УТРКнын Музыка телеканалынын алпаруучусу, тамада Максат Доврановдун жан дүйнөсүнө саякаттаганга аракет кылдык. Максат мырзанын теле тармагында жүргөнүнө 15 жыл болуп калыптыр. Кесибинин күнгөй-тескейи, түгөй тандоо, мырзалык сапат, айтор, түрдүү темада баарлаштык.
– Саламатсызбы, Максат мырза? Максат Довранов ким, ал өзүн ким деп тааныштырат?
– Максат Довранов жөнөкөй бир инсан, алып баруучу. Элдин жакшылыгында жүргөн эрке бала, көп жакшы адамдардын замандашы. Өзүмө жакшы баа берип кетейин, мыкты дос, бир туугандарынын ишенген жакыны, энесинин сүйүктүү баласы.
– Алып баруучулук кесип сизде кандай сыпаттарды пайда кылды?
– Алып баруучулук мени ачты. Бул тармакка келгенге чейин уялчаак, көпчүлүктө өз оюмду айта албаган бала элем. Уялчаактыгымдын айынан көп кастингдерге катышпай калгам. Кийин бир адамдын мотивациялык сабагына катышып, ошол дем-күч менен өзүмдү мажбурлап кастингге катышып өтүп кеткем. Алып баруучу болуп иштеп жатканыма 15 жыл болуп калыптыр.
– Ошол уялчаак баланын кыялы эмне эле?
– Кичинемде актёр болгум келчү. Ошол кыял мени телевидениеге алып келди. Теледе иштеп жүрүп, актёр-режиссёрлор менен таанышып, жолумду улап кетсем деген ой болгон. Бирок бул тармакка келгенден кийин актёр болом деген кыялымды унутуп, алып баруучулукка тартылып кеттим. 2013-жылы режиссёрдун чакыруусу менен “Салам Бишкек-2” тасмасына тартылгам. Ошол тасманын бет ачарында балалык кыялымды эстедим. Кийин да 1-2 сунуш түштү, бирок тартылгым келген жок. Алып баруучулук менен гана кетейин дедим. Кийин кошумча киреше табайын деп тамадалык да кыла баштадым. Алгачкы жолу теледен алган айлыгым 125 сом болгон. 6 айдан кийин жумушка толук кабыл алынып, 1700 сом айлык ала баштагам. Иштеп жүргөнүмдө жаш балдар жумушка келсе “ии, булар билбейт да айлыктан айлыкка араң жашай турганыбызды, карыздарыбыз көп экенин” деп боорум ооруй берчү. Көрсө, туура эмес ойлончу экенмин. Себеби жашоомдо моралдык, материалдык жактан чоң ийгиликтерге мени ошол 125 сомдук айлык менен башталган жумушум жеткирди.
– Китеп көп окуйсузбу?
– Алып баруучу болуш үчүн сөз байлыгың кенен болуш керек, мүмкүн болушунча сөздөрдү кайталабаш керек. Башында китеп окучумун. Бир жылдай эфирге текст жаттап чыгып жүрдүм. Редакторлор “жаттап чыга берип көнүп алдың, өзүңдүн оюңду айта албайсың” деп урушушчу. Бирок текст жазыш үчүн аябай даярданып, изденчүмүн да. Ошондо бир жыл жаттаган сөз запасым ушул күнгө чейин жетип келатат. Моюнга алыш керек, 4-5 жылдан бери китеп окуй элекмин. Бул нерсе өкүндүрөт. – Жаш алып баруучулар эфирде же тойдо сүйлөй албай жатса кыжаалат болосузбу?
– Алып баруучулукка жаңыдан аралашып жаткан балдардан андайды байкап калам, бирок жаман көрбөйм. Анткени ал жолду биз да басып өттүк. Биз деле көп жолу жаңылып, туура эмес сүйлөп алган учурлар болду. Жалкоолук кылгандарды да көп көрөм. Аларга мүмкүн болушунча түшүндүргөнгө аракет кылам. Түшүнгүсү келбесе өзүнө эле зыян. Анткени көрүүчү баарын байкап, билип турат. Мисалы, тойду алсак, залда 300 адам отурса, арасынан жок дегенде 2-3 адам сөздүн гүлүн терип сүйлөгөн, сөз баккан киши болот. Алардан жаман сөздөрдү угуп калышың мүмкүн. Ошондуктан аракет кылыш керек.
– Күйөрман кыздар көп жазышабы?
– Күйөрмандарым эжелер, апалар болуп калды. “Сени баламдай көрөм” дегендер бар. “Балам сендей болуп өссө” дегендер да кездешет.
– Сүйүүсүн арнап жазгандарчы?
– Бир жыл мурунку маегимде “жан дүйнөмдүн тынчтыгын таптым, чыныгы бактылуулук динде экен” дегем. Ошондон кийин көп эже, апалардан “сиңдим бар, кызым бар, сүйлөшүп көрбөйсүңбү, балким, тагдырыңар бир” деген билдирүүлөр байма-бай келди. Динде кыздар бирөөнү сүйүп калса, биринчи кадам таштаса болот деген түшүнүк бар. Ошону түшүнгөндөрдөн билдирүүлөр келет. Жазгандар менен сүйлөшүп көрдүм, бирок жолугуп көргөн жокмун. Адам канча аракет кылса да, баары Кудайдын айтканындай болот экен.
– Турмушта сүткө оозуңуз күйдү да, үйлөнүү темасына абайлап мамиле кылып калсаңыз керек?
– Башында “эми жаңылбашым керек, кайра ажырашсам эл эмне дейт” деген коркунуч болду. Бирок антип корко берген деле болбойт экен.
– Жаш өйдөлөгөн сайын кыздарга болгон талаптар күчөй берет дешет го?
– Моюнга алыш керек, бул чын экен. Кээде кыздын бир эле көз карашы, сүйлөгөнү, телефон чалууга жооп бергени деле жакпай калат. Андайда өзүмдүн үстүмдөн иштеп баштайм. “Жок, Максат, андай кылба, бул майда нерсе, кабыл алганга аракет кыл” дейм. Жаш кезде көңүл бурбаган нерсеге көңүл бура баштайт экенсиң. Турмушта абдан эле акылдуу болуп, көп окуп, көптү билүү деле кээде болбойт окшойт деп калам. Жар тандоодо кыйын болуп калат экен. 10 жыл кийинкини ойлой бербей, жакшы көрүп калсаң, ал адам кандай болсо ошол бойдон кабыл алыш керектигин түшүндүм.
– Чыныгы мырза кандай болушу керек?
– Чыныгы мырза – жоопкерчиликти сезип, көтөрө билген мырза. Энеге болгон жоопкерчилик, аны көкөлөтүп алып жүрүшүң керек. Бир тууганга болгон жоопкерчилик - эже, карындаштарыңа таяныч болушуң зарыл. Үйдөгү жоопкерчилик. Башымдан өтпөсө да көп үй-бүлөдөн көрүп, окуганым боюнча айтып жатам, бул – үй-бүлөнү багуу, жубайыңды эч нерседен кем кылбай камсыздоо. Коомдогу жаман окуялардын көбү эркектер жоопкерчиликти сезбей жаткандыктан болууда. Кыздарыбыздын зордук-зомбулукка кабылышы, чет жерде кыйналып иштеп жүрүшү, баарына биз, эркектер күнөөлүүбүз. Аялдарын, кыздарын чет өлкөгө ишке жөнөтүп жатышат, бул – эркектик намыстын жоктугу. Аял жакшынакай кийинип, сулуу жана бактылуу болуп жүрүүгө гана ылайык зат.
КАНЧА?
– Канча жолу коркуп чоң иштерден баш тарткансыз?
– Көп жолу. Азыр мүмкүнчүлук болсо дароо кармап, жулуп алгандардын катарындамын.
– Канча кыз менен сүйлөшүп көргөнсүз?
– Төрт.
– Эң көп канча гонорар алгансыз?
– Бир тойдон 1200 доллар тапкам.
– Бир учурда канча кыз менен сүйлөшүп көргөнсүз?
– 3 кыз менен.
– Канча жолу сүйүүгө кабылгансыз?
– 2 жолу.
– Канча жолу мушташкансыз?
– Мектеп учурунда 1 жолу, студент кезде 1 жолу таяк жегем. Башка мушташып көрө элекмин.
– Мектепте канчанчы атаман элеңиз?
– Артынан эсептегенде биринчи.
– Канча убакта 1 миллион сом таба аласыз?
– 7 айда 1 миллион сом тапкан учурум болгон.
Перизат Музуратбекова