– Дайыр, саламатсызбы? Арыктайм деген кыялыңыз ишке ашыптыр...
– Ооба, пандемия учурунда аябай толуп кеттим. Сахна адамы болгон соң арыктап, өзүмдү карашым керек эле. Толук Дайыр жаккан жок. Анан диета кармай баштадым. Арыктатуучу эч нерсе ичкен жокмун, жөн гана тамагымды тыйдым. Суу гана ичип, аябай курсагым ачканда сабиз жеп турдум. Мындай режим менен бир жылдан ашык жашадым. Алсыздык жаралып, ден соолукка бир аз доо кетти. Бирок азыр жакшы. Анализдердин баарын тапшырып, кайра калыбыма келип алдым. 88 килограммга чейин толуп кеткен элем, учурда 68 килограммын. 75 килограммга чейин толсом идеалдуу болот, боюм 173 сантиметр.
– Ден соолукка зыян келтирип арыктаптырсыз да?..
– Башкалар арыктайбыз деп ар кандай арыктатуучу дарыларды ичип жатышпайбы. Алар кантип даярдалганын билбейбиз да. Тескерисинче, ошолор организмди жейт экен.
– Тамакты каалагандай жей албасаң жашоонун кызыгы кетип калбайт бекен?
– Жок, тескерисинче, толуп кеткенимде жашоонун кызыгы кетип калган. Сүрөт, видеого түшсөм былтыйып өзүмө жакпай... Бир клип тартсам өзүмө-өзүм жаман көрүнүп, аны чыгарбай койдум. Азыр сонун, бүгүнкү сиздер жасаган фотосессияны эле карасаңар, ушул сүрөттөрдү көрүп жашагың келет. Азыр кандай кийим кийсем да модель көрүнөм го өзүмчө эле. “Өзүн мактагандан өлөрчө кач” деп коёт беле (күлүп)? Абдан аракет кылдым, эми бир мактанып алайынчы. Баса, арыктатуучу дарыларды саткан компаниялар мага дарыларын жарнамалап берүүнү сунушташты. Напси деген бар да, акча таап алайын деп да ойлонуп кеттим. Жарнама кылып алып, бирок ал дарылар башкаларга жардам бербей, же организмине зыянын тийгизчү болсо каргышка мен эле калмакмын да. Ошондуктан баш тарттым.
– Азаматсыз. Учурда Тиктокто жылдыз болуп жатасыз. Ырчылар ушул жактан эле байып жатышат дешет...
– Тикток башка аалам, ал жактан жаңы аудитория түптөп жатам. Түз эфирге чыгып, элге ар кандай кызыктуу контент жаратып дегендей. Туура, акча да таап жатабыз. Бул эми катташ сыяктуу эле. Башкалар сага белек жөнөтөт, сен да кайра аларга жөнөтөсүң. Тиктокту жаман деп жатышпайбы, ал ошол жаман видеолорду көргөндөр үчүн жаман. Анткени кандай видеолорду көп көрсөң, баракчаңа ошондой видеолор чыгып турат. Мен ал жактан жалаң жакшы адамдарды таптым, достоштум.
Эл жөн эле белек ыргытып, сени карап отурбайт да. Шоу уюштуруш керек, артист болуп кызыктуу контент жаратуу шарт. Хейтерлер да көп. Бизди “элита кайырчылар”, “лөлүлөр” деп сындашат. “Сен ушинтип эфирге чыгып көрчү, сага бирөө бир гүл ыргытат бекен?” дейсиң анан ичиңден. Жумасына 1 миллион сомдон тапкандар бар. Мен көп дегенде 500 миң, анча эмес дегенде 100-200 миң сом таап жатам. Акыркы ырларымды ошол жактан тапкан акчага жаздырдым, клип тарттырдым. Ошол эле учурда мен да белектерди ыргытып турам. Миллионго жакын акча кайтардым.
– Акча табабыз деп туфли өрттөп, көйнөк кескилеген бир кызыктай жоруктарга да барып жатпайсыздарбы...
– Эл ошого кызыгып көрөт да. Ооба, Салтанаттын (ред.: ырчы Салтанат Шекенова) көйнөгүн кырктырдым. Ал кандай көйнөк, билесиңерби? Асты-үстү ачык, көйнөк деле эмес. Ооба, атырымды төктүм, ал менин атырым, колумдан түшүп деле сынып калышы мүмкүн болчу. Жагымдуу учурларды деле айтпайсыңарбы. Мисалы, 350 долларлык Apple саатымды көчөдө бараткан бир унааны токтотуп айдоочусуна белек кылдым. Салтанат Шекенова тагынып жүргөн алтын сөйкөсүн көчөдөн бирөөнү токтотуп “жубайыңызга белек кылып коюңуз” деп берди. Салтанатка “апаңа чалып, мен сени жакшы көрөм, сизге акча котором, эртең досторуңуз менен кафеге барып эс алып келиңиз де” деп буйрук бердим. Чалып мен айт дегенди айтса апасы да таң калды, Салтанаттын да ыйлагысы келди. Эфирди көргөндөр да ыраазычылыгын айтышты. Мен бир да жаман буйрук берген жокмун, жаман жорук кылбадым.
– Ошол дүйнөгө сүңгүп кеттиңиз окшойт. Ырларыңыз мурдагыдай деңгээлде чыкпай калды?
– Ырларым мен толуп кеткенден баштап мурдагыдай чыкпай калган (күлүп). Азыр сахнага жаңы чыккан Дайырдай болуп калбадымбы. Жакшы ырларды даярдап койдук, жакында сонун дуэт чыгат. Ким менен ырдаганымды айтпай турайын. Кымбат дуэт сатып алдык, “Айылдык кыз” деген сонун чыгарма чыгат. Ал да элге жагат, хит болот деп ишенем. Эми катуу иштеп баштайбыз.
– Байлык деген эмне сиз үчүн?
– Байлыкка көз карашым мурда башкача эле. Бир жылда жашоомдо өзгөрүүлөр болуп кетти. Чоң суммада, 100 миң доллардан ашык суммада алдамчылыкка дуушар болдум. Ошондон кийин көп нерсеге кызыкпай калдым. Мурда бат-бат эле кийим сатып ала берчүмүн, азыр кызыкпайм. Үй буюмдарына байланчумун, алар деле эч нерсе эмес экен. Мурда “байлык – менин бир туугандарым, жакындарым” дегенди жөн эле айта берчү экенмин. Азыр чын жүрөктөн айтам, байлык – менин апам, бир туугандарым, жакын адамдарым.
Перизат Музуратбекова