ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 10-апрелден 16-апрелге чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Каржы маселелериңизди чечесиз. Бирок кирешеңиз көбөйбөйт, буга чейин алган карыздарыңыздан кутуласыз. Достук мамиледе жүргөн адамдарды сыноого убакыт келди, жакшы күндөрдө гана эмес, оор учурда да сиз менен бирге калган досторуңуз бар экенине кубанасыз. Сүйүү мамилесинде “өтө кызыл бат оңот, өтө ысык бат муздайт” деген кептерге мисал болуп каласыз. Анткени бат тутанган мамиле көпкө созулбай үзүлөт.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Сиздин өжөрлүгүңүздү, аракетчилдигиңизди көрө албаган адамдар болот. Бут тосуп, жасап жаткан ишиңизге тоскоолдук да жаратышы мүмкүн. Талаштуу маселеде эмоцияңызды көзөмөлдөбөсөңүз, өзүңүз эле зыян тартып каласыз. Жумушта эч качан эч кимди, айрыкча жаңы келген кесиптештериңизди сындабаңыз. Жалгыз бой букачарлар гардеробун жаңыртып, жаңы кийимдерди алышса болот. Дем алыш күндөрү сырдуу адам менен кызыктуу жолугушуу өткөрөсүз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Эгиздер көптөн бери уланып келе жаткан чоң чыр-чатакты тынчтык жолу менен чече алышат. Таанышыңыздын башка өлкөдөн ала келген сувенири сиз үчүн жагымдуу белек болот. Жумуш издеп жүргөн эгиздерге татыктуу маянасы менен ишке орношууга сунуштар түшөт. Дем алыш күндөрү чоң ата, чоң энеңизге барып ал-абалын сурап эс алып келиңиз. Бойдоктор жактырып жүргөн адамына биринчи болуп сезимин билдирбесе, ал адамдан кол жууп калышы мүмкүн.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Бөйөндөр жашоодогу жеке принциптеринин айынан көп пайдалуу иштерден куру калышат. Айрым учурларда эгоңузду аттап өтүп иш башташыңыз керек болот. Бир көрүп сүйүп калууга ишенбеген бөйөндөр ал нерсе мүмкүн экенине өз мисалында ынанышат. Бирөөнү жактырып калып, оюнун баарын ошол адам ээлеп алат. Бирок эч бир сүйүү мамилеси жумушка тоскоол болбошу керек, анткени дал ушул убакта бөйөндөрдө карьералык өсүш күтүлөт.


АРСТАН (23.07-23.08)

Сиз пландаштырган бардык иштер оңой жана тез ишке ашып, ийгилик жылмаят. Максатсыз ишке акча сарптоодон этият болуңуз, капчыгыңызга кылдат мамиле кылбасаңыз тапканыңыздын берекеси болбойт. Каржылык сабаттуулук боюнча курстарга барууну сунушталат. Кесиптик ишмердүүлүгүңүздө өзүңүздү көрсөтүп, кошумча сый акыга татыйсыз. Сүйүүдө азгырыктар көп болот, жеңил ойлуу адамдардан олуттуу мамиле күтпөңүз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Ашыкча суроолор менен баш оорутпаңыз. Ишке ашырчу пландардын тегерегинде гана ой чогултканыңыз туура, антпесеңиз ар кайсы көйгөйгө алаксып бир да жумушуңуздан натыйжа чыгара албай кыйналасыз. Тил өздөштүрүп, кошумча өнөргө ээ болууну каалагандар аракетин ушул жума баштаса жыйынтыгы жакшы болот. Мырзалар профессионалдык чөйрөдө популярдуулукка ээ болуп, айымдардын сүйүүсүнө арзыйт.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Айрымдардын сизди башка бирөө менен салыштырып, ал адамды мисал катары көрсөткөнү ачууңузду келтирет. Мындай салыштыруулар өзүңүздүн аракетиңизге кыжырданууну жаратышы мүмкүн. Андыктан жүрөгүңүзгө жакын кабыл албаганыңыз туура. Жакындарыңыздын бири сизге себепсиз эле белек тартуулап маанайыңызды көтөрөт. Үй-бүлөлүү таразалар көпчүлүк убактысын бала тарбиясына, алардын билимине жумшашат.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Капчыгыңыз кампайып, үй-бүлөлүк бюджетте олуттуу киреше булагы пайда болот. Келечектүү, туруктуу кирешеси бар, бат натыйжа алып келе турган чакан бизнес баштасаңыз болот. Карызга акча берүү сунушталбайт, эгер сураган адам абдан муктаж болсо колдон келишинче кайтарымсыз акча берсеңиз болот. Кимдир бирөөлөр аброюңузга шек келтирген кептерди айтат, бул сизди сындырбай, тескерисинче аброюңузду арттырат. Ызы-чуу коомдук жайлардан алыс болуңуз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Жумушта тырышчаактыгыңызды далилдеп жакшы көрсөткүчтөргө жетесиз. Иштин көптүгүнөн жакындарыңыздын кайсы бир маанилүү иш-чарасына катышпай калып, алар сизге катуу таарынышы мүмкүн. Үй-бүлөлүү жаачылар никедеги өнөктөшү менен мамилесин бекемдөөгө, күндөрүнө өзгөчөлүк киргизүүгө аракет жасоолору зарыл. Болбосо түгөйүңүз окшош күндөрдөн тажап, башка бирөөгө көз арта башташы ыктымал.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Жылдыздар жашооңузда олуттуу өзгөрүүлөрдү убада кылышпайт. Жумушта жана жеке жашоодо баары бир нукта өнүгөт. Каржы маселесинде сиз берген каражатты туура эмес жакка пайдалангандыгы үчүн досторуңуздун бири менен талашып-тартышасыз. Бирөөгө жардам берем деп тескерисинче жаман көрүнүп каласыз. Андыктан эгер адам өзү биринчи жардам сурап кайрылбаса анын каржылык көйгөйүнө кийлигишпегениңиз туура.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Канчалык көп көйгөйдү чечүүгө туура келбесин, психологиялык жактан сизди тынчтандыра турган абал пайда болот. Мындан улам, жумуштагы көйгөйлөрдөн арылууну, үй-бүлө ичиндеги келишпестиктерди жана досуңуз же кесиптешиңиз менен болгон чыр-чатакты оңой жеңүүнү үйрөнөсүз. Болуп өткөн айрым окуялар сиздин көзүңүздү ачып, тагдырга наалыгандын ордуна, бар нерсеге шүгүр кылган акылман адамга айлантат.


БАЛЫК (20.02-20.03

Эң купуя кыялдарыңыз ишке ашып баштайт. Чет өлкөгө кетүү же университет которуу тууралуу ойлоруңуз болсо жакындарыңыз менен кеңешиңиз, алар туура жолду көрсөтүшөт. Сизди кыйынчылыктан коргойм деген никедеги түгөйүңүз сөзүнө туруп, айтканын аткарат. Муну менен ортодогу мамиле мурункудан да ысып, жакын жан шериктерге айланасыз. Суук тийгизип өнөкөт ооруларды козгоп алуудан сак болуңуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
udoqawje
2023-04-10 22:55:00
:) :) :)
0
№ 1061, 7-13-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан