Айгерим Эшим: «ЭЛДИН ОЮ МЕНЕН ЭСЕПТЕШСЕҢ, ШОУ-БИЗНЕСТЕ ӨСПӨЙСҮҢ»

Ыр артынан ыр жаздырып, клип артынан клип тарттырып тынымсыз эмгектенип жүргөн шоу-бизнестин дагы бир чырайлуу кызы бар. Ал – Айгерим Эшим. Чыгармачылыгы тууралуу сүйлөштүк, сынчылардын “кулагын ысыттык”, сүйүүнү кеп кылдык.

– Айгерим, салам! Жакында Элзар Тиленбаев экөөңөр тартылган бир видеону жарыялап, астына “сен үчүн ар бир көз ирмемди баалаганды, сени баалаганды үйрөнөм” деп жазып, кайра өчүрүп койдуңуз...

– Клиптен эле үзүндү болчу да. Жөн эле элдин реакциясын көрөйүн деп тамашалап баракчама жүктөп койгом. Ар кандай комментарийлер жазыла баштаганда өчүрүп койдум. Буга чейин деле айтып келгем, Элзар экөөбүз доспуз.

– Түшүнүктүү. Кезектеги суроону “Кетсең кеткин” ырыңыздан улам берейин дедим. Кадырыңызды билбей сыздаткандар болду беле?

– Аябай аракет кылып, ал адам үчүн күйүп-бышып жатсаң, тоготпой, башкача мамиле кылгандар бар го. Кадырыңды билбей кууратканы ошол да. Бул ырымдын сөзү, обону өзүмө таандык. Бирок ырдын маанисинин жашоомо такыр тиешеси жок. “Азап” деген ырымды эл жакшы кабыл алды. Ошол ыргакты, стилди кармап калыш керек болду. Ошондон улам жаралган ыр.

– Жашооңузду чагылдырган ырларыңыз барбы?

– “Ак толкундар” деген ырымдын клиби Улан Эгизбаевдин жаркын элесине арналып тартылган. Бирок ыр мектеп курагымда эле жаралган. Ал кезде жаш туруп мындай кайгылуу ыр ырдасам туура эмес болуп калат го деп жүргөм. Ырды негизи бир жигитке арнап чыгаргам, тоок сүйүүлөр да эми. Экөөбүз бири-бирибизди жактырчубуз. Сүйлөшпөй калганыбызда аябай кыйналган экенмин. Азыр ошондогу кыйналганымды эстесем күлкүм келет.

– Бир эфирге кыска кийимчен барыптырсыз. Анан ошол берүүнүн видеосунун алдына негативдүү комментарийлер жаады...

– Жашоодо чектен ашып кыска кийбем. Ал эфирдеги чолок шымым аябай деле кыска эмес болчу, отурганда кыска көрүнүп калыптыр. Көпчүлүк жаза берет экен да, эл оозунда элек жок. Мен “Кыз-Буракта” тарбиялангам, ал жерден элдин ою менен эсептешиш керек дегенге үйрөтүшкөн. Бирок шоу-бизнесте көптү багынтам десең, элдин ою менен эсептешпей эле коюш керек экенин түшүндүм. Албетте, элди такыр эле укпай коюш керек дебейм. Бирок жөн эле сындап жаза бергендер көп. Бара-бара айтылган сындарга маани бербөөгө өттүм. Бул сапат менде башынан эле бар, бирок “Кыз-Буракта” жүргөндө маани берчүмүн. “Жүрөк сыры” ырын жаңылап ырдап, клип тарттырганымда да кийимиме көп сын айтышты. Ошондо комментарийлерди окуп ызаланып жаман болгом. Андан кийин “элдин сөзүнө маани бербейм” деп өзүмө сөз бергем. Өзүм го көңүл бурбайм, бирок апамды көңүл бурбоого көндүрө албай жатам, бардык терс комментарийлер ага катуу тиет. Атам болсо социалдык желеге кызыкпайт, кирбейт, окубайт. Окуса деле күлүп эле коймок.

– Балким, эл көзүндөгү адам чын эле абдан ачык кийинбеши керектир?

– Ырчы деле адам да. Ар бир адам өзү каалагандай кийине алат. Кимге кандай кийим ыңгайлуу, жарашыктуу болсо, ошону киет да. Сөгүнгөн комментарийлерге мен да сөгүп жооп жазсам, таң калышат. Өздөрүчү? Баарыбыз окшош эле адамбыз да. Болгону мен ырчымын, айырмабыз ошол гана. “Эл адамы” деп бөлө берген мага жакпайт.

– Талантыңызга сын айткандарга кандай реакция кыласыз?

– Талантыма сын айткандарды угам, туура кабыл алам.

– Келбетиңиз, үнүңүз, аракетиңиз, айтор, ырчыга керектүү сапаттарыңыз бар. Бирок эмне үчүн сизде, мисалы, Кызсайкал Кабылова же Гүлназ Чыныбек кызындагыдай популярдуулук жок?

– Бул убакыттан көз каранды го дейм. Кызсайкал жакын курбум го, өткөндө ал ушул тууралуу сөз баштап калды. “Айкош эже, сиз жакшы аракет кылып жатасыз, жакшы чыгасыз, буюрса. Менде башынан эле пайдубал бар болчу да. Атам, Мажит байкемдер менен жүрүп, алар мага пайдубал куруп берип коюшкан. Мен аны улантып кеттим. Сизге эч ким куруп берген эмес да. Аракет кыла бериңиз, баары болот” деп калды. Анын сыңарындай, пайдубалдан, анан, албетте, аракеттен көз каранды. Сиз атын атаган ырчылар көп убакыт мурун аракет кылып чыгармачылык жолу эрте башталган. Эрте башташкан, эрте популярдуу болушту. Менде да, буюрса, баары алдыда. Кээ бир улуу ырчылар “ырларың сонун, эмнеге “жарылбай” жатат” деп калышат. “Жарылат” бир күнү. Кудайга шүгүр, күндөн күнгө таанылып келе жатам. Ырчылыкты баштап жатканда көчөдөн эл тааныса дечүмүн. Азыр көчөгө чыксам, жок дегенде 4-5 адам таанып учурашат, көнүмүш болуп калды бул нерсе. Дароо таанымал болуп кетсем, балким, көтөрө албай калмакмын. Баары орду менен эле келатат.

КЫСКА-НУСКА

– Сулуулук же байлык?

– Сулуулук.

– Элзар Тиленбаев же Мирбек Атабеков?

– Элзар Тиленбаев.

– Көп жигиттин көңүл буруусу жагабы
же бир гана жигиттинби?

– Көп жигиттин.

– Бир жыл интернетсиз жашоо же бир жыл сүйүүсүз жашоо?

– Интернетсиз жашоо.

– Мушташуубу же кайым айтышуубу?

– Мушташуу.

– Китеп же кино?

– Кино.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1062, 14-20-апрель, 2023-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан