"АРЗАН НАСЫЯ ЭЛГЕ ЖЕТПЕЙ ЖАТАТ" ДЕШТИ ДЕПУТАТТАР

Жеңилдетилген насыялар дыйкандарга жетпей жатат деп билдиришти Жогорку Кеңештин депутаттары. 5-апрелде депутат Эмил Токтошев "арзан жана пайызы жок берилүүчү насыяларды дыйкандар ала албай жатышат. Насыяны алуу өтө татаал болуп жатканын айтып арызданышууда. Бир ай убакыт калды, ушул аралыкта берилбесе, андан кийин дыйкандарга насыя алуунун кереги деле жок болуп калат" деп билдирди.

6-апрелде ушул эле көйгөйдү депутат Балбак Түлөбаев айтып чыкты.

– Арзан насыялар берилип жатат деп жатабыз, бирок элге жетпей жатат. "Баягылар эле алышты" деп нааразы болгондор көп. Мурда алып жөргөндөр жол-жобосун билишет экен да. Берсек тегиз берели, болбосо жөн эле коёлу элди экиге бөлбөй,- деди депутат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1061, 7-13-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан