АЛЬВЕОКОККОЗ – БООРДУН ТЫМЫЗЫН ДУШМАНЫ

Акыркы жылдары боорун алмаштырууга муктаж жарандардын саны өсүп баратат. Мунун бир себеби – боорду билиндирбей жарактан чыгарган альвеококкоз дарты. “Бул дарттан калктын жумушка жарамдуу бөлүгү көп жабыркайт”,- дейт Бишкектеги №1 клиникалык оорукананын хирургу Съездбек Айтбаев.

Кантип жугат?

– Альвеококкоз оорусун альвеококк аттуу мите курт козгойт. Курттун узундугу 1,2-3 миллиметрге жетет. Оорунун 2 “кожоюну” болот: туруктуу жана алып жүрүүчү. Табигый булагы делип жапайы чычкан, суур, ондатралар эсептелет. Буларды түлкү, карышкыр, чөө, иттер жеп алышып, туруктуу “кожоюндарга” айланышат. Мите курттар алардын ичегисинде чоңоюп, өсүп жетилишет. Жетилген курттун ичинде толо жумурткасы бар арткы муунагы (членик) үзүлүп түшөт да, жумурткалар сырткы чөйрөгө тарай баштайт. Муунакта миңдеген жумуртка болот. Иттен бөлүнүп түшкөн арткы муунак көлмөгө, бакчадагы кулпунай, татымал көк чөптөрдүн (укроп, петрушка, жүсай) үстүнө, балдар ойногон аянтчага, сарайга түшүшү мүмкүн. Иттин жүнүнө жабышып алгандары да болот.

Адамга жумурткалар итти сылап-сыйпоодон, булганган жерге оонаган малды кармалагандан, терисин сыйрыгандан жугат. Балдар көбүнчө оюн аянтчасынан жуктуруп алышат. Ошентип адам жашылча, көк чөптөрдү жакшылап жуубай колдонгондо, булганган колун жуубай же чала жууп тамактанганда нан, кашык, тамак менен кошо жумурткалары ичке кирет да, адам ооруну алып жүрүүчүгө айланат.

Кайсы органга жабышса, ошону жей башташат

Митенин жумурткалары ичегиге барганда сырткы кабыгынан бошонуп канга кошулат да, кан менен кошо жылып жөнөйт. Билесиз, боор организмдин башкы фильтри болгондуктан канды чыпкалайт. Уулар менен кошо жумурткалар боордо кармалып калат. Кокус боордо кармалып калбаса анда кан менен андан ары жылып отуруп өпкө, мээ, жүрөк, көк боордун биринде кармалып, ошол жерде өсүп чоңоё башташы мүмкүн.

Жумурткалар кайсы органда кармалып калса, ошол жерде куртка (личинкаларга) айланып, органды жей башташат. Курттар ууларды бөлүп чыгаргандыктан дене ууланат. Оору шишик (рак эмес) түрүндө өөрчүйт жана чоңоё берет. Шишикти кесип көргөндө көрүнүшү сырга окшошуп кетет. Хирургдар бул дартты “мите курт рагы” деп да атап жүрүшөт. Анткени акырындап шишиктеги курттар канга кошулуп, ал аркылуу башка органдарга тарап кетип, метастаз жаратышы мүмкүн. Мисалы, оору боордо болсо, метастазда өпкө, бөйрөк, мээ, көк боор, курсак көңдөйгө чейин тарайт. Курттар лимфа аркылуу да башка органдарга тарай алышат.

Альвеококкоз көбүнчө боордо кездешет. Бирок нейрохирургдар аны мээден алып чыккан учурлар да бар.

Жайлоодон келген иттер коркунучтуу

Жайлоодон келген иттерден ооруну жуктуруу коркунучу жогору. Анткени алар тоодон суур, чычкандарды жеп, альвеококкозду жуктуруп алуулары мүмкүн. 2011-жылы Алай районуна врачтар барып, элди УЗИ аркылуу текшергенде бир үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн баары: 9 адам альвеококкоз жуктуруп алышканы белгилүү болгон. Атүгүл 3 жашар балада да аталган оору бар болуп чыккан.

2019-жылы Нарындын Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында 20 окуучудан альвеококкоз дарты табылган. Негизинен бул дарт малды көп баккан жана эли жайлоого көп чыккан аймактарда көбүрөөк кездешет.

Диагноз

УЗИ

Магниттик-резонанстык томография

Кандын, зааранын биохимиялык анализи

Ооруган органдын рентгенографиясы жана доплерографиясы

Оорунун белгилери

Дарт кайсы жерде болсо да оорунун жалпы белгилери булар:

Тамакка табиттин жоктугу

Жеген тамакты аш кыла албоо, арыктоо

Алсыроо, өңдүн кубарышы

Теринин кычышуусу (курттар ууларды бөлүп чыгарат)

Эгерде оору боордо болсо:

Оң тараптагы кабыргалардын астынын салаңдап оорушу

Боордун чоңоюшу

Кекиртектин венасынын чоңоюшу (варикоз)

Боордун клеткаларынын калыңдашы, кармап көргөндө катуу сезилиши

Эгер шишик өт жолун бөгөп өсүп калса, анда өт суюктугу денеге сиңип, дене саргаят

Суюктуктун ич көңдөйдө топтолушу

Өтүшүп кетсе цирроз жаралат

Дарылоо

Эгер шишиктин өлчөмү 3 сантиметрге жете элек болсо, дары-дармек менен дарылоо сунушталат. Анын ичине мите куртка каршы, иммунитетти көтөрүүчү, ууларды чыгаруучу дарылар, витаминдер топтому жана башкалар кирет. Дарылоо этап менен абдан узак жүргүзүлөт.

Операция ыкмасы. Шишиктин өлчөмү чоң болсо, оорунун очогу 2 же андан ашык жерде болсо жасалат.

Боорду алмаштыруу. Бул операция жасап айыктырууга мүмкүн болбогон учурда, мисалы, боордун 15-20 пайызы гана соо калганда, оору циррозго өтүп кеткенде, шишик чоң кан тамырлардын жанында жайгашып, аны толук тазалап алып салууга мүмкүн болбой калганда жасалат.

Метастазда адамдын өмүрүн дары-дармек менен гана узартып турууга мүмкүн.

Оорунун алдын алуу

Малчылар жайлоодон келгенден кийин иттерин байлап, аларга альвеококкозго каршы дарыларды бериши керек. Заңдарын 1 метр тереңге көмүү шарт

Малдын шишикчеси бар органдарын иттерге бербей көмүү же өрттөп салуу зарыл

Иттерге альвеококкоз оорусуна каршы 1 жылда 4 ирет дары берүү кажет. Оору жукпашы үчүн жолбун иттерди аттыруу сунушталат

Жылына 1 ирет УЗИге түшүп, ички органдарды текшертүү

Өпкөнү рентгенге тарттыруу

Жеке гигиена эрежелерин сактоо

Ашканада эт үчүн өзүнчө, жемиш, жашылча, нан үчүн өзүнчө бычак колдонуу сунушталат

Этти толук кайнатып же кууруп колдонуу керек. Мите курт 70 градустан ашык ысыкта гана өлөт

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1061, 7-13-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан