ЖОЛ ЭРЕЖЕСИН БУЗУУДА САЛЫНГАН АЙЫП ПУЛДАРГА ТУУМ ЖАЗУУ ТОКТОТУЛАТ

Жол эрежесин бузуу боюнча айдоочуларга салынган айып пулду төлөө убагынан кечиктирилсе туум жазылбайт. Тийиштүү мыйзам долбоорун ИИМ коомдук талкууга чыгарды.

Мындай чара мамлекеттик органдарга, анын ичинде “Коопсуз шаар” долбоорунун ишине жарандардын ишенимин арттырат деп билдирет министрлик. Жылдан жылга айып пулдар боюнча туумдарды жок кылууну айтып кайрылгандардын саны өсүп жатканы айтылды. Расмий маалыматка таянсак, 2022-жылы салынган жалпы айып пулдардын 7,1 пайызы гана туум менен кошо төлөнгөн, туумдун суммасы 33 миллион 99 миң сом. Ал эми туумду өндүрүү боюнча чыгымдар (почта кызматы, конверттер, кагаздар, боёк жана башкалар) 1 жылда 120 миллион сомго жакындап калат. Буга соттук аткаруучулардын башка чыгымдары да кошулат деп айтылат маалыматта.

2023-жылдын февралынан тарта жол эрежесин одоно бузгандарга карата айып пулдар көбөйтүлгөнүн, ошондой эле өз убагында төлөнбөгөн айып пулдарга чара көрүү тартиби өзгөргөнүн, эми мурдагыдай айып пулдарынын суммасы 10 миң сом болгуча күтпөй, айып пулу 3 миң сомдон ашып кеткен айдоочу унаа башкаруу укугунан ажыратыларын эскертти ИИМ.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1061, 7-13-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан