АССАЛОМУ АЛЕЙКУМ, ЖАРАМАЗАН!..

“Учуп-күйүп биз келдик, ушул үйгө туш келдик” деп айгыр башын тарта албай Кыргыздын белгилүү инсандарынын үйүнө жарамазан айттык. Шаңдуу топ Назира Жетигенова, Ирлан Таалайбеков, Максат Надырбеков, Сурма Тургуналы кызы, Адилет Азимовдон түзүлдү.

Азиз Биймырза уулу, “Манас” театрынын жетекчиси: “АТА САЛТЫ МЕНЕН БИЗДИН ҮЙДҮ ТАКЫЛДАТЫП ЖАРАМАЗАН АЙТЫП КЕЛГЕНИҢЕР СҮЙҮНТТҮ”

Адегенде манасчы, кыргыз улуттук “Манас” театрынын жетекчиси Азиз Биймырза уулунун үйүнө жарамазан айтып кирип бардык. Манасчынын жубайы, алпаруучу Алтынай Турарбекова дасторконун жайнатып, жаш үй-бүлө чыгармачыл топту жайдары маанайда тосуп алды.

“Ата салты, баба наркы менен биздин үйдү такылдатып жарамазан айтып, кыргыз маданиятынын бараандуу өкүлдөрү менен келгениңиздер бизди сүйүнттү. Журт жакшыларынын үйүнө байыртан ушинтип жарамазан айтып келген. Ошол үйгө карата эл ичиндеги таланттуулардын каалоо-тилеги ырдын өзүндө айтылып, “ушул үйгө кут, береке келсин” деп жатат. Эл ичинен бизди ыраа көрүп, атайын келгениңиздерге ыраазычылык билдиребиз, сыймыктанабыз”,- деп толкунданганын жашырган жок Азиз мырза. Алтынай айым ырымын кылып айымдарга жоолук салып, мырзаларга ак калпак кийгизди. Жарамазанчы топтун куржунуна 3000 сом салып узатышты.

Руслан Кыдырмышев, президенттин кеңешчиси: “ЖАРАМАЗАН АДРЕНАЛИН ТАРТУУЛАДЫ”

Сапарыбызды улап, президенттин кеңешчиси, WEF уюмунун президенти Руслан Кыдырмышевдин үйүнө бет алдык. Руслан мырза апасы жана кызы үчөө үйүнүн алдынан сары май, боорсок менен тосуп алды.

“Сиздер жарамазан айтып келе жатканда башкача сезим болду. Адреналин тартууладыңыздар” деди Руслан мырза. Жарамазанчы топ жайыл дасторкондон даам сызып, ыр ырдап, батасын берди. Чыгармачыл топ ак калпак кийип, жоолук салынып, чөнтөккө 5000 сом салып кайтты бул үйдөн.

ЛАЗАТ НУРКОЖОЕВА МЫКТЫ ДАЯРДЫК МЕНЕН ТОСУП АЛДЫ

Айгыр башын тарта албай, “Кыргызстан сулуусу-2020” сынагынын жеңүүчүсү Лазат Нуркожоеванын үйүнө туш келдик... Бул үйдө бизди Лазат айым апасы, эжеси менен чогуу тосуп алды. Үй-бүлө жарамазанчы топко дасторконун жайып, эт салып, беш бармагын сунуп куда тоскондой сыйлады. Шаңдуу топ үй ээлерине дасторкон үстүндө ыр тартуулашты. Баштыкка түркүн даам, устукандарды салып берип, калпак-жоолук кийгизип, шаңдуу топко 20 000 сом карматты.



САЙРА МОМУНБАЕВАНЫН ШАШЫЛЫШТАГЫ СЫЙЫ ЖАГЫМДУУ КӨЗ ИРМЕМ ТАРТУУЛАДЫ

Ырчы, актриса Сайра Момунбаева эжебиз конокторду ооз ачырууга камданып жаткан экен. Даярдык үстүндө ары-бери чуркап жүргөн ал жарамазанчы топту үйүндө күтүп, сыйын көрсөтүүгө да жетишти. Ушул жерден алпаруучу Назира Бердигулованы да жолуктуруп калдык. Ал жеке бир долбоору боюнча Сайра айымдын үйүнө барган экен. Сайра Момунбаева жакшы каалоо-тилектерин айтып узатты. Ырымы кылып чет өлкөдөн алып келген сонун “брелокторду” тартуулады.



Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1062, 14-20-апрель, 2023-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан