БИР ОБРАЗДЫН УЛУУ АКТЁРУ

Жүрөктө калган жылдыз

«Кинонун өмүрү кыска» дешет. Кино тез картаят, бирок эч качан картайбачу да тасмалар бар. Ошол тасмалардын арасына Шурик деген каарманы менен белгилүү тасмалар эч талашсыз кирет. Ошол образдын жаратуучусу, орустун улуу актёру Александр Демьяненконун өмүр жолуна саякат.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Александр жашоосунда эки жолу никеге турган. Марина менен 16 жыл өмүр сүргөн соң, 1975-жылы режиссёрдун жардамчысы Людмилага баш кошот. Өзү балалуу болгонго эч качан батына алган эмес.
  • Күйөрмандардын жүз­дөгөн баалуу белектеринен баш тарткан. Алардын арасында Тольяттиде машина заводунан чыккан жаңы унаа да бар.
  • Телевидениеде үн кошуучу болуп иштеген. Анын үнү менен сүйлөп калгандардын арасында Жан-Поль Бельмондо, Жон Войт, Роберт Де Ниро сыяктуу актёрлор да бар эле. Тасмалардан тышкары мультфильмдерге да үн кошкон.
  • «Кавказ туткунундагы» эшектин аты Люся болгон. 1948-жылы туулган. Люся 2003-жылы орустардын «Спецназ» фильмине да тартылган.

АТАДАН КАЛГАН ТАЛАНТ
Атактуу актёр 1937-жылы 30-августта ошол кездеги Свердловск, азыркы Екатеринбург шаарында жарык дүйнөгө келген. Баланын төрөлгөнү баарынан да таенесин кубанычка бөлөйт. Анткени аял жандуу күйөө баласы перзенттүү болгондон кийин токтолот деп үмүт кылат. Атасы Сергей Демьяненко ГИТИСти (театралдык окуу жай) аяктаган актёр эле. Ал күйөрман кыздары менен көңүл ачууну токтотпойт. Анысы аз келгенсип үй-бүлөсүн таштап, башка бийкечти жандап кетип калат. Александр апасы менен таенесинин колунда калат. Ошентсе да атасынан кол үзбөйт. Аны менен тез-тез жолугушуп, сахна артындагы турмушка, актёрлукка жакшы эле аралашып калат. Актёрлук ийримдерге катышып, атасынан өткөн талантын такшалта баштайт. Бирок 1954-жылы мектепти аяктагандан кийин, апасы менен таенеси анын актёр болушуна каршы чыгышат. Алардын мажбурлоосу менен Свердловск университетинин юридикалык факультетине тапшырып, ошол жерде окуп калат. Көөдөнүндөгү таланты баш бербей, окуусун жакшы окуганына карабай, жарым жылда таштап салат.
Ошентип, “Орусия кенен, бирок Москва керемет” дегендей, борборду багындырууга жөнөйт. Сыноодон ГИТИСке да, Щукин атындагы окуу жайына да өтүп кетет. Тандоого келгенде «атам ГИТИСте окуган» деп ошол жерде калат.

МОСКВА КӨЗ ЖАШКА ИШЕНЧҮ БЕЛЕ?!
ЖОЖдо окуп жүрүп, студент катары өзүн жакшы көрсөтө албайт. Сабактарды көп калтырат. Устаты, профессор Иосиф Раевский анын талантына, келечегине ишенгендиктен, бардык жоруктарын кечирчү. Анын талантын баалап, 3-курсунда киного чакырышат. Ошентип, актёрлук өмүрүндө алгачкы болгон “Шамал” аттуу тасмада башкы ролдордун бирин ийгиликтүү жаратат. Тасмада Митя аттуу жаш, эр жүрөк жигиттин ролун аткарат.
1959-жылы окуу жайды аяктап, Москва шаарындагы Маяковский атындагы театрга орношуп, 2 жыл эмгектенет. Бирок жарытылуу деле ролдор тийбей коёт. Ал ортодо балалык кезинен бери тааныш болгон Марина аттуу кызга үйлөнөт. Жакшы роль тийбей же үстүндө үйү жок, эки жаш түзүк эле кыйналышат. Акыры Москвадан Санкт-Петербургга кетүүнү чечишет. Анткени ал жактан “Ленфильм” киностудиясынан чакыруу түшкөн эле. Киностудия үстүнө үй берет. Ошентип, 1961-жылдан 1964-жылга чейин Демьяненко бир нече фильмдерге тартылууга жетишет.

АТАК-ДАҢК КОШТОГОН КАРА ЖОЛТОЙ ОБРАЗ
1964-жылы Леонид Гайдай өзүнүн белгилүү комедияларын тартууну баштайт. Башкы ролго адам издеп жүрүп, батинкеси тешилет. Ошондо ага «Санкт-Петербургда Александр Демьяненко деген актёр бар. Ошол сенин каарманың» деп айтышат. Эч ойлонбой келечектеги Шурикти көздөй жөнөйт. Аны биринчи көргөндө эле дал ушул актёр анын ийгилигинин ачкычы экенин түшүнөт. Ошентип, «Ы» операциясы жана Шуриктин башка окуялары» комедиясы тартыла баштайт. Ал кезге чейин комедиялык образдарды жаратпаган Демьяненко съёмка аянтына чыгып, режиссёрдун көрсөтмөлөрүн так аткарып берет.
1965-жылы тасма жарыкка чыгары менен даңкталып, актёрго болуп көрбөгөндөй атактуулук алып келет. Андан эки жыл өткөндөн кийин Гайдайдын «Кавказ туткуну же Шуриктин жаңы окуялары» кинотасмасы экранга чыгат. Бул тасма да бүткүл СССР аймагы боюнча баш айланткан ийгиликке жетип, Александр элдин сүймөнчүгүнө айланат. Көчөдөн көргөндөр «оо, Шурик» деп тааный баштаган. Жадакалса кээ бирлери «сен Шуриксиңби?» деп кулагын чоюп, көз айнегин оңдогонго чейин барышчу. Жаратылышынан токтоо жаралган Шурикке мунун баары жага бербейт. Бирок ал кезде күйөрмандардын толкунун токтотуу мүмкүн эмес эле.
Каарманыбызды атак-даңк көп жылдар бою коштоп жүрөт. 1973-жылы Шурик тартылган акыркы «Иван Васильевич кесибин алмаштырат» комедиясы кино сүйүүчүлөргө сунушталат. Бул тасма да көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынып, атак үстүнө атак алып келет. Бирок көп өтпөй актёр үчүн анын Шурикке байланышкан атактуулугу трагедияга айланат. Анткени көпчүлүк режиссёрлор Александрды чоң ролдорго чакырбай калышат. Баары ага түбөлүккө байланып калган Шуриктин образынан коркушат. Анткени режиссёрлорду «көрүүчүлөр, мүмкүн, тасманы комедия катары кабылдап калышат» деген ой кыжалатка салчу.

ЖАШООСУН ҮМҮТ МЕНЕН АЯКТАП...
Ушундай улуу актёр андан кийин кинолорго тартылбай калганбы деген ойдо турасызбы? Жок, ал кинолорго тартыла берген. Өзү эңсеген драмалык чоң ролдорго эмес, майда эпизоддук ролдорго. Өз өмүрүн акыркы күндөрүнө чейин кино менен өткөргөн. Баш-аягы жүздөн ашуун кинолордо образ жараткан. Бирок ошол жүздөн ашуун роль бир Шуриктин образына жетпесе керек. Мына, жарым кылымдан ашуун убакыт өтсө да, “оо, Шурик го” деп анын комедияларын сүйүп көргөндөр четинен чыгат.
Өмүрүнүн акырына чейин «мага бирөө драмалык чоң роль сунуштайбы, ички дүйнөмдөн оргуштап чыккан талантымдын жолу ачылабы?» деп үмүтүн эч качан үзгөн эмес.
Улуу актёр 1999-жылы 22-августта, 62 жаш курагында жүрөк оорусунан көз жумган.
Өмүр аягында «60 жаштан аштым, бирок дагы эле Шурикмин. Бул нерсеге көп жолу кайгырдым. А бүгүн тагдырымдын жазмышы экен да деп күлүп коём» деген экен. Ооба, ар бирибиз үчүн ал түбөлүккө Шурик болуп кала берет. Тагдырдын көрүүчүлөргө берген белеги окшобойбу.

Залкарбек Карабалаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
swan
2011-01-15 04:39:33
filmy s ego uchastiem vezde bilo bezuprechno, vot takie talanti ne umrut
0
rut
2011-01-16 18:04:38
wonderful movie:))
0
Jekintay
2011-01-18 17:29:00
Нинаны суйом да суйом!
0
Aelina
2011-01-19 08:33:16
Абдан жакшы актер эле, кинолору ушунчалык жагат. Коп жолу корсом деле анан, кайра корсом биринчи жолу коргондой боло берет.
0
erkindik
2011-05-27 10:43:12
сонун актер, бугун туулган куну..
0
№ 428, 14-20-январь, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан