БИР ҮЙДҮН БАКТЫСЫН АЧКАН ЖАЛГЫЗ УЙ

Адам баласына ар дайым бир нерсе жетишпей жаткандай сезиле берет эмеспи. Качан болбосун жашообузга нааразы болуп, наалып-напчый беребиз. Ыраазы болгонумдан нааразы болгонум көбөйгөндө жашоомдогу бир учур эсиме келет. Бул учур мени дайыма жөнгө салып турат. Барга шүгүр кылып, ар бир мүмкүнчүлүк үчүн Жаратканга ыраазы болууга, каниет кылууга үндөйт. Ал кезде мен 3-класста окуган кыз элем. Анда азыркыдай кененчилик заман эмес. Нан, чайга курсагыбыз тойсо – башка эңсээрибиз деле жок болчу. Көп нерсенин баркы бар эле. Короодо жалгыз саан уюң болсо, кишилер сени менен эсептеше турган мезгил болчу. Себеби коңшу-колоңду сүт менен камсыздайсың. Азыркыдай сатат элем дебей, бекер берип, өңгөгө деле, өзүбүзгө деле кенен жетчү. Биздин дагы Кумайык деген бир итибиз, сынык мүйүз бир уюбуз бар эле. Ушулар биздин байлыгыбыз болчу. Уйду кезүүдөн тосуп келген мага абдан жагар эле. Күүгүм болуп күн бата жаздап калганда айылдагы балдар чогулуп алып уйлардын келер жолун тоскону барабыз. Ар кимибиз өзүбүздүн уюбузду таап жетектеп үйгө айдап жөнөйбүз. Мени дайыма Кумайык жандап алчу. Кумайык ушунчалык ойноок, короочу ит болуп чоңойгон. Баары анын короочулугуна суктанчу.

Катардагы күндөрдүн биринде апам сүттү иритип быштак кылып сонун оромо жасады. Баарыбыз дасторконго отуруп, божурашып тамактандык. Мен адаттагыдай алдыма келген оромодон арттырып кала баштадым. Аны байкап калган апам:

– И-и, сен дагы баягыңды баштадыңбы? Итиңди ойлобой, биринчи өзүңдүн курсагыңды тойгузсаң боло.

– Апа, менин курсагым тойду. Кумайыкка бир аз берип коёюнчу. Ал дагы даамдуу тамак жеп алсын.

– Ал жана эле тамагын ичкен. Обу жоктонбой жөн же тамагыңды.

– Апа, сиздин оромоңуз абдан даамдуу да, ал деле бир жеп алсынчы,- деп апамды эптеп көндүрүп, биртке оромону көтөрүп, Кумайыкты көздөй жөнөдүм. Мен ал ит менен ар нерсени сүйлөшө берчүмүн, азыр да эсимде. Кээде мугалим үйдөн жаттап кел деген ырларды биринчи Кумайыкка айтып берчүмүн. Тамактын жытын сезген Кумайык шыйпаңдап жаныма жетип келди. Бир заматта оромону сугунуп жиберип дагы да болсо дегенсип жаланып туруп калды.

– Оюңду түшүнүп турам, апам уруксат берсе көп эле алып чыкмакмын. Кейибечи, баары уктаганда алып чыгып берем,- деп Кумайыкты соороттум. Ага убада бергеним менен, кечке ойноп жүрүп чарчаган мен баарынан биринчи уйкуга кетипмин. Түн бир оокумда кобур-собурдан улам ойгонуп кеттим. Апам ширеңке издеп чырак күйгүздү. Атам Кумайыктын идишине сүт куйдуруп жатты. Көзүмдү ушалап уйку-соонун ортосунда дендароо болуп турам. Экөө шашыла сыртка чыгып кетти. Кумайыктын кыңшылаган үнү угулду. Сыртка чуркап чыктым. Байкушум, жер тытмалап, ооналактап жатыптыр. Атам алып барган сүттөн бир аз ичип тынч ала түштү.

– Ата, Кумайыкка эмне болду?

– Болду, үйгө кир, курсагы ачып калыптыр,- деп койду. Мен ага ишендим, сүт берип жатканы үчүн атам менен апама ыраазы болуп кудуңдап келип төшөгүмө жатып калдым.

Бул түндүн таңы мен үчүн өтө кайгылуу атты. Кумайык өлүп калыптыр. Жерде оозу ачылып жаткан итимди көрүп көзүмдөн мончок жаштар куюлуп жатты. Чай ичкени да дасторконго отурган жокмун.

– Саку, ыйлабачы мен сага таякеңдикинен күчүк алып келип берем. Ал деле бат эле чоңоёт,- деп атам мени соорото албай убара. Акыры атам итти таарга салып көтөрүп мени ээрчитип алып талаага жөнөдү. Жер казып сүйүктүү Кумайыгымды көмүп келдик. Бул күн мен үчүн өтө оор күн болду. Кумайыктын эмнеге өлүп калганын түшүнө албай кыйналдым. Ошентип кайрадан түн кирди. Жалгыз уктагым келбей, атам менен апамдын жанына жаттым.

– Короодо уй жок,- деген апамдын ачуу үнү үйдү жарып кетчүдөй чыкты.

– Эмне дейсиң? Бошонуп кеткен жокпу?- атам ордунан ыргып туруп күрмөсүн жонуна салып сыртка чыкты.

– Сынык мүйүз... Мен дагы төшөктөн туруп эле сыртка жөнөдүм.

– Жип кесилиптир, бошонсо жип калмак же толук чечилмек. Ууру эле алды,- деди атам.

– Апам ыйлады, ага кошулуп мен ыйладым. Бир кезде курсагы ачкан музоосу тынбай мөөрөй баштады. Ал байкуш кайдан билсин энесин ууру алып кеткенин... Кошуналар чогулуп, милиция кызматкерлери келишти. Бул күнү биз жашаган аймакта мал базар болор эле. Атам бир милиция кызматкерин ээрчип мал базарга жөнөдү. Кудайдан “сынык мүйүздү бизге табышчы” деп суранып жаттым. Бирок атам кечинде ую жок эле оор үшкүрүнүп кайтып келди.

– Ким кылса да, Кудай жазаңарды берсин. Кумайык бекер өлбөптүр да. Итке дары берип көзүн тазалоо уурулардын чабуулу турбайбы. Муну билгенде уйдун жанына жатпайт белем,- деп атам ачууланып жатты.

– Колуна шал тийгир, кимиси алып кетти? Эми кантип күн көрөбүз? Болгон ырыстуу аш-катыгыбыздан айрылбадыкпы,- апам идиштин түбүндө калган сүттү мага куюп берип, өзү карандай чай ууртап кейип отурду. Ошентип сүт чай, айран, сүзмө, курут, каймак, май, быштак, айтор, көп түрдүү күнүмдүк аш-катыгыбыздан кол жууп калдык. Үмүт үзүлбөйт экен, милиция кызматкерлери уюбузду качан жетелеп келип калышар экен деп күтүп жүрдүм. Бирок уй эмес, өздөрү да келген жок. “Уурулар ую көптөрдүкүн уурдаса болбойт беле, биздин жалгыз уюбузду уурдабай” деп жиним келчү. Ошентип мурун биз кошуналарга сүт берсек, эми өзүбүз ар кимден сүт сурап калдык. Айранды кенен ичип көнгөн жаным аябай эңсеп жүрдүм. Бирөөгө короо тазалашып айран сурап ичкен күндөрүм болду. Ошол кезде “чоңойгондо иштеп үйгө көп уй алып берем” деп ойлончумун. Уйсуз калгандан кийин атам да, апам да айылдагы колунда бар кишилердин колунда иштей башташты. Мен да апамды ээрчип жардам берип жүрчүмүн. Ата-энем аз-аздан акча чогулта баштады. Бул учурда сынык мүйүздүн торпогу менен Кумайыктын ордуна келген кичинекей Киреше акырындык менен чоңоюп жатты. Кийинки жылы ата-энем тапкан акчасын чогултуп, музоону сатып, топтолгон акчага бир музоолуу уй алып келишти. Баарыбыз сүйүндүк. Уйдун мөөрөгөн үнү чыгып, корообуз баягыдай ээнсиребей калды. Бул уй акжолтой болду. Анын артынан үйгө көп мал келди, кененчилик жашоо башталды. Кийин киреше деген сөздүн маанисин түшүнгөндө итке ырас эле Киреше деп ат койгон турбайбызбы деп жоруп койдум.

Азыр ал учурга салыштырмалуу көпчүлүгүбүздүн жашообуз жакшы. Ага карабай эле жашоону баалабай, бар нерсеге ыраазы болгонду унутуп, жашоонун көп бөлүгүн өкүнүч менен өткөрө берет экенбиз. Байкап көрсөк, биз аткан таңды ыраазы болуу менен эмес, “бул иш эмне болот? Тигил жакка барыш керек” деп шашып, кыжаалатчылык менен тосуп алып жатабыз. Демек, ал күнкү маанайыбыз да ошого жараша болот. Бар нерсеге ыраазы болгон сайын Кудай бизге андан чоңун берерин эч качан унутпашыбыз керек. Себеби барчылык да, жокчулук да – сыноо.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1060, 31-март - 6-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан