“Ата-эненики ар дайым туура деген тарбияда өскөнбүз”
– 1963-жылы Ысык-Ата районунун Жер-Казар айылында төрөлүп өстүм. Ата-энем дыйкан болчу, 8 бир тууганбыз. Мектепте жакшы окудум деп айта албайм, комсомол, пионерге өтпөй калган учурларым болгон. Ал кезде камчы, чыбык менен таяк жесек да ата-энебизге нааразы болчу эмеспиз. Үй-бүлөлүк Уставдын 2 пункту бар болчу. Биринчиси – ата-эненики ар дайым туура, экинчиси – эгер ата-эненики туура эмес десең, биринчи пунктту кара деген. Азыр эми балдарга катуураак сүйлөп койсоң эле таарынып калышат. Ата-энем мени жаш кезимден эмгекке көндүрдү. Турмуш шартка байланыштуу 8-класстан кийин мектепти таштап, бир фермада уй багып иштегем. 11-классты кечки нөөмөттө окуп бүтүрдүм. Андан кийин экскаватор айдоону үйрөткөн кесипке окугам, азыркы Ысык-Көлгө кетчү айланма жолду (объездной) биз куруп баштап бергенбиз.
Биздин заман менен азыркы замандын адамдарын көп салыштырам. Ал кезде Фрунзе, бир жолу автобуста баратсам бир мас киши чыгып калды, “силер жаман ойлобогула, менин жол жүрүү билетим бар” деп билетин көрсөтүп калды. Карабайсыңбы, ошол замандын аракечинин пейилин, 5 тыйынга да алдагысы келген жок. Ошол аракечтин пейили бүгүнкү мечитке барып жүргөн айрымдардыкынан бир топ кенен болчу. Баары трансформация болду, сүйүү, мамиле, бардык нерсенин баасы-баркы кетти, баары акчага барып такалат.
“Туулган күнгө чакырбай коюшканда абдан намыстангам”
– Биздин класста Рашида, Анюта деген сулуу кыздар бар эле. Балдардын баары экөөнө ашык болчу. Мен Анютаны жакшы көрчүмүн. Бир күнү Рашида туулган күнүн өткөрмөй болуп, ага 1 рублдан чогултууну чечтик. Акча чогултуп жатышты, менден эч ким сурабайт. Эртең туулган күнгө жөнөп жатканда сурашса керек деп өзүмдү соороттум. Жаман оюмда классташтарым туулган күнгө баратып мени кошо кетишет деп аябай күттүм. Бирок эч ким келген жок, эки классташым үйдүн жанынан өтүп кетишти. Туулган күнгө бардык классташтарды чакырып, мен эле калыпмын. Ызага муунуп, ачууланганымды сураба, аябай ичим күйдү. Чыдабай кечинде Рашиданын үйүнө барып терезеден алардын жыргап отурганын аңдыдым. Ошондо ичимден “шашпагыла, мен райондук компартиянын биринчи катчысы болом, анан жаңы УАЗ машине алам. Айдап келе жатканымда силер кышында үшүп жол тососуңар, ошондо мен силерди албай кетип калам” деген элем. Азыр ойлосом, ал кезде чимкиригимди тыңыраак тарта албаган, жүдөгөн бала экенмин, ошого мени кошкусу келишкен эмес окшойт. Калгандары бүт кыйындардын, тың чыкмалардын балдары эле да. Ошондогу эң “крутой” деген классташтарым айылда калып калышты, азыр тамашалап “арабыздан сен эле тың чыктың” деп калышат.
“Талапкер болсом эле мени камай беришер эле”
– 2000-жылы парламенттин 2-чакырылышына депутат болгуча ар кайсы тармакта тытынып иштегем. Бир да мамлекеттик кызматта иштебептирмин. 2005-жылкы парламенттик шайлоодо да депутаттыкка ат салышып, аягында сот Иса Өмүркуловдун пайдасына чечип берип койгон. 2010-жылы да депутаттыкка талапкерлигимди койгом, ал кезде Ош окуяларын айта коём деп Кубатбек Байболов деген башкы прокурор мени камап койгон. Талапкер болсом эле мени камай беришер эле. 2015-жылкы шайлоого катышайын десем үй-бүлөмө кысым көрсөтүштү. Унаамды өрттөп кетишкен, балдарымдын коопсуздугунан коркуп баарын чет өлкөгө кетирип жибергем. 2021-жылкы шайлоодо да эски видеодогу билдирүүлөрүмдү негиз кылып камап коюшту. 2005-жылдары бир топ депутаттар менен аябай чабышкам. Ошол эле Иса Өмүркуловго 5 кылмыш ишин козготком. Кийин ошол мен чабышкан депутаттар бийликке келишип өчүн алышпадыбы. Абакта отуруп депутаттык мандат алган тарыхта мен эле болушум керек. Абактан БШКга алпарып мандатымды берип, кайра түрмөгө киргизип коюшпадыбы. Өзүм деле түшүнбөй калгам эмне болгонун. Абактан чыгарда “эми минтип сүйлө, тигинтип айт” деп коркутушат го деп ойлогом. Жок, Камчыбек Ташиев колумду кысып куттуктап, “сизге козголгон кылмыш ишинде эч кандай саясат жок, эч кандай талабым жок, эртең абактан чыгасыз” деди. Көрсө, шайлоодо утулуп калган атаандаштарым ар кандай кептерди жеткирип мени бийликке жамандап барышыптыр.
“Кыска юбка, секретутка дегенге чычалашса, демек, өздөрүн таанып жатышат”
– Кыска юбка боюнча... Бир күнү Ак-Өргө тарапта баратсам, жапжаш эки кыз кыска юбкачан турган экен. Алардын атасындай болгон чоң эле киши “ай-иий, бышып калышкан турбайбы” деп адам уяла турган сөздү айтып жанынан өтүп кетти. Кыргызбыз да, кыргыздын кызы эч качан ич кийими көрүнүп калгыча кыска кийинген эмес. Мен ал сөзүмдү дагы деле кайталайм, балдарыбызды, кыздарыбызды көзөмөлдөшүбүз керек. Балким, ошол кыска кийим деле зордукчуну азгырып жаткандыр. Көйгөйдүн алдын алуу жолдорун карашыбыз керек да, жыйынтыгы менен күрөшпөй.
Ал эми секретутка боюнча... Мындай сөз айтылып эле жүрөт. Секретутка – кылган ишинин дайыны жок, жөн эле жетекчисине жакканы үчүн айлык алып иштеп жүргөн кыз. Аны “ойнош” деп айтсак да болот. Кыска юбка, секретутка дегенге теригишсе, демек, өздөрүн таанып жатышат. Ошон үчүн чычалап ар кандай сөздөрдү жазып жатышат. Мага айтылган сындарга чычалабайм деле, айрымдар “сакалың өрттөнгүр”, “гаңгир баш” деп жазышат экен. Ичимден “ой, силер деле менден алыс кетпепсиңер” деп коём. Балким, сын маданияттуу жазылса кабыл алмакмын. Депутатпыз, колдогондор да, сындагандар да болот, бул нормалдуу көрүнүш.
“10 жылдан бери үйдө таңкы тамакты мен жасайм”
– Сүйүүнүн деле баркы кетти. Жаштар көбүнчө сүйүү менен кумарланууну алмаштырып жатышат. Таанышып эле өбүшөт, дагы бирдемелерди кылышат. Анан бат эле кумары тарап, мамилелери сууй баштайт. Ушул кантип сүйүү болсун? Эркек турмуш курушу үчүн эң негизгиси – анда аталык сезим ойгонуш керек. Ал сезим эркекке 28-30 жаштарда келет. Сүйүү – үй кургандай эле түйшүктүү иш, аны эки адам чогуу багышы зарыл.
Бир жолу эртең менен ойгонсом аялым уктап жатыптыр. “Койчу, ойготпой эле коёюн, уктап алсын” деп ашканага кирип кофе даярдадым, интернеттен карап тамак жасадым. Анан аялым ойгонуп ашканага келди. Мен жасаган тамакты жеп, кофени ичип тим эле укмуш суктанса болобу. “Койчу, сен ушундай даамдуу тамак жасай алат белең, мм-мм...” деп бир тамшанат. Көрсө, аялдык куулугун ойготуп мени мактаган тура. Ошентип 10 жылдан бери үйдө эртең мененки тамакты мен жасайм (күлүп). 50 жаштан өткөндө досторуң деле азайып, балдарың деле келип-кетип, жаныңдагы аялың эң жакын досуңа айланат. Мен УКМКнын абагында отурганда жанымдагы жаш жигиттер “сиз такыр эле кабатыр болбойсуз го, беймарал уктайсыз” деп таң калышты. “Мен айрымдарга окшоп катылган акчаларымды кантип алып чыгам деп баш оорутпайм, кемпириме билген нерсемди үйрөткөм. Кемпириме, балдарыма керек болсом чуркашсын” деп күлгөм.
Лунара Бекиева