Амина Акматова, диджей: “АТАКТУУЛУКТУ ЖАКШЫ КӨРБӨЙМ”

Угармандар үнүнө, күлкүсүнө, сөз тапкычтыгына ашык болгон жаркылдаган диджей кыз. Эфирдин ажарын ачып, купулга толчу сөздөрү менен угуучуну өзүнө тартып турат. Маектешим – “Миң кыял” радиосунун диджейи Амина Акматова.

ДИДЖЕЙ КЫЗДЫН...

Туулган жылы, күнү – сыр тутат

Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Түп району

Билими – жогорку. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин бүтүргөн

Хоббиси – “саякатчы бака” болууну жакшы көрөт

ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Сөзүнө турбаган, жоопкерчиликсиз адамдар менен мамиле кура албайт.

Кекчил эмес.

Радио ал үчүн кызыгы түгөнбөгөн чоң дүйнө.

Бат чечим кабыл алат.

Болгон сырын апасы менен бөлүшөт.

– Салам, Амина! Адегенде диджейлик жол кантип башталды деп сурайынчы...

– Саламатсыздарбы? Сиздерге интервью берип жатканыма кубанычтамын. Диджейликти Каракол шаарынан, 3-курс кезимде баштагам. Университеттеги эжебиз жергиликтүү радиолордун биринде кастинг жүрүп жатканын айтып калды. Бир топ кыз барып, алар үнүбүздү жаздырып алышкан. Бир күнү чалып чакырышты. Барсам дароо эле эфирге чыгарышып, ошентип иштеп калгам.

Радиого келген ырчылар “сен эмне бул жакта отурасың? Бишкекке барышың керек экен” деп калышчу. Бир күнү Алтынай Нарбаева, Бактыгүл Бокоева эжелер барып, мага аябай шык берип кетишти. Ошондо Бишкекке келүүнү ойлондум. Шаарга келип, азыркы жетекчибиз Тынчтыкбек Кожобековдон сабак алып, агайдын радиосунда иштеп калдым. Андан кийин агайымдын сунушу менен “Миң кыялга” келдим. Бул жерде иштеп жүргөнүмө 5 жылдан ашты.

– Ушул 5 жылдагы жетишкендигим деп эмнелерди баса белгилейт элең?

– Эң биринчиси – угармандардын сүйүүсүнө арзыганым. Ар бир эфирде сонун сөздөрдү айтышат, ата-апалар батасын беришет. Көпчүлүк бар жерде сүйлөп калсаң “сен Аминасыңбы?” деп үнүмдөн тааныгандар болот. “Миң кыялда” иштегениме 5 жылдан ашты. Бул арада УТРКнын мыкты кызматкери, 2022-жылы УТРКнын отличниги деген наам алдым. Бул мен үчүн чоң жетишкендик.

– Албетте. Сенин оюңча, диджейлик оор кесиппи?

– Оор эле кесип дейт элем, анткени мен үчүн башында оор болгон. Жөндөп, жолун таап, угармандардын купулуна толо баштагандан кийин радио мага абдан кызыгуу жарата баштады. Учурда жумушумдан бир башкача ырахат алам. Негизи бир эле учурда сөзүңдү, оюңду башкарып, аны менен бирге пультту, техниканы башкарыш үчүн деле чеберчилик керек. Бир учурда башка эле тармакка кетейин деген да ойлор болгон, бирок жан дүйнөм такыр коё бербей койду.

Кесибим боюнча филологмун. Караколдо мектепте да иштегем, бирок мугалимдик меники эмес экенин түшүнгөндөн кийин балдардын убалына калбайын деп жыйыштыргам. Мектепте 3 жылдай иштедим. Мектеп менен радиону бирге алып кетчүмүн. Тайпалаштарым жумуш таба электе менин эки жумушум бар эле. Алар мага аябай суктанышчу.

– Диджейден эфирдеги кызыктуу учурларды сурабай койсок болбос...

– Кызыктуу учурлар өтө көп болот. “Алтын микрофон” деген автордук программам бар, анда кыз-жигиттин айтышы болот, аккордеончу, комузчу, ырчылар келишет. Бир жолу же чарчаганмынбы, же уйкумду башкара албай калдымбы, айтор, бир ырчы кыз ырдап жатканда эфирде уктап кетиптирмин. Бир маалда чочуп ойгонсом, микрофон маңдайыма катуу тийди. Берки кыз күлдү, мен да каткырдым, калгандары байкабаптыр, түшүнбөй калышты. Эфирден кийин тиги кыз: “Эже, сизди ойготоюн деп комузду катуу чертип, үнүмдү бийик чыгарып ырдасам да сезбей койдуңуз”, – деп жатпайбы (күлүп). Ушундай учурлар болуп калат, байкатпай кырдаалдан чыгып кеткенге аракет кылабыз.

– 70 жаштагы Амина Акматованы кандай элестетесиң?

– 70 жаштагы Аминаны таягы жок, түптүз баскан, тишинин баары шурудай тизилген, ошол эле учурда чачын бир аз эле ак баскан деп элестетем. Карылыкка моюн сунгум келбейт. Колдон келсе ошол учурда деле радиодо иштегим келет.

– Туулган жериң, ата-энең тууралуу да кеп кылсак?

– Мен Түп районунун Сары-Тологой айылынан болом. 7 бир туугандын алтынчысымын, менден кийин сиңдим бар. Атам бир да жолу бизге үнүн бийик көтөрүп сүйлөгөн эмес, өтө кыраакы адам. Апам макалдатып сүйлөгөн акылдуу аял. Ушундай жакшы адамдардын тарбиясын алып, эрке өскөн кызмын. Айрыкча эркектердин одоно мамилесин көтөрө албайм, дароо эле көзүм жашылдана түшөт. Үйдө атама өзгөчө жакынмын. Ии, баса, атам силердин гезиттин туруктуу окурманы, ар бир санын калтырбай окуйт. Таппай калса бирөөдөн алдыртып болсо да окуп чыгат. Бул санын окуса аябай сүйүнөт болуш керек. Ата-энем менин ар бир ийгилигиме, угармандардын мага айткан жакшы сөздөрүнө менден өтүп сүйүнүшөт. Аларга абдан ыраазымын.

– Сүйүү ааламында эмне кеп? Жүрөк ээси же угармандар арасында сезимин билдирген жигиттер барбы?

– Ооба, гүл жөнөткөн, сезимин арнаган, чайга чакырган жигиттер бар. Гүлүн жөнөтүп “мен сизди бул даректен күтөм” дегендер болот. Бирок жолугушууга барып көргөн эмесмин. Угармандар менен аралыкты сактагым келет. “Сезимиңизди арнаганыңыз үчүн рахмат” деп эле коём. Көңүлүмдү таба албай жүргөн жигиттер көп. Гүлүн жөнөтүп коюп, чакырган жерине барбаганым үчүн эфирден туура эмес сөздөрдү айткандар да болгон.

– Кандай жигиттер жагат?

– Негизи мени “дерзкаясың” деп көп айтышат. Айткан сөзүнө турган, көп сүйлөбөгөн, ошол эле учурда тамашаны жактырган, анан кыздар байлыгына карашат дей беришет го, мага чынында бутка турган жигиттер жагат. Сиңдилериме да “биринчи кезекте тегине карагыла, кандай жигиттин тукумун улантам” деп ойлонгула дей берем. Жигит бир туугандарына, ата-энесине, жакындарына кам көрөбү, жардам береби, ушунун баарына көңүл бурам. Жигиттин март болгону жакшы, кандай гана учур болбосун жакындарын колдоп турушу керек.

– Маектин башында диджейликтен кетким келген учурлар болду дедиң. Эмне себептен андай ойлор келди?

– Башында аз айлыкка иштечүмүн, эч нерсеге жетчү эмес. Бишкекке жаңы келгенде көп кыйналгам. Түнү менен ашканада иштеп, күндүзү эфирге чыккан учурлар болду. Ошол кезде акчасы көбүрөөк башка тармакка кетким келген. Мамлекеттик жумушта иштегим келбей, “5 жыл билим алып анан ушундай аз акчага иштеп каламбы? Эмгегим, убактым текке кетеби?” дечүмүн. Бир кийимди улам жууп-кургатып бир жума кийчүмүн. Бирок баары бир эфирди коё бере алган жокмун. Ал учурлар өттү-кетти.

– Социалдык түйүндөрдө баракчаларың көпчүлүккө жабык экен. Атактуулук жакпайбы?

– Атактуулукту жакшы көрө бербейм. Өзүм жөнүндө маалыматтарды сыр туткум келет. Жашымды, жеке жашоомду айткым келбейт. Социалдык тармактагы баракчама достук сунуштагандар көп, бирок өзүмө жакын санаган адамдарды гана кошом. Көпчүлүктүн көз алдында болгум келбейт, бирок диджейликти жакшы көрөм.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1061, 7-13-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан