Айкөл Аликжанова, модель: “КООПСУЗДУГУМ ҮЧҮН КЫРГЫЗСТАНГА КАЙТУУГА АРГАСЫЗ БОЛДУМ”

Белгилүү модель, актриса, “Кыргызстан сулуусу-2014” сынагынын жеңүүчүсү Айкөл Аликжанова мындан 7 жыл мурун чыгармачылыкты таштап, анын мындай чечими көпчүлүктү таң калтырган. Анткени жылдызы жанып турган учурда эл көзүнөн алыстоо чыгармачыл адамга оңой нерсе эмес. Учурда каарманыбыз үй-бүлөлүү, бир кыздын апасы. Кыргыз-казакка “Дикий Арман” каймана аты менен таанымал Арман Жумагелдиевдин жубайы экенин да билсеңиз керек. Айкөл айым жашоосундагы кескин бурулуштар, сыноолор тууралуу “Супер-Инфого” эксклюзивдүү интервью берди.

– Куш келипсиз, Айкөл! Сизди Кыргызстандан көрүп жатканыбызга кубанычтабыз. Бишкекке качан келдиңиз?

– Саламатсыздарбы? Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып жалпы кыргыз элиме салам айтам. Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу мекениме 2 жылдан бери келе элек болчумун. Бишкекке келгениме 1 ай болду.

– Кызыңыз чоңоюп калыптыр. Энелик бакыттын даамы кандай экен?

– Кызым Мариям-Медина 1 жаш 4 ай болуп калды. Аябай шайыр. Кош бойлуу кезим тынч өттү. Кызым төрөлгүчө сүйүү ушунчалык күчтүү болорун билчү эмесмин. Дүйнөдө ата-энемди, жолдошумду абдан жакшы көрөм дечүмүн. Кызым төрөлгөндө мендеги бардык сүйүү бир адамга чогулгандай болду. “Бала – бакыт” деген чын экен.

– Казакстандын крим чөйрөсүндө белгилүү инсан Арман Жумагелдиевдин жубайы экениңизди билебиз. Сүйүү тарыхыңар кызыгуу жаратат, качан, кантип таанышып калгансыздар?

– Шариятта кыз-жигит деген түшүнүк жок, 3 жолу жолугуп эле баш кошуу керек деп айтылат. Бизде да ушундай болду. Казакстанда курбуларым, бизнес-өнөктөштөрүм бар, алар мага Арман тууралуу айтып таанышуубузга себеп болгон. Биз алгач телефон аркылуу тааныштык. Кийин Стамбулдан жолугушууну убадалаштык. Арманды Казакстанда баары тааныйт экен, көп адамдардан ал тууралуу жакшы ой-пикирлерди уктум. Аны өз элине жардам берип, сүйүүсүнө арзыган казактын Робин Гуду десем болот. Биз Стамбулдан баш кошуу чечимин кабыл алып, ата-энем Түркияга учуп келгенде турмуш курдук. Атам пандемия учурунда каза болуп калган. Бирок биз баш кошкон учурда тирүү эле, Арман менен сүйлөшүп анын эр жүрөк, чечкиндүү, тайманбас сапатын баалаган. Турмушка узап жатканымда “эми сен үчүн тынчсызданбай эле койсом болот, татыктуу адамга турмушка чыгып жатасың” деген. Кудайга шүгүр, биз бардык кыйынчылыкты азыркы күнгө чейин чогуу жеңип келе жатабыз.

– Жолдошуңуз учурда “Казакстанда баш аламандык уюштурган” деп айыпталып абакта отурат. Кантип мындай жагдайга туш болуп калды?

– Негизи Арман чет өлкөдө болчу, кызыбыз катуу ооруп калып, шашылыш Казакстанга учуп келген. Чогуу Түркияга кетмекпиз, бирок ооруканадан “учканга болбойт, наристенин абалы оор” деп уруксат бербей коюшту. Ошол учурда Арман чалып “шаарда абал тынч эмес, митинг болуп жатат окшойт, силер мага – отелге келбей эле батирге бара бергиле” деп калды. Биздин батир окуянын очогу болгон акимиаттын жанында болчу. Атылган октун үнүн угуп, чуу түшкөн адамдарды, түтүндү, баарын көрүп жаттым. Арман бир жолу чалып “элге азык-түлүк таратып жүрөм” деп айткан. 7-январь күнү аны кармап, камакка алышканын жаңылыктардан уктум. Жаңы төрөп, эмчектеги балаң менен жалгыз калсаң, албетте, ыйлайсың, сыгыласың, андан кийин анын кыргыздар тууралуу айткан сөзү тарап кетти... Жамандык жалгыз келбейт деген чын экен, үстөккө-босток сыноолор келип жатты. Арман кармалгандан кийин 1 ай абакка эч кимди киргизишкен жок, оюңа ар нерселер келет экен. Биздин расмий никебиз болгондуктан мага “коргоочу” статусун беришти, ошондон кийин кирип жолуктум. Ал өзү деле толук түшүнбөйт эмнеге кармашканын. “Баш аламандык болуп, эл милиция кызматкерлерин кармап сабап жатканда, мага баары “чыкчы, элди тынчтандырчы” деп суранышты” деди. Карапайым эл, орган кызматкерлери да “элге чыкчы” деп суранып жатса чыкты да. Аны “талап-тоноого, мародёрлукка катышты” деп айыптоо – бул жалаа, тескерисинче, тынчтык орнотоюн деп жүргөн. Элге суусундук таратып, талап-тоноочулукка каршы күрөшүп жүрсө, эми аны январь окуялары үчүн күнөөлүү кылганы жатышат. Эл нааразы болуп, мамлекетке өз талабын коюп митингге чыкса Армандын эмне күнөөсү бар?

– Жолдошуңуздун ошондогу “кыргыздар да Алматыдагы дүкөндөрдү талап-тоноого катышууда” деген сөзү мекендештерди капа кылды, ызалантты...

– Январь окуялары күч алганда өлкөдө интернетти өчүрүп салышты. Мындан улам эл арасында ар кандай такталбаган маалыматтар чыга баштады. Арманга да бирөөлөр “кыргыздар дүкөндөрдү талап-тоноп жатат” деп айтыптыр. Арман, албетте, нес болуп, кийин интернет иштегенде ошол эсинде калган маалыматты түз эфирден айтып алган. Чынында, Арман кыргыздарды абдан сыйлайт “силердин айымдар да, эркектер да тайманбас болушат” деп дайым суктанат. Кыргыздарга жаман ою болсо кантип кыргыз кызына үйлөнмөк эле? Болгону жалган маалыматтарга ишенип алган.

– Жолдошуңуздун иши боюнча тергөө аяктадыбы?

– Арман 1 жыл 3 айдан бери абакта отурат. Өткөн жылдын декабрында тергөө иши бүткөн. Ага коюлган беренелердин үстүнө дагы 9 айып тагышууда. Эмнеге мындай кылып жатышат, түшүнбөй турабыз. Менин божомолумда ошол ызы-чууда эл орган кызматкерлерин укпай, жалгыз Арманды укканы кээ бир мамлекеттик түзүмдөрдүн аброюн түшүрдү окшойт. Бир генерал жолдошумду “бандит” деп жамандаптыр, ошол генералга суроом бар: Сиз өзүңүз кайда элеңиз ошол башаламандык болуп жатканда? Элди коргоо сиздин түздөн-түз милдетиңиз эле, сиз эмне кылып жүрдүңүз?

Мени жакында “коргоочу” статусунан ажыратып, жолдошумдун тергөө иши менен алектенүүгө тыюу салышты. Маалымат жыйын өткөрөлү десек табышмактуу себептерден улам жарык өчүп калат же дагы бир себептер чыгат. Айтор, көп тоскоолдуктарды жасашты. Акыркы күндөрү өзүмдүн, кызымдын өмүрүнөн коркуп баштадым. Коопсуздугубуз үчүн Кыргызстанга келүүгө аргасыз болдум. Кайра Казакстанга барсам эмне болорун билбейм. Мындай мыйзамсыз баш аламандыкты өмүрүмдө көргөн эмесмин.

– Учурда өз кесибиңиз боюнча дизайнерлик ишиңизди улантып жаткан экенсиз?

– Ооба. Кыргыз-Орус Славян университетинде дизайнерлик кесипке окугам. Кесибимди тереңден билүү үчүн модель болуп жүргөм. Учурда өз кесибим менен иштейм, мусулманга ылайыктуу кийимдерди тигебиз. Жумушум мени жагымсыз ойлордон алаксытат. Учурдан пайдаланып мени колдогон замандаштарыма рахмат айтам. Баракчамда эмне деп гана сындап жазышпады, бирок ошолордун арасынан да “антип жазбагылачы, бул кыз жакында эле төрөдү, сүтү жоголуп кетет” деген жакшы адамдар чыгып жатты. Баарыңыздарга рахмат!

Лунара Бекиева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1062, 14-20-апрель, 2023-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан