Анеля Токтогонова, мушкер: “СПОРТТО КЫЗДАР МЫРЗАЛАРДАН КЕМ ЭМЕС”

“Аккан арыктан суу агат” деген сөзгө каарманыбыз – мушкер Анеля Токтогонова мыкты мисал. Ал белгилүү спортчу, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Эмил Токтогоновдун кызы. Анеля жакында Таиландда өткөн One FC уюмунун аралаш уруш боюнча турниринде жеңишке ээ болуп, спорттук карьерасында рекордун жаңылады. “Кыргызстанда Шевченконун жолун улантып кетчү келечектүү спортчу кыздар бар, кыргыз кыздары абдан күчтүү, тайманбас”,- дейт ал.

– Куш келипсиң, Анеля. Маегибизди спорттун аралаш уруш түрүнө кантип келип калганыңдан баштасак...

– Белгилүү спортчу Эмил Токтогоновдун кызымын, спортту сүйгөн адамдардын үй-бүлөсүндө өстүм. Атам Кыргызстан боюнча “WEF GLOBAL” уюмунун негиздөөчүсү жана вице-президенти. Атамдын колунан көптөгөн MMA мушкерлери тарбияланып, ийгиликке жетип жүрүшөт. Мен кичинемден спортко жакын болдум, секелек кезде атамды ээрчип, машыгуу залына барам десем, балалыгында ойноп оюнга тоюп алсын дегенби, ээрчитчү эмес. 13-14 жашка келгенде атам “машыгууга барбайсыңбы” деп калды. Бирок ал кезде мен башка нерселерге кызыгып, спортко каалоом калбай калган болчу. Апам түртмөлөп, мени машыгууга жөнөтүп жатты. Спортчу болушума апамдын да салымы зор. Биринчи машыктыруучум Елена Шевченко тай боксу боюнча көп ыкмаларды үйрөтүп, мени мыкты мушкер кылып таптады. Кийинчерээк эл аралык беттештерге чыгып баштаганда атам өз колуна алды.

– “Октагондо былчылдашып мушташуу кыздарга ылайыктуу иш эмес” деп жактырбагандар да бар?

– Спорт өнүккөн сайын кайсы түрүндө болбосун айымдар мырзалар менен тең тайлашып өздөрүн сынап жүрүшпөйбү. Демек, биздин дараметибиз мырзалардыкынан кем эмес деп ойлойм. Кыздар муну далилдеп жатышат. Аралаш уруш – спорттун жаңыдан өнүгүп келе жаткан түрү катары көпчүлүк кыргыз кыздарынын кызыгуусун күчөтүүдө. Машыгуу залына барсаңыз ММА мушкери болуп, октагондо өзүн көрсөткүсү келген кыздар толтура.

– Беттештерде жеңилип калсаң оор кабыл аласыңбы?

– Башында бокс менен машыкчумун, ошондо көп ыйлагам. Финалдык беттеште кичинекей катачылык үчүн же аз эле упай айырмачылыгы менен утулуп калганда, албетте, ызаланып ыйлагың келет. Негизи спорт менен машыккан адам депрессияга көп кабылбайт. Анткени бардык ал-күчүң машыгууга кетип, физикалык жактан чарчагандан кийин башка нерсе тууралуу ойлонууга шайың деле келбейт. Мен, мисалы, ар бир машыгуудан ырахат алам, үйгө келгенде ушундай бир эйфория болосуң, жаш баладай таза болуп, келип эле чарчагандан төшөккө сулап жатып каласың. Дайыма өзүмдү ушундай абалга жеткире машыккан жагат.

– Сенин куржунуңда кандай жеңиштер бар?

– Учурда 17 жаштамын, куржунумда 3 жеңиш, 1 жеңилүү бар. Жакында Таиландда өткөн беттеште кезектеги атаандашымды жеңдим.

– Атактуу Валентина Шевченко өзүнүн расмий баракчасы аркылуу сени куттуктады. Бул сага сонун стимул берсе керек?

– Туура айтасыз, Валентина Шевченко мен Таиландга барарга жакын, беттештен кийин да өз баракчасынан куттуктап, ONE FC уюмунда урушкан алгачкы кыргыз кызы” деп жазды. Бул уюм UFC’ге чейинки этап, ар бир MMA мушкери UFC’де урушууну кыялданат. Менин да кыялдарымдын бири ушул. Валентина Шевченко – киндик энем, мен төрөлгөндө атам экөө ысымымды чогуу коюшкан экен. Мени дайыма “кызым” дейт. Кыргызстанга машыгууга келгенде аймактарга такай чогуу чыгабыз. Атам экөө жакшы достордон, анткени экөө тең спортту машыгуучу Павел Федотовдун колунда тарбиялануудан башташкан. Шевченко куттуктаганда эле “болду, мен утушум керек” дедим. Анын колдоосу мага дем-күч берди. Артымда атамдын да аброю турган, аны да уяткаргым келген жок. Бизде намыс бийик турат эмеспи, атаандашым орусиялык Александра Савичеваны утуп алдым. Жаш спортчу үчүн бул жакшы эле көрсөткүч болуш керек.

– Ар бир спортчунун өзүнүн “коронный” ыкмалары болот, сеники кандай?

– Менин “фишкам” – көбүнчө муунтуу ыкмасы. Буга чейинки 3 атаандашымды тең муунтуу ыкмасы менен мөөнөтүнөн мурда уткам. Бир жолу гана корей кызы менен толук раунд мушташып, упай айырмачылыгы менен жеңилип калгам. Ал корей кызы UFC’нин тандоо этабында турган, кытайлык белгилүү MMA мушкери Вэйли Чжан менен беттешкен кыз экен. Утулсаң деле кетирген катачылыктарыңды кайталабай турган сабак аласың.

– Алгачкы беттеш эсте калат эмеспи, сеники кандай болду эле?

– Атам апта сайын беттеш өткөрүп турчу, ошолордун биринде мен да чыгып жеңишке жеткем. Биринчи атаандаш, албетте, сүрдүү болот. Мени колдоп атам, апам, туугандардын баары келишкен. Беттешип жатсам атам мен тарапка чуркап келип “Анеля, кызым, давай, бул ыкманы жаса, андай кылба” деп берилип кыйкырып алган. Жанында апам турат кыйкырып колдоп. Ошентип көпчүлүктүн колдоосу менен атаандашымды уткам. Спортчу үчүн жакындарынын колдоосу зор мааниге ээ. Эгер үй-бүлөдө спортко жакын балдарыңар болсо, эч качан кемсинтпегиле. Дайыма колдоп, “дух” берип гана туруш керек.

– Спорттон тышкары кандай кызыгууларың бар?

– Чынын айтсам, спорттон башка кызыгуум деле жок (күлүп). Убактымдын көбү үй менен машыгуу залында өтөт. Бош болсом англис тилин үйрөнүү курсуна барам. №10 мектепте кечки нөөмөттө окуйм. Мектептеги эжейлерим да “биздин спортчу кыз” деп көп жардам кылып, сборго чыкканда сабактан бошотуп турушат.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1061, 7-13-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан