“Унааны жакшы көрөм, бирок унаасына чымын кондурбай караган фанаттардан эмесмин” дейт ырчы Адилет Азимов. Ырчы мырза жаңы алган унаасы, жубайынын “эми унааңдын ичинде жашайсыңбы?” деген тамашасы жана башка кызыктары тууралуу айтып берди.
Үлгүсү: Kia Sorento
Чыккан жылы: 2017-жыл
Кыймылдаткычынын көлөмү: 2000 сантиметр куб, турбодизель
Жогорку ылдамдыгы: Саатына 240 чакырым
Баасы: 24 миң доллар
– Адилет мырза, эйфориядан чыга элек экенсиз...
– Ооба, бул унаамдын Түштүк Кореядан келгенине 3 эле күн болду да, эйфориядан чыга элекмин. Унаамдын ичинен чыкпай калдым, жубайым “эми ушул жакта жашайсыңбы?” деп тамашалап жатат. Унаа айдоого бала кезимден кызыгам. 500-1000 сомдон чогултуп отуруп 19 жашымда 2 миң доллар топтоп коюптурмун. Ата-энем миң доллар кошуп, Тоyota Corona сатып алгам. Аны 2 жылдай айдадым. Анан Астанада өткөн Шамши Калдаяков атындагы эл аралык сынактан 1-орунду ээлеп, 5 миң доллар байге беришкен. Үстүнө акча кошуп, 6,5 миң долларга Япониядан Honda Inspire алдыргам. Ал унааны сатып, акчасын үй салууга жумшадым. Ал кезде Зарина (ред.: жубайы) продюсерим болчу, анын Toyota Ist үлгүсүндөгү унаасын чогуу айдап жүрдүк. Майды аз жеген бышык унаа экен, аны менен Ош, Ысык-Көл, Нарынга чейин барып келдим.
– Ошондо Toyota Ist кайрадан жубайыңызда калыптыр да...
– Ооба, Зарина аны деле, кааласа муну деле айдай берет. Жубайым электромобилге кызыгып жатат. Буюрса, алабыз. Азыркы унаам да экологияга зыянын тийгизбейт. Булардан түтүн деле чыкпайт, системи тазалап турат. Экологияга зыян келтирбейин деп атайын ушундай унаа издегем. Адам унаа алып жатканда өзүн гана эмес, элин, жерин да ойлой жүрүшү керек деп эсептейм. Кышында Бишкекте кандай абадан дем алып жаттык, баарыңар эле көрдүңөр да.
– Алгач канча жашыңызда рулга отургансыз?
– Бутум педалга жете электе эле атамдын астына отуруп алып айдачумун. Чоңоюп калганда атамдын унаасын айдап кетип, балдарды салып алып коңшу айылдарга барып келген кызык болчу. Бир жолу атама айтпай айдап жүрө берип бензинин түгөтүп коюптурмун. Атам ошондо “мен жолдо калбадымбы. Айтып койбойт белең, мен сени качан урушчу элем” деген. Ошондон кийин унаасын сурабай айдагандан уялып калгам. Атам чындыгында мени такыр урушчу эмес. Негизи баланы уруп-согуп, чапкылабай эле жай түшүндүрсө, акылы бар бала дароо эле түшүнөт экен.
– Унаа сиз үчүн?
– Экинчи аялымдай эле. Көп убакыт жанындамын, көп жумушумду бүтүргөнгө жардам берет. Айрымдар унаасын биринчи орунга коюшуп, чымын кондурбай карашат го, мен анчалык фанат эмесмин. Бирок унааны жакшы көрөм. Унаага жакындык каныбызда бар. Ата-тегимден унаага жакынбыз. Мотор жасап, унаа оңдоп иштегендери бар. Мен деле кандай учур болбосун унаамды оңдоп алып айдап кетем, кантип оңдогонумду кээде өзүм деле түшүнбөй калам.
– Айып пулдардын суммасы жогорулап кыйын болуп жатабы?
– Кудайга шүгүр, канча жылдан бери унаа айдап келатам, бир гана жолу айып пул төлөгөм. Ал да менин эмес, МАИ кызматкерлеринин күнөөсү. Шаарда айдап баратсам, МАИ кызматкери жолду унаалардан тазалап жатыптыр. Айдагыла деп белги берип жатса катуу айдаш керек окшойт деп катуураак айдап камерага түшүп калыпмын.
– Рулда жүргөндө эмне көбүрөөк ачууңузду келтирет?
– Тыгындар. Жумуштарым көп, бирок тыгындардан заарканып барбай жүрөм. Анан маршруттук такси айдагандарга жиним келет, эч нерсеге карабай айдашат го. Хонда Фит айдагандар да эреже бузуп башкача айдашат. Мен эч кимди кыйнабай абайлап айдайм. Унаамдын ичинде адам болсо, анын да ыңгайын ойлойм. Мисалы, унаада адам уктап баратса, аны ойготуп албайын деп жай айдайм. Мунун баарын мага атам үйрөткөн. Ал убагында айдоочу болуп иштеген да.
– Жеке жашоодо эмне жаңылыктарыңыз бар? Жубайыңыздын сизге жаккан сапаттары кайсылар?
– Мени дайыма колдоп турганы аябай жагат. Мисалы, мен азыркы айдап жүргөнүмдөй унааны жактырып жүргөм. Бир жолу салондон көрүп, “ушундай унаа жагып жүрөт, автосалондо турат. Көрүп кыялданып чыкпайлыбы” десем, “жүр, кеттик” деди. Кээ бирлер “койчу, сага андай унаа айдаганды ким коюптур” демек болуш керек. Ал болсо “сага ушул унаа жарашат экен” деди. “Сатып алсак сонун болмок” деп кыялданып чыктык. Анда унаа сатып алганга акчабыз деле жок болчу. Зарина китепти көп окуйт, үйдө да китеп көп. Мени кыйнап бир мотивациялык китеп окуткан. Ошол китепти окугандан кийин ойлогон ойлор ишке ашарын билдим. Жубайым артка тартпай, алдыга сүрөп турат. Мага эмне жакса, ошону үйрөнгөнгө аракет кылат. Мисалы, лыжа тепкенди жактырам. Мага жагат экен деп ал да тепкенди үйрөндү, ага да жагып калды. Мага жаккан тамактарды издеп таап, үйрөнүп жасайт. Бардык аялдар эркекти сыйлап, барктап, өйдө көтөрмөлөп турса, эркек ой-максаттарына жетет. Ошол эле учурда эркек да ийилип, каралашып, жардам берип, эркелетип, сыйлап, коргоп, сөз тийгизбей турса, аял да 2 эсе аракет кылат экен.
– Кызыңыздын кылыктары чыгып калдыбы?
– Ооба, 3 айдан ашты, улам кылыктары чыгып жатат. Мурда досторум “балам минтип калды, тигинтип калды” дешсе, “бардык балдар эле ошентет да” деп койчумун. Көрсө, ошентип досторумду таарынтып алчу экенмин. Балаң колун көтөрүп койсо деле кубана берет турбайсыңбы. Кызым экөөбүздө энесинин курсагында жатканда эле байланыш пайда болгон, ошондо эле жакындыкты сезе баштагам. Азыр жанынан чыккым келбейт. Азыр да үйгө шаша баштадым.
– Анда эрте коё берели. Бар болуңуз!
Перизат Музуратбекова