3-апрелде аталган борбордун Таластагы өкүлчүлүгүнө Талас ОИИБинен маалымат түшкөн. Анда кылмышка шектелип кармалган жаран 2-апрель күнү Токтогулдун Өзгөрүш айылдык милиция бөлүмчөсүндө кыйноого алынганы айтылган. Текшерүүдө жабырлануучунун денесинде көк ала тактар жана сыйрылган жерлер бар экени аныкталган. Кыйноого кабылган жарандын айтымында, милиция кызматкерлери анын моюнуна ал жасабаган бир нече кылмыштарды илүүгө аракет кылышкан. Кылмышты моюнга алдыртуу үчүн аны эстен тангыча сабап, муунтуп кыйнашкан. Андан тышкары желим таяк менен зордуктайбыз деп коркутушканын билдирет Кыйноолордун алдын алуу борбору.
Окуядан кийин жабырлануучуну Токтогулдан Таласка алып келишкен. Окуяга тийиштүү бардык документтер Талас облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилгени белгилүү болду.
Айта кетсек, жабырлануучу 20 жаштагы жигит Таластан мал уурдоого шектелип, Токтогул районунан кармалган.