ИНТРОВЕРТ ЖЕ ЭКСТРАВЕРТ?

1. Сизди токтоо адам деп мүнөздөсө болобу?

Ооба Жок

2. Көп сүйлөйсүзбү?

Ооба Жок

3. Шайырсызбы?

Ооба Жок

4. Бири-бирин шылдыңдай берген кампанияда өзүңүздү ыңгайлуу эле сезесизби?

Ооба Жок

5. Жаңы адамдар менен таанышкан жагабы?

Ооба Жок

6. Майрамдык кечелерде өзүңүздү бош коё берип, эч нерсеге карабай эс аласызбы?

Ооба Жок

7. Кызыксыз отурушту көңүлдүү кыла аласызбы?

Ооба Жок

8. Ар кандай иш-чараларда экинчи планга калган адамсызбы?

Ооба Жок

9. Үйдө китеп окуп, телевизор көрүп отурганга караганда адамдар менен жолуккан жагабы?

Ооба Жок

10. Активдүүлүктү, тез чечим кабыл алууну талап кылган жумуш жагабы?

Ооба Жок

Эгер тестте “ооба” жообу көп болсо, сиз экстраверт адамсыз. Ал эми “жок” басымдуулук кылса, анда интровертсиз. “Ооба” менен “жоктун” саны тең болуп калса, амбивертсиз.

Интроверт – Өзүн, өзүнүн кызыкчылыгын алдыга койгон адам. Ал коомдогу жазылбаган эрежелер, тартип, рамка дегендерге көңүл бурбайт. Өзү менен гармония издейт, көп адамдарга караганда жалгыз жүргөн жагат. Жалгыздык ал үчүн фобия эмес, тескерисинче, ыңгайлуу жай. Көп сүйлөбөйт, көп сүйлөгөндөрдү да жактырбайт же маектеши кызыгуу жаратпаса анын сөзүн укпай, өз ойлоруна “чөгүп” кетет. Кызыгы, интроверттер атаандаштыкты жакшы көрүшөт. Тапшырма бергенде интроверт адамды лидерлик позицияга коюп, жеңиштин, натыйжанын маанилүүлүгүн түшүндүрө алсаңыз, такыр башка адамды көрөсүз. Интроверттин түнт, ачылбаган мүнөзүн чукуй берсеңиз ал ого бетер өз “ийинине” терең кирип кетет. Тескерисинче, аны түшүнүүгө аракет кылып, колдоп, керек жерден мактап турсаңыз, ишенимдүү адамга ээ болосуз. Жети өлчөп, анан бир кескен адамдар.

Экстраверт – баарына ачык адам. Компаниялардын “көзүрү”, эң шайыры, лидери. Бейтааныш адамдар менен бат тил табышкандыктан, экстраверттердин айланасында дос-тааныш дегендер көп. Жумушта жаңы жамаатка да бат көнүп, көп жылдан бери иштеген адамдай аралашып кетет. Көңүл борборунда болууну жактырышат, бир калыпта жүрө берген жакпайт, андыктан улам жаңы нерсени изилдегенге аракет кылышат. Иште тоону томкоргонго даяр, бирок ал иш кызыгуу жаратса гана. Сүйлөп, андан кийин гана ойлонгон мүнөзү бар. Башкаларды укканга караганда, өзү сүйлөгөндү жактырат. Өзүнө ишеними күчтүү, ошентсе да башкалардын мактап туруусуна каршы эмес.

Амбиверт – шайыр экстраверт менен токтоо интроверттин ортосундагы адамдар. Абалга жараша өзүн интроверт да, экстраверт да катары көрсөтө алат. Психологдордун изилдөөлөрүнө ылайык, дүйнө жүзүндөгү 68 пайыз адам дал ушул амбиверт мүнөзүндөгүлөрдүн катарына кирет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1061, 7-13-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан