Акылбек Жапаров имаратты куруучу компания көп факторлорду, анын ичинде имарат борбордук "Ала-Тоо" аянтында жайгашарын эске алышы керек деди. Эң башкысы имарат сапаттуу курулуп, "Ала-Тоо" аянтындагы башка имараттар менен айкалышып бир бүтүн композицияны түзүшү зарыл экени айтылды.
2010-жылдын 7-апрелинде күйүп кеткен Башкы прокуратуранын имаратынын ордуна эмне курулары 13 жылдан бери чечилбей келе жатат. Күйгөн имаратты оңдоого 2017-жылы шаардык бюджеттен 120 миллион сом бөлүү пландалып, тендер да жарыяланган. Бирок имараттын 80 пайызы жараксыз деп табылгандыктан, мэрия аны оңдоп-түзөө оюнан кайткан.
2018-жылы “Бишкек башкы архитектура” ишканасы ал жерге шаардыктар үчүн эс алуу аянтчасы курулат деп маалымат тараткан. Бул арада өрттөнгөн имараттын ордуна мейманкана курабыз дегендер да чыккан.
2020-жылы шаардык мэрия ал жерге Бишкек шаардык кеңеши жана шаардагы муниципалдык ишканалар үчүн 7 кабаттуу имарат курулат деп билдирген.