Президент: “ЛЕНИН ОКРУГУНАН ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ ДЕПУТАТ ШАЙЛООГО КИЙЛИГИШПЕЙМ”

Бишкектин Ленин районунда өтчү Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого бийлик кийлигишпейт. Мындай пикирди президент Садыр Жапаров 4-мартта “Кабарга” берген кезектеги маегинде билдирди.

– Мурда президенттин батасын алмайынча шайлоого барышчу эмес. Мындан ары кандай шайлоо болбосун президент жана башка бийлик өкүлдөрү кийлигишпейт. Биз орбитр болуп гана беребиз. Эл кимди тандаса, ошол талапкер болот. Утканы өтсүн. Мурдагыдай мугалимдер менен дарыгерлердин кайсы бир талапкерге иштешине жол бербейбиз, иштегени билинсе жоопко тартылышат. Өткөндөн сабак алышыбыз керек. Шайлоолордун таза эмес өткөндүгүнөн үч жолу төңкөрүш болду. Элдин добушун сатып алам деген бай талапкерлер да андай ойлорунан азыртан кайтышы керек,- деди президент.

Садыр Жапаров шайлоонун жыйынтыгын бурмалап коюу азыр мүмкүн эмес дейт. Шайлоо системи автоматташтырылганын, жыйынтыгы шайлоо бүтөрү менен БШКнын серверине келип түшөрүн, андан кийин бюллетендер кол менен саналарын эскертти.

Эскерте кетсек, Ленин округунан шайланган Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров мындан 1 ай мурун бирөөнү сабап салып, андан кийин депутаттык мандатын тапшырган. Учурда анын парламенттеги орду бош. 6-апрелге карата аталган округдан талапкер болуу үчүн БШКга 7 адам кайрылды.

Шайлоо 28-майда өтөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1061, 7-13-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан