Күлчоро Аскаров: «ЖУБАЙЛАР ЖЫНЫСТЫК ЖАШООСУ КАЛЫПТА БОЛСО ГАНА БАКТЫЛУУ БОЛО АЛЫШАТ»

Мекенибизде бир караганда кыргыз менталитетине туура келбегендей кесипти аркалаган сексопатологдор саналуу гана. Алардын бири – жыныстык жашоодо көйгөйү барларды дарылап, элдин керегине жарап келаткан белгилүү дарыгер Күлчоро Аскаров. Күлчоро ага окурмандар үчүн жыныстык турмуш жактан туура тарбияланууга чоң көмөгүн тийгизе турган китептин да автору. Учурда пенсия курагында. Үйбүлөлүү, эки уул, эки небереси бар.

Жанара, 29 жашта, Карабалта:
– Күлчоро агай, сексопатолог болуп калышыңызга эмне түрткү болгон?
– Бишкектен, мурунку Фрунзеден мединституттун дарылоо факультетин аяктаганымдан соң 25 жашымда Германияга иштегенге жөнөтүштү. Ал жакта аскер дарыгери болуп иштеп, бир жыл ичинде немис тилин үйрөнүп алдым. Алтургай немис кыздары менен достошо да баштадым. Ал кезде СССР убагы болгондуктан, бизде тартип катуу эле. Германияда болсо адамдар, анын ичинде кыздар өздөрүн эркин алып жүрүшөт экен. Ал жактын маданияты, тагыраак айтканда, кинолору, китептери мени азыркы кесибиме тарта, кызыктыра баштады. Сексти да мага немис кыздары үйрөтүштү. Туура 5 жыл иштегенимден кийин Бишкекке медакадемияга окутуучу болуп келдим. Горбачев бийликке келгенден кийин СССРде биринчи болуп Москвадан секс тууралуу жазылган гезиттер, китептер чыга баштады. Аларды да окуп жүрүп, ого бетер кызыгып кеттим. Ичимде да бир күчтөр тынчтык бербей жатты. Көрсө, табият мага өзгөчө жөндөм бериптир. Америкалыктар аныктагандай, адамда 3 күч бар: акыл-эс күчү, дене күчү жана жыныстык күч. Менде ошол 3 күч тең өтө өнүккөн экен. Мага мына ошолор тынчтык бербей жатыптыр. Ошентип, 3 жыл бою өзүмчө сексопатологияны аябай окудум, изилдедим. Анан Украинанын Харьков шаарына барып окуп келдим. Келгенден бери азыркы күнгө дейре дарыгер-сексопатолог болуп иштеп келе жатам.

Венера, 19 жашта, Ош:
– Мен операция болгон кезимде басууга мүмкүн болбогондуктан, катетер колдонуп заарамды чыгарышкан эле. Ушундан улам кыз болбой калдымбы деп ойлонуп, сарсанаа болуудамын. Ушундай болушу мүмкүнбү?
– Катетер кыздык жайгашкан жыныс кынына эмес, заара чыгаруучу каналга салынат. Ал эми бул экөө­нүн аткаруучу милдети менен жайгашкан ордулары эки башка. Тактап айтканда, жыныс кыны ылдыйда, ал эми заара чыгаруучу канал өйдөдө. Ошондуктан, санаага батуунун кереги жок.

Элеонора, 27 жашта, Талас:
– Кыздык адамдардан башка дагы кандай жандууларда болушу мүмкүн? Мисалы, жаныбарларда барбы?
– Илимдеги маалыматка таянсак, кыздык белги кээ бир маймылдардын жана антилопанын кээ бир түрлөрүндө гана кездешет. Мындан тышкары, айрым окумуштуулар “Австралияда жана Индонезиянын батыш бөлүгүндөгү Жаңы Гвинея аралында жашаган бейиш кушу аттуу куштарда да кездешет” деп далилдешет.
– Биринчи нике түндө канча жолу кошулса болот?
– Бир гана жолу. Себеби, кыздын кыздыгы айрылып, ооруйт. Нике түндөн кийин 5 же 7 күнгө чейин кошулуш керек эмес. Анткени, кыздын жан жери ачышып ооруй берсе, кийин “муздак аял” болуп калат.

Тайыр, 23 жашта, Бишкек:
– “Эгер катарынан 2-3 кыз төрөгөн аял төөнүн этин жесе эркек бала төрөйт экен” деп угам. Ушул чынбы?
– Бул – элдин чыгарган жөө жомогу. Болбосо дайыма төөнүн этин жеген казак туугандардын аялдарынын баары эле эркек төрөп калбайт беле?! Эркек балалуу болууну самасаңыз, анда менин “Эки жүрөк, бир сүйүү” аттуу китебимди сатып алыңыз, ошонун ичинде кенен жазылган.

Айгүл, 18 жашта, Алматы:
– Менде аялдын да, эркектин да жыныс мүчөсү бар. Операция менен бирөөсүн алып салса болобу?
– Кыз болгонду каалайсызбы же эркек болгондубу?
Албетте, кыз болгонду.
– Этек кириңиз келеби?
Келет, көкүрөгүм да чоң эле. Эркектик жыныс мүчө кичинекей.
– Айгүл, пластикалык операцияга кайрылсаңыз болот. Айтууңуз боюнча, сизде аялдын жыныстык органдары жакшы өнүккөн экен. Андыктан, сиздеги эркектин жыныс мүчөсүн операция жолу менен алып салуу керек. Ошондо биротоло аялга окшошо аласыз. Кененирээк маалымат алуу үчүн Алматыдагы же Бишкектеги пластикалык операция жасоочу борборлорго кайрылсаңыз болот.

Алибек, 39 жашта, Токмок:
– Учурда арабызда кадимки эле кочкордун жумурткасын “күчтө­нөм” деп жегендер бар. Ошолордуку туурабы?
– Көп элдердин элдик медицинасында ушундай ыкма бар. Андай ыкма жергебизге ар улуттун адамдары келип байырлай баштагандан тартып жайылып, колдонула баштады. Кочкордун жумурткасын даярдоого келсек, аны сууга бышырып же майга кууруп алууга болбойт. Уккан маалыматыбызга караганда, жумуртканы 2-3 күн сүткө салып коёт. Анан күнгө кургатып, аз-аздан жейт. Бирок, эскертүүчү нерсе, жумуртканы даярдоонун жана жештин өзүнчө сыры бар. Ошондуктан, өз алдынча даярдап жегенге кеңеш берилбейт.

Индира, 23 жашта, Ош:
– Күлчоро ага, кыздык тубаса жок болушу мүмкүнбү?
– Ооба, кээ бир кыздар төрөлгөндө эле кыз белгиси (гимени) жок болуп төрө­лүшөт. Жаратылыш ошондой жаратып койгон. Жигиттер мындай кыздарды биринчи нике түндөн кийин бекеринен күнөөлөп (“шейшеп канга булганган жок” деп), капа кылышы керек эмес. Буга эркекче акыл-эстүүлүк менен мамиле кылуусу кажет. Кыздар гименди өз колдору менен жасап алышпайт да.

Санжар, 26 жашта, Ош:
– Аялымдын боюнда бар. Мындай учурда эркек төшөк­тө аялына күч келбегендей кылып кандай ыкманы колдонсо болот?
– Мындай учурда төмөнкүдөй ыкмалар сунушталат:

  • Аял төрт буттап турат, эркек артынан “түйөт”.
  • Экөө тең капталынан жатып кошулушат.

Мындай ыкмалардын артыкчылыгы эркек аялдын ичин басып калбаганында.

Бегимкүл, 48 жашта, Карабалта:
– Оргазмдан кийин 10-15 мүнөт­төй башым айланат. Ошондуктан, мүмкүн жан кумарына жетпей төшөктөн туруп кетишим керектир деп да ойлоном. Же менин курагымда төшөк оюну оордук кылабы?
– Ачыгын айтсак, жан кумары түрдүү жаш курактагылардын нерв системалары үчүн дары болуп эсептелет. Андыктан, шектенүүңүздү жыйыштырып, мындай “дарыны” мүмкүн болушунча колдоно бериңиз. Анткени, жыныстык катнаш учурунда дене иммунитетти жогорулатуучу “серотин” гормонун бөлүп чыгарат. Жеңил баш айлануу анча коркунуч келтирбейт. Андыктан, коркпой эле койсоңуз болот.

Беку, 17 жашта, Бишкек:
– “Жаш жигиттердин бетиндеги безеткилер аялдар менен жыныстык катнашта болгон соң жоголуп кетет” деген чынбы?
– Безетки, негизинен, беттин терисинин майлуу болушунан чыгат. Жыныстык катнашка эч тиешеси жок. Безеткиден арылуу үчүн терини дарылоочу дарыгерге баруу керек.

Ажара, 35 жашта, Карабалта:
– Менин жашым 35те, күйөөм болсо 52ге таяп калды. Бизге балалуу болууга кеч болуп калгандай. Анын үстүнө, “улгайган эркектерден бойго болбойт” деп уккан элем. Ошондуктан, биз сактанбай эле койсок болобу?
– Эркектердин жашы өткөн сайын урук клеткаларынын саны азаят, бирок, аялдын боюна болтуруу жөндөмдүү­лүгүн сактап кала берет. Мисалы, тарыхка кайрылсак, Чарли Чаплин 80ге таяп калганында балалуу болгон. Гёте деле 80ге чукулдап калган кезинде 19 жаштагы бийкеч менен сүйүү романын курган. Андыктан, эгер балалуу болууну каалабасаңыздар сактанууңуздар керек.

Талант, 32 жашта, Кант:
Акыркы айларда дамамат дүүлү­гөм да турам. Ошондуктан, аялымдын жанын койбойм, өзүм да эсим ооп чарчайм. Бул уйкумдун канбай калуусуна жеткиргенден да мурда тө­шөк оюну менен канчалык алектенсем да жеңилденбейм. Бул эмнеликтен?
– Жыныстык мүчө улам чытырап тура берсе жана жыныстык катнаштан соң да жеңилдик болбосо, анда бул – оору. Медицинада муну “приапизм” дейт жана чанда жолугат. Муну уролог жана невропатолог дарылайт. Андыктан, сиз айтылган дарыгерлерге барып, дарыланууңуз керек.

Алиаскар, 33 жашта, Бишкек:
– Жакында автокырсыктан омурткамдан жаракатка учураган элем. Жүлүнүмө да зак кетиптир. Ошондон кийин менде дүүлү­гүү­ деген да, “алигимдин” чыңалуусу деген да жок болуп калды. Ушул себептен улам интимдик жашоомдун келечеги жокпу деп сурайын дегем.
– Эгер эрекцияны (“алигинин” чыңалуусу жана туруусу) толугу менен калыпка келтирүүгө болбосо, таасирдүү эрокторлор (жыныстык мүчөнүн шак- шагы) бар. Ошону алып колдонсо болот. Эроктор жыныс мүчөнү жөлөп тургузуп, жыныстык катнашта болууга түздөн-түз жардам берет.

Саламат, 30 жашта, Карабалта:
– Биз жыныстык кошулууда урукту сыртка түшүрүп сактануу жолун колдонобуз. Мунун эркекке зыяны жокпу?
– Зыяны бар. Мисалы, эркек бел суусун дайыма сыртка, чүпүрөккө түшүрө берсе, кийин бел суусу эрте түшө турган болуп калат.
– Аялга да зыяны барбы?
– Эркектин уругу аялдын жан жерине түшпөсө да зыян. Себеби, эркектин бел суусу аялдын жан жерине түшкөн­дө эрип, андагы белоктор, гормондор аялдын канына өтөт. Ошондон аял жашарат, көңүлү көтөрүлүп, сергектенет. Андыктан, сиздер бойго бүтүрбөөчү башка ыкманы колдонсоңуздар өзү­ңүздөргө пайда.
– Эркектин уругун сыртка түшү­рүп сактанууда деле бойго бүтүп калышы мүмкүнбү?
– Бул ыкма бойго бүтүүдөн сактоочу ишенимдүү ыкма эмес. Анткени, эркектин бир тамчы бел суусу деле жыныс кынынын ичине түшүп калса, бойго бүтүп кала берет. Ошол бир тамчы урукта 50 миллион урук клеткасы бар экенин унутпаңыз.

Азамат, 17 жашта, Каракөл:
– Эркектин “алигисин” чо­ңойт­со болобу? Болсо кантип?
– Эркектин жыныс мүчөсүн операция аркылуу ашып кетсе 1,5-2 сантиметрге гана узартууга болот. Жоондугун эркектин өзүнүн булчуң же май ткандарынан алып, жыныс мүчөнүн терисинин алдына жайгаштыруу менен жоонойтсо болот. Көбүнчө силикон менен да чоңойтуу көбүрөөк колдонулат.

Чолпон, 26 жашта, Бишкек:
– Зордукталган кыз ошол бойдон эч бир эркек менен болбосо кыздык белгиси кайра өзү бүтүп калабы? Анткени, мага оор болсо да айтайын, мени эки ирет зордуктап кетишкен. Биринчисинде 7 жыл мурун, анан 1 жыл мурун. Ушундан улам “турмушка чыксам кандай болот?” деп көп ойлонуп, сизден жообун билгим келет.
– “Кыз белгиси айрылгандан кийин кайра өзү бүтүп калат” деген – жомок. Чолпон, сизге берээр кеңешим: зордуктоону өзүңүз тилеп албагандан кийин көп капаланбаңыз да, турмушка чыгаарыңызга 5-7 күн калганда Бишкектеги гименопластика (кыздык белгисин жамоо) дарыгерине кайрылыңыз. Акысы 2 миң сомдон өйдө.

Азамат, 15 жашта, Бишкек:
– Менин жыныс мүчөмдүн терисинде, көбүнчө ылдый жагында бүдүрлөр бар. Бул эмне экенин билбейм, ошондуктан, сизден сурайын дегем.
– Эгер бүдүрлөр майда болуп, кез– кезде кычыштырса, андан коркпоңуз. Эртең менен кечинде жылуу суу менен самындап жууп жүрсөңүз кетип калат. Эгер, бүдүрлөр чоң болуп, ириңдесе, такымдарыңызга чоң-чоң без чочуса, анда сөзсүз дарыгер-урологго же дарыгер-венерологго кайрылыңыз.

Айгүл, 21 жашта, Бишкек:
– Кошулганда меникинен “бырк-бырк” деп аба чыга берет. Зыяны жокпу?
– Эч кандай зыяны жок. Болгону, ыкмаларды өзгөртүп колдонуңуздар. Мисалы, арттан жасоо ыкмасын же эки бутту түз сунуп кошулуу ыкмасын. Эгер жыныс кыны чоң болуп, кошулганда аба кирип кетип жатса, анда пластикалык хирургдарга кайрылып, кичирейтип тиктирсе болот.
– Кичирейтип тиктиргенде кошулганда кайра айрылып кетпейби?
– Кошулганда айрылбайт, бирок, төрөгөндө айрылат.

Медер, 27 жашта, Бишкек:
– Презервативди колдоно албайм. Анткени, колдонсом эле уруктугум оңой менен түшпөй калат? Эмне кылсам болот?
– Сиз бир жолу жыныс кап менен кошулганда бел сууңуз оңой менен түшпөй калып, ошондон улам өзүңүздү “мага жыныс капты колдонууга болбойт турбайбы” деп ишендирип алган окшойсуз. “Колдонуум керек, жугуштуу оорулардан сактануум керек” деп өзүңүздү көндүрүңүз. Жыныс кап жыныстык жактан жугуучу бардык оорулардан, анын ичинен СПИДден да 98 пайыз сактаарын эсиңизге алыңыз.
– Аялы төрөйүн деп калганда эркек дүүлүксө эмне кылуусу керек?
– Андай кезде бир аптада 2 ирет өзүңүздүн жыныс мүчөңүздү дүүлүк­түрүп, ушалоо менен бел сууңузду түшүрүп туруңуз. Бул жыныстык жактан бел кубатыңызды сактап турууңуз үчүн керек. Мунун зыяны жок.

Бектурсун, 24 жашта, Карабалта:
– 4 жылдан бери мастурбация менен алектенем. Бул зыянбы? Бел суум түгөнүп же оорулуу болуп калбаймынбы?
– Дүйнөдөгү эркектердин 96 пайызы бойдок кездеринде жок дегенде 2-3 жолу мастурбация менен алектенишкен. Мунун эч кандай зыяны жок жана бел суу түгөнүп калбайт. Болгону, жыныс мүчөңүз микробдордон улам сезгенип калбоо үчүн колуңузду тазалап, самындап жууну унутпаңыз.

Руслан, 25 жашта, Ош:
– Порнофильмдегидей жыныстык катнаш жасаса болобу?
– Кээ бир аялдар оозго алганды, көтөн чучук аркылуу жыныстык катнашты каалашат. Бирок, аялды зордуктоо менен андай ыкмаларды колдонууга болбойт. Бардыгы аялдын каалоосу боюнча жасалышы шарт.
– Артынан жасоонун кийин зыяны жокпу?
– Күчкө салып зордуктаса, анда аял геморройго кабылышы мүмкүн. Же көтөн чучугунун заңды чыгарбай кармап туруучу булчуңу иштебей, аялдын заңы куюлуп чыга берчү болуп калышы да ыктымал. Эгер аял кааласа, анда эркек жыныс капты кийип, аны майлап туруп акырындап кошулуусу керек.

Шоола, 34 жашта, Ош:
– Мен төшөктө эч эрибейм жана жан кумарына да батпайм. Ошондонбу, айтор, кабагым ачылбай, бардык нерсеге эле нааразы боло берем. Күйөөмө да кээде жакшылап сүйлөгүм келбейт. Эмне кылсам болот, кеңеш бериңизчи?!
– Мындай абалга кез келүү бир нече себептен улам келип чыгат. Биринчиден, сизде эркектерге карата күчтүү сүйүү сезими жок. Экинчиден, эс тарткандан баштап сизди шайкелең болбосун деп катуу тыйып, коркутуп тарбиялап коюшкан. Үчүнчүдөн, өзүңүздүн бир өксүгүңүз болсо керек. Мисалы, “эмчегим кичинекей, бутум ийри же жан жерим кенен го...” деген жаман ойлорду ойлоп жатып, өзүңүздү чүнчүтүп коёт болсоңуз керек. Ушул аталган себептерден улам аял дүүлүкпөйт. Андыктан, ар адамда кемчилик бар экендигин эске алып, жаман ойлорду унутуңуз. Төшөктө өзүңүздү эркин сезиңиз. Күйөөңүз 15-20 мүнөт сылабаган жериңизди сылап, соро турган жериңизди соруп эритип, даярдашы керек. Ошондо гана сиз жан кумарына канасыз. Жубайлардын жыныстык жашоосу калыпта болсо гана бактылуу боло турганын унутпаңыз.

Таалай, 29 жашта, Бишкек:
– Эркек канткенде бел суусун оңой менен түшүрбөй, узакка жыныстык катнашта боло алат?
– Негизи, “тез муздаган” эркектерге же тажрыйбалуу жубайларга “аял үстүндө” деген ыкма жакшы жардам берет. Жыныстык катнаш кезинде эркек бел суусу түшөйүн деп калганда аялга белги берет. Аял эркектин үстүнөн түшө калып, колу менен эркектин пенисинин моюнун 3-4 секундага чейин катуу кыса кармап, бел суусун түшүрбөй токтотуп калат. Анан 15-30 секунддан кийин аял эркектин үстүнө чыгып “ишин” улантат. Кайра эркектин үстүнөн түшө калып, пенистин сүмбөсү менен башынын кошулган жерин 3-4 секундга кыса кармайт. Бир эле жыныстык катнашта ал эркектин пенисин кайра-кайра кысып, эркектин бел суусун түшүрбөй, 15-20 мүнөткө чейин жеткизиши керек. Бул машыгуу 2-3 айга чейин созулса жакшы натыйжа берет.

Айнура, 27 жашта, Бишкек:
– Эмне үчүн кээ бир аялдар арткы тешик аркылуу жыныстык катнашты каалашат?
– Себеби, жан кумарына кана турган нерв тамырлары табиятынан көтөн чучугунда жайгашып калган. Жыныс кынында болсо андай нерв тамырлары жок. Ошондуктан, аналдык секс аларга канааттанууну алып келет.

Темирлан, 35 жашта, Кант:
– Жасалма жыныс мүчөлөр Бишкектин кайсы жеринде сатылаарын жана баалары канча экендигин сурайын дегем.
– Жасалма жыныс мүчөнү Бишкектин Москва-Совет көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Елена” аттуу дүкөндөн табасыз. Баалары 2 миңден ашат. Кантип колдонуу керек экендигин сатуучу түшүндүрүп берет.

Азамат, 20 жашта, Бишкек:
Оң жумурткамдын кан тамыры жооноюп кетти. Бирок, өтө деле чоң эмес. Эмне кылса болот?
– Муну медицинада “варикоцеле” дейт. Башкача айтканда, көк кан тамырларынын жооноюп кетиши. Бул ооруну урологдор операция жолу менен айыктырышат.

Даярдаган Айганым Байдөөлөт кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
altysha.kg
2013-07-04 23:12:47
rahmat jakshy keneshter eken
+1
tariel01
2014-04-05 18:41:46
варикоцелени операциясыз.дарылар менен айыктырса болобу?.менде эки калтамдын тамыры ишиген
0
abdel-8819
2017-07-14 14:06:22
Бул адамдын көзү тирүүбү?
0
abdel-8819
2017-07-14 14:07:39
Бул сексапатологтун көзу тирүүбү?
0
№ 244, 6-12-июль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан