ЖАЗГЫ ТҮСТҮҮ ДААМ

ЖАШЫЛЧАДАН ШОРПО

Керектелүүчү азыктар (4 порция үчүн):

Түстүү капуста же брокколи – 300 грамм

Пияз – 1 баш

Сарымсак – 2 тишче

Сабиз – 1 даана

Консерваланган буурчак – 1 банка

Картошка – 2 даана

Укроп – 3-4 талча

Өсүмдүк майы – 3-4 аш кашык

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Пияз менен сарымсакты, майда, сабиз, картошканы чарчы туурайбыз. Түстүү капустаны жууп тутамынан ажыратып, сабагы катуу болбосо аны да туурап даярдап алабыз.

2. Казанга майды куюп, ысып чыкканда майдаланган сарымсакты, андан соң пиязды салып 2-3 мүнөт кууруп алабыз. Артынан сабизди салып 3 мүнөт кууруп, кайнап жаткан суудан 1,5 литр куябыз. Туз татытканды унутпайбыз.

3. 5 мүнөттөй кайнаган соң алгач картошканы салып 3-5 мүнөт кайнатып, андан соң түстүү капуста менен консерваланган буурчакты кошуп бышканча 8-10 мүнөттөй күтөбүз. Даяр болгонго аз калганда укропту майдалап себелеп коюу керек.

ТҮСТҮҮ САЛАТ

Керектелүүчү азыктар (3-4 порция үчүн):

Уй же тоок эти – 200 грамм

Бадыраң – 200 грамм

Помидор – 150 грамм

Бөдөнө жумурткасы – 5-6 даана

Колдо бар ашкөк – 1 боо

Лимон – 1 даана

Кызыл пияз – 1 даана

Зайтун же өсүмдүк майы – 20 миллилитр

Уксус (9%) – 2 аш кашык

Туз, татымалдар – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Бизге сууга бышкан тоок же уй эти керектелет. Аны ичке тилимдерге бөлүп туурайбыз.

2. Салаттын даамын чыгаруучу соусун даярдап алабыз. Лимонду узунунан тең экиге бөлүп, жарымынын ширесин сыгып, жарымын ичке бөлүктөргө бөлөбүз. Ширесине май, уксус, татымалдарды кошуп аралаштырабыз.

3. Бөдөнөнүн жумурткасын сууга 2 мүнөт кайнатып бышырып, аарчып тең экиге бөлөбүз. Ал эми бадыраң менен помидор өтө чоң эмес, пияз жарым шакекче тууралат. Салат жалбырагы, шпинат, кинза же сельдерейди кол менен 2-3кө бөлөбүз.

4. Жумурткадан башка бардык азыктардын үстүнө соус куюп аралаштырабыз. Тарелкага салып, үстүнө бөдөнө жумурткасын тизебиз, салатыбыз даяр.

ФЕТУЧИНИ ПАСТАСЫ

Керектелүүчү азыктар (4 порция үчүн):

Тоок эти – 400 грамм

Козу карын (шампиньон) – 250 грамм

Пияз – 1 баш

Фетучини кесмеси же спагетти – 400 грамм

Кам каймак (сливки 20%) – 300 грамм

Каймак май – 50 грамм

Өсүмдүк майы – 20 миллилитр

Шпинат – 1 боо

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Козу карынды майда туурап, ысып турган көмөч казанга салабыз. Козу карындын суусу калбай бууланып кеткенче куурулат. Ага каймак майды салып, ал эригенде пиязды кошуп 2-3 мүнөт кууруйбуз.

2. Тоок этин керте туурап, куурмачка салабыз. Үстүнө туз, мурч себелеп 2 мүнөт аралаштырабыз да, отту бир аз азайтып, капкагын жаап 10 мүнөт демдейбиз. Андан соң кам каймакты куюп, шпинат салып коюуланганча кайнатылат.

3. 2-3 литр сууну кайнатып, ага туз татытабыз да, фетучини кесмесин же каалаган макаронду салып, өсүмдүк майын куюп бышырып алабыз. Кесмени суудан сарыктырып чыгарып куурмачтын үстүнө салып аралаштырабыз. Тамагыбыз даяр!

ЖАЗГЫ БАЛМУЗДАК

Керектелүүчү азыктар:

Мисте – 100 грамм

Кам каймак (33%) – 500 миллилитр

Коюулатылган сүт (сгущённое молоко) – 200 миллилитр

Ванилин – 3 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Мистенин данектерин чыгарып, төрттөн бир бөлүгүн алып калабыз. Ал балмуздак даяр болгондо майдалап кошсо болот. Калганын кайнак сууга 10 мүнөт чылай турабыз. Бул жол менен сырткы жука кабыгы оңой сыйрылат. Аны блендерге салып 30 миллилитр кам каймактан куюп эзип алабыз.

2. Калган кам каймакты миксердин жардамы менен коюуланганча чалабыз. Андан соң аз-аздан коюулатылган сүттү кошуп улам чалабыз. Бул учурда масса суюла түшөт. Акырында ванилин менен эзилген мистени салып кашык менен аралаштырабыз. Контейнерге куюп, үстүн жаап тоңдургучка бир түнгө салып коёбуз. Тоңгон даамдуу балмуздагыбызды идиштерге салып, үстүнө майдаланган мистеден себелеп алып жей берсеңиз болот.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1062, 14-20-апрель, 2023-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан