(Башы өткөн сандарда)
«Отурган кыз ордун табат» деп мындан ары да жашай берүү оюмда жок болчу, бирок оюмда үй-бүлөлүү адам да жок болчу. Аткарылбаган тилектерим, күттүрүп келбеген бакытым аз келгенсип, мындан аркы жашоомду да үй-бүлөсү бар адам менен кыйратып койгум келген жок. Артур да ушул ойлорумду билген кишидей болуп «неге мени менен мамиле күтүп жүрөсүң?» деди. «Билбейм, сени сүйүп калдым» дедим. Күлүмүш эттим. Бирок ал күлгөн жок.
– Сен сүйүүңдү да, өзүңдү да, келечектеги турмушуңду да жакшылап ойлонуп көр. Ушул убакка чейин жакшы жүргөн болсоң, демек, бир ойлогонуң, бир күткөнүң, бир планың бардыр. Жакшылап ойлон. Бул ойлончу маселе,- деди да, аялы экөөнүн бөлмөсүн мага бошотуп берип, өзү сырткы бөлмөгө чыгып кетти. Мен эжем менен жездемдин үйүнө конокко келген кишидей болуп алардын төшөгүнө жатып алдым. Эртерээк уктап калсам экен дейм улам. Эртерээк уктап калсам экен... Эртең менен ойгонуп сырткы бөлмөгө чыксам, ал ойгоо телефонун чукулап жатыптыр.
– Кутман таң,- деди.
– Кутман таң...
– Туулган күнүң менен!
– Рахмат.
Негедир сөзүбүз кыскарып, чечилип сүйлөшө албай калыптырбыз. «Туулган күнүмдө мунун жанында эмнем бар?» деп өзүмө-өзүм жиним келе баштады. Ал да мага бир нерсе үчүн жини келип жаткандай сезилди. Кечээ тааныш, жакын адамдардай элек, бүгүн таптакыр чоочун болуп калыптырбыз. Аңгыча эшик шыңгырады, мен чочуп кеттим. Аялы келип калдыбы деп чочуп кеттим. Мен андан аялы каякта экенин деле сураган эмесмин.
– Ачып коё аласыңбы?- деди ал мага. Өзү ордунан козголгон жок.
– Ким бул?
– Мен тамак буйрутма кылдым эле. «Эми таң атпай тамак жейби» дедим кыжырланып. Кыжырым менен эшикти ачтым. Бир бала турат, гүл көтөрүп. Аркамдан келип баланын колунан гүлдү алып, мага сунуп:
– Дагы бир жолу туулган күнүң менен!- деди. Кыжырым тарап кетти. Дароо тарап кетти... Туулган күнүм ушинтип башталды. Тамактанганы сыртка чыгып жатканбыз. Ваннага кирип чачымды тарадым. Күзгүнүн алдында туруп «боёнуп алсам болмок» деп ойлодум, косметикамды албаганымды эстедим. Жок дегенде кирпигиме тушь коюп койсом жакшы болмок. Столдун үстүндөгү косметикага көзүм түштү. Аялы көп боёнот окшойт, боёктун түрү турат. Бирден кармалап көрүп, аңтарып кирдим. Тушту таптым. Колдонсомбу, колдонбосомбу? Мени карап турган күзгүдөгү кыз «колдоно бер, күйөөсүн деле колдонуп жатпайсыңбы» деди. Түндө күйөөсүн «колдонбой» койгонумду эстедим. Күйөөсүн колдонгон жокмун да, аны сүйөм. Же сүйгөн да колдонгонго жатабы? Күйөөсүн колдонбогонум менен, үйүн, күзгүсүн, кружкасын, керебетин, каалгаларынын туткаларын колдондум. Дүйнөсүн колдондум. Анан кирпик боёгону келгенде эле өзүмдү ак сезип, так сезип, уятым, адамдыгым, тарбиям ойгонуп кетпедиби. Ваннадан атып чыктым. Унута турган нерселерим көбөйдү...
– Макмалдын тою улам жылып отуруп, сааты эми чыкты. Тоюн өткөрүп келдим. Той деп айтсам, чоң сүйлөп койгон болом. Ырымын жасап келдик десем болот. Ырынан чыры көп ырым болду... Айшат экөөбүз анын алдына эртең менен эле бардык. Шашпай чай ичтик. Сүйлөшүп отурдук. Макмал ыргылжың болуп калыптыр. «Тийип туура кылып жатамбы, мага күйөө керек беле, жөн эле эри жок төрөй берсем, мени ким чаап алмак эле, чоң эле аял болсом» деп сүйлөндү. «Мен эмне кылып жатам?» деп бизден сурайт. Айшат шак эле «күйөөгө тийип жатасың, жөнчү, ай! Тойду бузбай жөн отур» деп салды. Айшат озунуп кетпегенде мен ушул теманы уламакмын. «Эмне кылып жатасың? Мындан ары кантип жашайсың? Кандай пландарың бар? Эки уулуң эмне болот? Алар эмне дейт? Кандай кабыл алат?» деген суроолорду бермекмин, өзүм кошулуп баарын талдамакмын, балким, талдап отуруп, аны иренжитип үлгүрмөкмүн. Бирок Айшат озунуп кетти, «ичиңдеги бала менен каякка барасың? Эки баланы атасыз өстүргөнүң аз келгенсип, ичиңдегини да атасыз өстүрөйүн деп жатасыңбы? Алам деп жаткандан кийин тие бер да» деп салды. Дагы көп сөздөр сүйлөндү. «Жакпай калса ажырашып кетесиң да, эки баланы баккан жаның үч баланы бага албай калыпсыңбы?» дедим мен. Башка эмне дейин? Анан үчөөбүз отуруп алып жасандык. Макмалдын чачын жасап, көйнөктү кийгиздик. Күйөөнү күтө баштадык... Күйөө кечикти. Айткан сааттан бир саат кечикти, эки саат кечикти. «Баратам» дейт, бирок өзү жок. Макмалдын маанайы бузулду, маанайына кошулуп биз араң жасаган чачы да бузулду. Билбейм, чачы жакшы эле тургансыйт, бирок ал ачууланып ары-бери баскан сайын мага чачы саксайып көрүнө берди. Улам ары-бери басат, тынбай ага телефон чалат. Акыры экөө телефондон урушуп кетти. Кой десек болбой, Макмал ага айтчунун баарын айтып салды: «Сен мага эч ким эмессиң, көзүмө көрүнбө, жогол!»- деди. Анан отура калып боёгу агып, шыбалып калганча шолоктоп ыйлады. Соорото албай жүдөдүк. Эмне болгонун түшүнбөй жүдөдүк. Же «ал сага үйлөнгүсү келбей жатабы? Кыргызстанда бүлөсү бар бекен?» деп ачык сурай албайбыз. Айшатты билбейм, бирок менин башыма мындан башка собол келген жок.
Биз түшүнгүчө болбой күйөө эшиктен кирип келди. Кирип келип жадырап учурашып койсо, эч нерсе болбогонсуп кечирим сурап койсо, балким, уруш ошону менен токтомок. Ал анткен жок, эшиктен кирип келип эле, «эй, эмне болуп жатасың?!» деп кыйкырды. Бизди көзгө илген жок. Анан Макмал кыйкырды... Ушинтип кичинекей майрам чоң жаңжал менен башталды. Макмал анын «Эркектей болуп эч нерсе кылбаганын, анын арты менен адам болуп жүргөнүн, Москвага турсийчен келгенин, ал алып берген кийимдерди кийип, киши катарына кошулуп жүргөнүн» айтты. Мен ичимден «40 миңге куртка кийбей өл, эр болбой өл!» дедим дароо. Күйөө ага анын «тили жаман экенин, бул тил менен эч жерге батпасын, анын планында ага үйлөнүү такыр жок экенин, эптеп боюнда боло калып ага тийип алганы жатканын» айтты. Чаап жиберчүдөй болуп ага карай умтулду, Айшат экөөбүз ортого түштүк. Бири каргады, бири сөктү. Мен той бүттү деп ойлодум. Анан Макмал чыдабады окшойт, «сага эле ким тиейин деп туруптур, кет, көзүмө көрүнбөй жогол!» деди. Күйөө кеткен жок, бирок басаңдады. Экөө буга чейин деле ушинтип урушуп-талашып жашап келгенби, билбейм, бирок мага уруш биздин, Айшат экөөбүздүн айыбыздан чыккандай эле көрүндү. Ал бизди кетип калсын деп кечигип жүргөндөй, бизди кетип калсын деп бакырып, сөгүнүп жаткандай көрүндү. Эки аялды келбе же кет деп ачык айта албай, бүт жаман жагын, бүт ит кыялын алдыбызга төгүп берди. Ушуну биз көрбөсөк болмок. Айрыкча мен көрбөсөм болмок. Макмалды бактылуу жашап жатат деп элестетип жүрө бермекмин. Эптеп жараштырдык. Айшат жараштырды. Мен солдоюп эле турдум. Сооротумуш эткенден башкага жарабадым. Акыры тынчыгандан кийин кайра чач жасадык, кайра боёндук. Макмалдын көзү ыйлаганга шишип, кызарып, бүтүйүп калды, кандай боёсок деле ыйлаганы көрүнүп туруп алды.
– Эч нерсе эмес, кыз жыргаар жерине ыйлап барат,- деди Айшат.
– Жыргаар жерине «катын» деле ыйлап барат экен, бүгүн билдим,- дедим мен. Экөөбүз каткырдык. Макмал бизге кошулуп күлгөн болду, бирок өңү өзгөрө түштү. Экинчи жолу «жыргаар жерине» ыйлап баратат. Биринчисинен жолу болгон эмес. Ыйлап барса деле жолу болгон эмес. Ошонусун эстеп коркуп кетти окшойт... Анан үчөөбүз эч нерсе болбогонсуп, кафеге бардык. Күйөөнүн бир досу, молдо бизди кафеде күтүп отуруптур. Молдо нике окуду. Бизден 10 жаштай кичүү, чыканактай бала экен. Нике окуп бүткөндөн кийин бизге кыйла насаат айтты. Анын насаатынан тажап кеткен Айшат «куйбайсыңарбы, бул тойбу же эмне?» деди. Молдо шашып кетти, чыга качканы аргасыз болду. Аны кууп чыккандан кийин вино ичтик, сүйлөшүп отурдук, Макмалга бакыт кааладык, бир бийледик. Бирок ичибиз түпөйүл болуп кайттык. Мен анын эрин биротоло жаман көрүп үлгүрдүм. Ушинтип чоң жаңжал кичинекей майрам менен бүттү...
(Уландысы кийинки санда)