ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 17-апрелден 23-апрелге чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Кандайдыр бир жагымсыз окуялардын чордонунда болушуңуз мүмкүн. Бул кесиптештер менен чыр-чатак же бейтааныш адам менен коомдук жайда жаңжалдашуу болушу ыктымал. Кимдир бирөө агрессия көрсөтсө муштум менен жооп берүүдөн оолак болуңуз. Үй-бүлөлүүлөр буга чейин чыгарган чечиминин натыйжасын көрүп кубанышат. Жалгыз бой койлор жашоосун талдап, анда кандайдыр бир бурулуш жасоону көздөп турушат.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Каржы маселелериңиз карыздын жардамы менен чечилет. Бирок карызыңызды өз убагында бербесеңиз карыздар адамыңыз менен уруш чыгышы мүмкүн. Сүйүү мамилесинде түгөйүңүз сизди жагымдуу эмоцияларга бөлөйт. Мисалы, мончодо чогуу эс алуу же жакын курбулар менен гана отуруш өткөрүү мүмкүнчүлүгүнүн жаралышы. Бойдоктор мурун кол үзгөн адамы менен мамилесин жаңыртып, чогуу келечекке кадам ташташат.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Түрдүү тармактын өкүлдөрү менен баарлашып, тааныштардын чөйрөсүн кеңейтесиз. Жакындарыңыздын бири сизди капа кылып, ал тургай ден соолугуңузга зыян келтириши мүмкүн. Андыктан ортодогу чырды ырбатпоого аракет кылыңыз. Жалгыз бой эгиздер жеңил-желпи жүрүм-турумдан оолак болушканы туура. Ичкилик, келечеги бүдөмүк мамиледен өзүңүз да тажаган учур келет. Жумушта кошумча сый акы алып чөнтөгүңүз кампаят.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Көпчүлүк бөйөндөр сезимдерин башкара алышпайт. Бирок бул сапаттын сизге зыянынан пайдасы көбүрөөк болот. Мисалы, бирөөнү жактырып калсаңыз, сезимиңизди анын бетине айта аласыз. Жумушта башка кесиптештериңизге караганда жамааттык иштердин жыйынтыгына көбүрөөк кабатыр болосуз. Мындай кадамдарыңыздан улам сүйүктүү адамыңыздан кыска убакытка ажырап калуу коркунучу бар.


АРСТАН (23.07-23.08)

Арстандар жумушта жана үйдө лидерлик статусун бекемдөөгө сонун мүмкүнчүлүк алышат. Бирок жылдыздар пафос, текеберлик жана үстөмдүк орноткусу келген тиран болуудан баш тартууну сунушташат. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринин ден соолугуна байланыштуу кооптонуулар жаралышы мүмкүн. Дары-дармектерге же үй жабдууларын оңдоого пландан тышкары чыгашалар болот. Сүйүүдө бейпил жана тынч абал өкүм сүрөт.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Көп жаңылыктарды угасыз. Алардын айрымдары жакынкы пландарыңызды кайра карап чыгууга мажбурлап, ал тургай кошумча чыгымдарды талап кылышы мүмкүн. Алыстан үлпөт тоюна же мааракеге катышууга чакыруу аласыз. Жумушта жетекчиликке кайсы бир маселени чечип берүү өтүнүчү менен кайрылсаңыз аткарылат. Кирешеңиз көбөйүп, алдыда кыймылсыз мүлк сатып алуу пландарыңыз ишке ашат.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Жеке жыргалчылык, жакын адамдар менен болгон мамиле, жумуштагы абал жана учурдагы кирешеңиз сизди абдан канааттандырат. Ошондуктан эс алып, ызы-чуулардан бир азга алыстагыңыз келет. Айрым көрө албастар активдешип, сизге кандайдыр бир ыплас амалдарды уюштурууга аракет кылышы мүмкүн, алар менен эч кыйынчылыксыз күрөшө аласыз. Сүйүүдө “сүйбөгөнгө сүйкөнбө” деген кептин тууралыгына ынанасыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

“Мен” деген сөздү көп колдонгонуңуз түгөйүңүздү кемсинтип коюшу мүмкүн, андыктан дайыма “биз” деп турганыңыз жакшы. Кайсы бир маселени чечүүдө эмоцияга алдырбаңыз, утулуп каласыз. Бирөөнүн купуя маалыматын айтып алуудан сак болуңуз, болбосо ал адам сиз менен мамилесин үзүп салат. Апта соңунда көп жылдан бери көрбөгөн адамга жолугуп калышыңыз ыктымал. Бойдоктор бир көрүп сүйүп калуу сезимине тушугушат.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Узак мөөнөткө пландаган иштериңизден жыйынтык чыгарууда көп эмгек, энергия жана күч сарпташыңыз керек болот. Буга чейинки сиз сунуштаган бардык идеяларыңыз актуалдуулугун жоготот. Жаачы айымдар үй түйшүгү менен болуп, өзүнө кам көргөндү унутуп калышы ыктымал. Бирок качан болбосун сулуу болуу үчүн өзүңүздөн убакыт аябаңыз. Дем алыш күндөрү үйүңүзгө күтүлбөгөн коноктун келиши кыжырыңызды келтирет.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Аброюңуз артып, популярдуу болуп чыга келесиз. Айрымдар коомчулукта урмат-сыйга ээ болуп аброю көтөрүлсө, айрымдары карама-каршы жыныстагы адамдардын сүймөнчүгүнө айланат. Жакындарыңыздын бири сиз тараптан каржылык колдоого муктаж болушу мүмкүн. Апта аягында бойдоктордо романтикалык таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт, ал таанышуу үй-бүлө куруу менен аяктайт.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Эч кимге кеңеш айтып, сындап же кайсы бир чечимин ашкерелөө сунушталбайт. Үйүңүздө оңдоп-түзөө иштерин баштоого ылайыктуу мезгил. Бейтааныш адамдар менен талашып-тартышпаңыз. Жаңы таанышуулар орун алып, ортодо махабат оту тутанып кетиши толук мүмкүн. Бүлө кургусу келген суу куярлар жашоосунун ар бир этабына маани бергени туура, кайсы бир ирмемде сиздин жашооңузда болгон адам менен түтүн булатасыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Сиз тууралуу айтылган жагымсыз кептерди этибарга албай жашаганды үйрөнүңүз. Суук тийүү, жөтөл сыяктуу оорулардын алдын албасаңыз өнөкөткө айландырып аласыз. Жумушта адилетсиздик менен күрөшөм деген менен, кесиптештериңизден колдоо таппай калышыңыз мүмкүн. Андыктан биринчи кезекте жамаат менен сүйлөшүп алып иш баштаганыңыз туура. Уюштуруучулук жөндөмүңүздү сынап, чакан кече өткөрсөңүз болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1062, 14-20-апрель, 2023-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан