БИР, ЭКИ, ҮЧ! ОРОЗОДО БАТ ДАЯРДАЛЧУ ТАҢКЫ ДААМДАР

Ооз бекитерде суусатпаган азыктарды – өтө туздуу, майлуу, ышталган, аябай куурулган тамактарды жебеш керек. Ал эми күнү бою суунун балансын сактоо үчүн тамактын алдында, андан кийин да жылуу суу ичип коюу туура дешет нутрициологдор. Саарлыкта береке бар дегендей, сөзсүз түрдө ооз бекитиңиз. Шашылып жатсаңыз төмөнкү рецепттер жардамга келсин.

Жашыл салат

Керектелүүчү азыктар (2 порция үчүн):

Брокколи – 300 грамм

Жумуртка – 3 даана

Авокадо – 1 даана

Бадыраң – 2 даана

Каймак – 1 аш кашык

Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Брокколини тутамынан ажыратып, каскандын табасына салып бууга 5-7 мүнөт коюп бышырабыз. Сууга бышкан жумуртканы аарчып чоңураак, авокадону аарчып ичкерээк туурап алабыз.

2. Бадыраңды жууп, тең экиге бөлүп жарым тегерек туурайбыз.

3. Бардык азыктарды бириктирип, каймакты кошуп, туз себелеп аралаштырабыз. Витаминдүү, тоюмдуу салатыбыз даяр!

Соустагы тоок эти

Керектелүүчү азыктар (2 порция үчүн):

Тооктун төш эти – 250 грамм

Сарымсак – 4 тишче

Бал – 1 аш кашык

Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

Алма уксусу – 1,5 аш кашык

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Тоок этин манжадай узун бөлүктөргө бөлүп туурап алабыз.

2. Сарымсакты эзип, ага бал, алма уксусу, туз, мурч салып аралаштырабыз да, тоок этине куюп тегиз аралаштырабыз.

3. Көмөч казанга өсүмдүк майын куюп, ысып чыкканда тоок эттерин салабыз. Эки тарабынан тең кызартып 5-8 мүнөт бышырып алабыз. Таңкы заматта даярдалчу тамагыбыз даяр!

Ашкабак крем шорпосу

Керектелүүчү азыктар (2-3 порция үчүн):

Ашкабак – 500 грамм

Пияз – 1 баш

Сарымсак – 3 тишче

Өсүмдүк майы – 20 миллилитр

Кам каймак (сливки) – 20 миллилитр

Кайнак суу – 500 миллилитр

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Алгач жашылчаларды тазалап, майда туурап алабыз.

2. Көмөч казанга майды куюп, ысып чыкканда пиязды салып кызартып, артынан эле сарымсакты салып аралаштырабыз. Андан соң ашкабакты кошуп 2-3 мүнөт кууруп алабыз да, кайнаган сууну куюп 20 мүнөт кайнатабыз. Ал арада туз, мурч татытып коёбуз.

3. Даяр болуп эзиле түшкөн шорпону миксер менен чалып бир массага келтиребиз да, табактарга салып, үстүнө кам каймактан 1 аш кашыктан куябыз. Ашкабак дандарын, татымалдардан үстүнө себелеп жакындарга суна бериңиз.

Таңкы смузи

Керектелүүчү азыктар (2 порция үчүн):

Банан – 2 даана

Йогурт же айран – 1 стакан

Бал – 1 аш кашык

Финик – 4-5 даана

Бадам – 2-3 аш кашык

Сулу акшагы – 4 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Алдын ала сулу акшагын кайнатып даярдап алабыз. Муну жатарга чейин эле даярдап койгон оң. Муну менен катар муздаткычтан йогуртту да алып чыгып жылуу жерге коюп коюңуз. Мискейге 1,5 стакан суу куюп, кайнап чыкканда сулуну салып аралаштырып, жай отто 10 мүнөттөй кайнатабыз.

2. Бананды кабыгынан тазалап алабыз. Бардык азыктарды жана кайнатылган сулуну блендерге салып 1 мүнөт эзип алабыз. Бадам менен финиктин ордун башка жаңгак, кургатылган жемиш менен алмаштырсаңыз болот. Ток кармаган смузибиз даяр!

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1061, 7-13-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан