен гана ченеген туура эмес. Мындай мамиленин түбү жогорудагы көйгөйлөргө алып барат. Мурун туугандар бири-бириникине жөн гана ал-жайын, ден соолугун сурап колун чөнтөккө салып эле киришчү. Азыр баштык же конверт көтөрмөйүнчө барышпайт. Мурдагылар жакшы ой менен кирсе, азыр бири-бирин аңдышып, сынашып кирип калган учурлар кездешүүдө.

Ата-энени да карыганда “сен кичүүсүсүң, сен улуусусуң, сенин материалдык абалың жакшы, сен кара" деп туугандар арасында түрткүнчүк кылгандар бар. Булардын баары келип тарбияга такалат. Коом кандай болуп өзгөрүп жатса да, кыргыздын түпкүлүгү бийик тарбиябызга, салт-санаабызга ылайыкташтырып туугандык мамилени жандантышыбыз шарт. Бала бакчадан, мектептен, үйдөн балага жакшы тарбия беришибиз зарыл. “Бир туугандын өзү таарынса да, боору таарынбайт” деген сөздү жан дүйнөсүнө кыттай уютуп, туугандык ысык, жылуу мамиле кандай болоруна алгач өзүбүз үлгү болсок. Бири-биринин жакшылык-жамандыгында тикесинен тик туруп, колдон келген жардамды аябасак эле балдарда бир туугандык сезимдер чыңалат, балдардан неберелерге өтүп сакталат.

Светлана Шералиева, психолог: “Тууганды тандай албайбыз, бирок катышты өзүбүз тандап алсак болот”

– Абрахам Маслоу деген америкалык психологдун “муктаждыктардын пирамидасы” деген схемасы бар. Анда адамдын коомго кошулушу, анын бир бөлүгү болушу маанилүү муктаждык деп белгиленген. Коомду үй-бүлөдөн сырткары жоро-жолдош, кесиптеш, кошуна сыяктуу айлана-чөйрө түзөт. Булар адамда болсо адам өзүн коопсуз сезет. Ошондуктан адамга туугандын, катыштын орду чоң жана керек. Бирок “Алыбек алына жараша” дегендей, баары чеги менен болгону жакшы. Тууганды биз тандай албайбыз, бирок катышты аң сезимдүү түрдө, өзүбүз тандап алсак болот. Кээде аша чаап катыш күтүп, тапканыбыздын көбүн ошол жакка коротуп жатабыз. Негизи, ири материалдык чыгымдарды алып келген айрым катыштардан айланып эле өткөн жакшы. Кээде адам өзү жакшы тааныбаган эле тууганынын иш-чарасына барыш керек болот. Туугандык байланышы болгону үчүн гана. Мындай катыш, мамиле формалдуу гана мүнөзгө ээ. Мисалы, тайке-жээн же уруулаш деп гана кабыл алынып, өң тааныш гана болбосо, ортодо көбүнчө жылуу сезим деле болбойт. Катышы көп адамдар көпчүлүк учурда “эл эмне дейт” деп жашап, өз оюн сыйлай беришпейт, өзүнө ишенимдүүлүгү төмөн болот.

“Бир туугандык сезимди бала чактан калыптандыруу кажет”

– Туугандык мамиле деле адамдын кичине кезинен калыптанат. Кийин бир туугандардын ортосунда кандай гана таарыныч, кек сактоо, көрө албастык болсо, демек, алар кичине кезинде таарыныч, өзүн-өзү баалабоо, жоопкерчиликтүү мамиленин жоктугу сыяктуу сезимдер менен чоңоюшкан. Ошол сезимдер көңүл түпкүрүндө калган болот. Мисалы, ата-эне балдар кичинесинде улуусуна жоопкерчилик үйүп, кичүүлөрүн ага табыштап, көпчүлүк учурда улуусун күнөөлөп тарбиялайт. Чоңойгондо деле ал көрүнүш сакталып калат да, кичүүлөрү улуусуна жүк артып, улуусу анын азабын тартып көнүп алышат. Ошондуктан ата-эне балдарына улуу-кичүү дебей бирдей мамиле кылууга, бирдей жоопкерчилик артууга, өз алдынча болуусуна далалат кылганы жакшы. Ата-эне бири-бири менен урушпай маселе чечип балдарга өздөрү үлгү болушу керек. Ошондо гана чоңойгондо да бир туугандар ортосунда көп таарыныч, кек сактоо, көрө албастык жаралбайт, өз маселелерин өздөрү чечүүгө аракет кылышат.

“Учурдагы таарынычтардын көбү материалдык жагдайга байланыштуу”

– Азыркы учурда туугандардын арасындагы таарыныч көбүнчө материалдык жагдайга байланыштуу болууда. Мага жакшы жоолук салбай койду, устуканды туура эмес тартып коюшту, мен ага алып баргандай баадагы нерсе алып келген жок, айта берсе көп. Адамдын аң сезимдүү ой жүгүртүүсү төмөн учурда ушундай нааразычылыктар пайда болот. “Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу” дегендей эле, адам күн сайын өсүшү керек, бардык жагдайларга аң сезимдүү мамиле кылууга көнүшү зарыл. Эгер туугандардын арасында таарынычтар пайда болсо, демек, алар жогоруда айткандай, балалык сезимдеринде калган көйгөйлөрдөн болушу мүмкүн. Аны жеңүү үчүн адам өзүнө-өзү анализ жүргүзүп же психолог менен иштешиши керек.


Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1060, 31-март - 6-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан