ИСЛАМ МАХАЧЕВ

Дагестан – профессионал мушкерлердин өлкөсү деген пикирлердин бир далили – 31 жаштагы мушкер Ислам Махачев. Ал UFC уюмунун жеңил салмак категориясы боюнча учурдагы чемпиону.

Толук аты-жөнү – Махачев Ислам Рамазанович

Туулган жылы, күнү – 1991-жыл, 27-октябрь

Бою – 178 сантиметр

Салмак категориясы – жеңил жана орто

Машыктыруучусу – Хавьер Мендес

Карьерасында 25 беттеш өткөргөн. Анын 24үндө жеңишке жетип,
1 жолу жеңилген.

СПОРТКО АТАСЫ АЛЫП КЕЛГЕН

Чыныгы кавказдык жигиттерге таандык мүнөз бул мушкерде да бар. Өзү жөнүндө көп маалымат бербейт, ким экенин иш-аракеттери менен далилдеп келет. Ошондуктан интернет желесинде бул мушкер тууралуу маалымат дээрлик жокко эсе.

Атасы Рамазан спортко кызыккандыктан балдарын кичине кезинде эле спортко берген. Өзү болсо дыйканчылык кылып тиричилик өткөрчү. Мушкердин апасы болсо үй кожойкеси.

Ислам бала кезинен машыгууларды берилүү менен жасап, алгач ушу-саньда, эркин күрөш, дзюдо менен алектенип жүрүп, кийин самбого келген.

ХАБИБДИН АТАСЫНЫН КӨРӨГӨЧТҮГҮ

Бактысына Дагестандагы белгилүү спортчулардын бири Абубакар Нурмагомедов менен бир гимназияда бир класста чогуу окуп калат. Кийин машыгуу залына да бирге барып жүрүп, ал жерден атактуу мушкер Хабиб Нурмагомедовдун атасы Абдулманап Нурмагомедовдун көзүнө түшкөн. Махачевден бир нерсе чыгарын байкаган машыктыруучу аны өз көзөмөлүнө алган. Бул тууралуу мушкер 2022-жылы октябрда бразилиялык Чарльз Оливейраны жеңгенден кийин минтип эскерди:

"Мен залга жаңыдан келип, мушкер болууну ойлоно электе эле машыктыруучум мага ишеним көрсөткөн. Болбосо башкалардан өзгөчөлөнчү деле эмесмин. Ал болсо менин чемпион болорумду эскертип, жөн гана машыгуум керектигин айтчу. Мына бүгүн октагондо чемпиондукту багынтып жатып, ушул курду машыктыруучума таккым келди. Сиз жанымда болсоңуз, жеңиш мындан да маанилүү сезилмек".

КАРЬЕРАСЫНЫН БАШТАЛЫШЫ

Эрежесиз уруш боюнча профессионалдык рингге 2010-жылы келген Ислам беш күчтүү беттешин “M-1 Global” турниринде өткөргөн. Украиналык, тунистик жана бразилиялык мушкерлерди катарынан жеңет. Көп өтпөй ушул эле турнирде мекендеши Юрий Ивлевди утуп алса, андан кийин Санкт-Петербургда өткөн “M-1 Challenge 52” турниринде хорватиялык Ивица Трушчекти муунтуу ыкмасы менен жеңген.

Махачев самбодо да ийгиликтерге жетип, самбо боюнча Орусиянын жана Дүйнөнүн чемпиону аталган.

ТАГДЫРДЫ ӨЗГӨРТКӨН БЕТТЕШ

Эң кызыгы, ушул беттештен соң эки мушкердин спорттогу карьерасы такыр башка нукта өнүккөн. Махачев жалаң жеңиштерди багындыра баштаса, Адриану көбүнчө жеңилүү ызасын тартууга аргасыз болот. Адриану 5-жолку ийгиликсиз беттешинде атаандашынын көзүн чукуп салгандыктан спорттон четтетилген.

Дагы бир катуу сокку Махачевге антидопинг комиссиясы аны кийинки турнирге катышууга тыюу салынганда болгон. Махачев күнөөсүз экенин айтып, беттешти үзгүлтүккө учуратканы үчүн күйөрмандарынан кечирим сураган. Кийин мушкер күнөөсүз деп табылган. Тыюу салынган зат ал жүрөк оорусуна каршы ичкен дарынын курамында болгону аныкталган.

Бул окуядан соң октагонго кайткан Исламдын кезектеги беттеши дагы жеңиш менен аяктаган.

UFC`ге КАРАЙ ЖОЛ

Келечектеги чемпиондун UFC уюмундагы жүрүшү 2014-жылы башталды. Келишим түзгөндөн жарым жылдан кийин мушкер “UFC 187” турниринде дебют жасаган. Анда ал америкалык мушкер Лео Кунцту жеңип алган.

Бул беттештен кийин Ислам Махачевдин карьерасындагы алгачкы жеңилүүсү орун алат. Тагыраагы, 2015-жылы октябрда мушкер бразилиялык Адриану Мартинс менен кез келип, анда бразилиялык мушкер Махачевди беттештин биринчи бөлүгүндө эле нокаутка учураткан. Бул беттеште Исламды коштоп келген Хабиб Нурмагомедов нес болсо, анын атасы көзүнө жаш алган. Ал эми бразилиялык мушкер бул беттеш тууралуу буларды айткан: "Беттештин алдында Хабиб менен анын атасы мени карап күлүшкөн эле. Эмнеге күлүп жаткандарын түшүнгөн эмесмин. Бирок беттештен кийин Хабиб жаныма келип, жеңишим менен куттуктаган".

ЖАҢЫ МАШЫКТЫРУУЧУНУН КОЛУНДА

Кийин Махачев машыктыруучу Хавьер Мендестин колуна барган. Алгачкы машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов шакирти менен сыймыктанарын, Ислам ал машыктырган эң мыкты 3 мушкердин бири экенин айтканы бар.

UFC дүйнөсүндөгү уруштарды тынбай күзөтүп тургандар үчүн 2023-жылдын февраль айында укмуш беттеш болуп өттү. Анда Махачев менен мыкты мушкерлердин расмий рейтингинде лидер аталган австралиялык Александр Волкановски беттешти. Экөө тең мыкты болгондуктан жадакалса серепчилер да кимиси жеңишке жетерин алдын ала айта алышкан жок. 5 бөлүктөн турган оор беттеште Махачев калыстардын чечими менен жеңишке жетти. Ошентип Ислам Махачев жеңил салмак категориясында чемпиондук титулун сактап калды.

Бош убактысын мушкер тасма көрүү, балык уулоо жана компьютердик оюндарды ойноо менен өткөрөт. Спорттон футбол, эркин күрөш жана тоо лыжа спортуна кызыгат.

Ислам Махачев атактуу мушкер Хабиб Нурмагомедов менен ага-ини, достук, бир туугандык жылуу мамиледе. Расмий эмес экинчи машыктыруучу катары да беттештерге чыгарда дайыма жанында коштоп жүрөт. “Чынын айтыш керек, беттешке 2 ай убакыт калганда жаман тажатат. А бирок мээнетибиз кайтат, сага рахмат, улуу ага” деп Махачев Хабибге беттештен соң ыраазычылык билдирген жайы бар.

Турсунай Алымкулова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1060, 31-март - 6-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан