БИР БҮРКҮМ. ТЕРГӨӨЧҮ ПАРА АЛУУГА ШЕКТЕЛҮҮДӨ...

  • Сеул–Бишкек–Сеул түз аба каттамын ачуу пландалып жатканы кабарланды.
  • Каракол шаарында “Унаа” мекемесинин жооптуу кызматкери автоунааларды мыйзамсыз каттаган деп айыпталууда.
  • Башкы прокуратура: Токмокто 31 гектар жер мамлекетке кайтарылды.
  • Өлкөдө мас айдоочулардын саны 1 жыл мурункуга салыштырмалуу 76 пайызга азайганы расмий маалымдалды.
  • Президенттик администрацияда иштегендердин саны 72 адамга кыскартылды, учурда 259 кызматкер бар.
  • Транспорт министрлигинин алдында жол белгилерин даярдоочу цех ачылды, буга чейин жол белгилери Орусиядан алынып келчү.
  • Бишкектин Биринчи Май РИИБинин тергөөчүсү пара талап кылууга шектелип кармалды.
  • Самидин Шабыралиев Жүрөк хирургиясы институтунун директору болуп дайындалды.
  • Депутат Тазабек Икрамов 5-каналды жабууга макул эместигин билдирди.
  • Президент кол койгон жарлыктарга ылайык, 1702 адам Кыргыз жарандыгын алып, 46 адам Кыргыз жарандыгынан чыгарылды.
  • Кыргызгидромет: 6-9-апрель күндөрү өлкөдө жаан-чачын күтүлөт.
  • Чүйдө киши өлтүрүүгө шектүү жаран 4-апрелде Кыргыз-Казак чек арасы аркылуу өлкөдөн чыгарда кармалды.
  • Бишкек–Анталия–Бишкек багыты боюнча аба каттамдарын көбөйтүү пландалууда.
  • Оштогу Учар кичи районундагы көрүстөн 95 пайызга толгону айтылды.
  • Жогорку Кеңеш каржы пирамидасын жарнамалагандарды жоопко тартууну караган мыйзам кабыл алды.
  • 5-апрелде Ысык-Көл облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды, жабыркагандар жок.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1061, 7-13-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан