ЭНЕРГЕТИКАЛЫК СУУСУНДУКТАР – ОРГАНИЗМГЕ КАТЫЛГАН МИНА

Баамдасаңыз, жаш-кары дебей энергетикалык суусундуктардын потенциалдуу кардарына айландык. Айрыкча мектеп окуучулары менен таксисттер. Албетте, чаңкообуз басылып жаныбыз жыргай түшөт. Боор, бөйрөк оорулары күчөп, операцияга муктаждар күн санап көбөйүп жаткан шартта ушундай суусундуктардын ден соолукка тийгизчү таасирин дагы бир жолу эскертип коюуну туура көрдүк.

СТАТИСТИКА ЭМНЕ ДЕЙТ?

Энергетикалык суусундуктар бул – орточо же күчтүү газдалган алкоголсуз жана аз алкоголдуу суусундуктар. Изилдөөлөргө таянсак, учурда мындай суусундуктарды 10-18 жаштагы балдардын 50 пайызы, чоңдордун дээрлик 40 пайызы колдонот.

ЭНЕРГИЯ БЕРБЕЙТ, ТЕСКЕРИСИНЧЕ...

Энергетикалык суусундуктардын жармалары боюнча эл алардын башкы функциясы – чарчоону басуу, уйкуну качыруу, адамдын ойлоо жана иштөө жөндөмдүүлүгүн арттыруу, чыйралтуу деп түшүнүшөт. Алардын берген таасири ичкенден кийинки алгачкы 1-3 саатта сакталат. Андан кийин адам мурдагыдан да алсырайт. Мунун себебин Орусиялык спорт дарыгери, трваматолог-ортопед Валентин Беляевский мындайча түшүндүрөт: "Энергетикалык суусундуктар энергия бербейт, тескерисинче, анын курамындагы заттар организмдин запастагы энергиясынын бөлүнүп чыгып короосуна шарт түзөт. Запастагы энергия – зат алмашууга, борбордук нерв системинин иштешине өбөлгө түзүп, аз-аздан короп туруучу булак.

Энергетикалык суусундуктун курамындагы углеводдор, кофеин зат алмашууну тездетет. Эгер адам кошумча азык, мисалы, углеводдуу тамак жебесе, анда адамдын запастагы энергиясы адаттагыдан ылдам, бат корой баштайт. Адам суусундукту ичкенден кийин канча бир убакыт сергийт. Бирок анын таасири бүткөндө абалы иче электегиден да начарлайт. Анткени сиз пландагандан да көп энергия коротуп салдыңыз". Ушул эле пикирди орусиялык врач диетолог Ольга Кораблёва, казакстандык врач кардиолог Акнур Алдабергенова жана башкалар айтып чыгышкан.

КУРАМЫНДА ЭМНЕЛЕР БАР?

Курамы негизинен төмөнкүлөрдөн турат: суу, кофеин (же матеин, теин), таурин, гуаран, түс берүүчү заттар (E110, E129), кант, ароматизатор, консервант (E221), кычкылдуулукту жөнгө салуучулар (E330, E331), женьшень, B тобундагы витаминдер. Айрым түрлөрүнө аз өлчөмдө алкоголь кошулат. 500 миллилитрлик банкадагысында орточо 150-170 миллиграмм кофеин (суткалык норманын 50 пайызы) бар.

БУЛ ООРУЛАРЫ БАРЛАРГА КОЛДОНУУГА БОЛБОЙТ:

Гастрит, 12 эли ичеги жана ашказан жарасы

Панкреатит, кант диабети

Калкан сымал бездин оорулары

Жогорку кан басым

Жүрөктүн аритмия, тахикардия жана башка оорулары

Глаукома, талма

Депрессия, уйкусуздук

Психиатриялык оорулар

Ошондой эле 16 жашка чейинкилерге, кош бойлуу жана бала эмизген аялдарга

Болот Турусбеков, гастроэнтеролог: “Кант диабетин, алкоголдук гепатитти жаратат”

– Мындай суусундуктар иммунитетти алсыратат. Демек, организмдин ооруга каршы күрөшүүсү начарлайт. Бул айрыкча балдар үчүн кооптуу.

0,5 литрлик банкадагысында 35-60 грамм же 7-12 чай кашыктай кант болот. Андыктан аны такай ичүүдө нормадан ашыкча кант организмге төмөнкүдөй зыян келтирет:

Нормадан ашыкча кантты сиңирүү, клеткаларга жеткириш үчүн уйку бези инсулинди адаттагыдан көп бөлүп чыгара баштайт. Бул акырындап 2-типтеги кант диабетин пайда кылат

Семиртет

Ашказан маңызынын кычкылдуулугун азайтып, ичегинин микрофлорасын бузуп, тамак-аштын сиңишин начарлатат

Тиштин эмалын бузат

Организмден кальцийдин жуулуп кетишине шарт түзөт, остеопороз жаралат.

Алкоголдуу түрүн такай ичүү боордун клеткаларын сезгентип, клеткалардын азыктанышын бузат. Аягы алкоголдук гепатитке, дарыланбаса боордун циррозуна жеткирет.

Курамындагы кофеинге алкоголь кошулганда эмне болот? Заара көп бөлүнүп чыгып, этил спиртинин бөлүктөргө бөлүнүп, ажырашы кыйындап, адам ууланышы мүмкүн.

Организмде B витаминдер топтомунун өлчөмү көбөйүп, уулануу же аллергия жаратышы ыктымал.

Врачтар мындай суусундуктарды билинбей жүрүп бир күнү күтүүсүз жарылуучу минага окшоштурушат, анткени аларды узакка ичүүнүн аягы организмди иштен чыгарат.

Эсеналы Сарыков, кардиолог: “Жүрөк ооруларын жаратат”

– Энергетикалык суусундукту көп ичкенде анын курамындагы кофеин, тауриндин таасиринен кан тамырлар кеңейет, кан басым көтөрүлөт, жүрөк бат-баттан согот. Ичүүнү адатка айлантса жүрөктүн кагуу ыргагы бузулуп, тахикардия, аритмия оорулары жаралат. Бул акырындап жүрөктүн чоңоюп кетишине жеткирет. Кийин аны дарылап айыктыруу өтө кыйын. Жогорку кан басым оорусун да жаратат.

Акылбек Усупбаев, уролог: “Адамды акыры гемодиализге алып барат”

– Энергетикалык суусундуктарды көп ичкенде курамындагы даам, жыт, түс берүүчү заттар организмди, анын ичинде бөйрөктү уулайт. Такай ичкендерде бөйрөктүн иштеши бузулуп, гидронефроз оорусу жаралышы ыктымал. Эркектер жыныстык жактан шалдыкка туш болот. Спермалардын саны азайып, патологияга учурап тукумсуздук жаралат. Европалык окумуштуулар мындай суусундуктар аялдарды да тукумсуздукка жеткирерин айтып жатышат. Жылдап ичкендерде бөйрөк иштен чыгып, гемодиализге же комага түшүп калуу коркунучу жогору.

Туратбек Кадыров, невролог: “Эс тутум начарлайт”

– Энергетикалык суусундуктар нерв системин дүүлүктүрөт. Көп иче берсе бара-бара болбогон эле нерсеге тынчсыздануу же жинденүү, уйкусуздук, баш оору, баш айлануу келип чыгат. Эс-тутум, ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгү начарлайт. Адам депрессияга жакын болот.

Венера Асанбекова, психиатр-нарколог: “Стресске жеткирет”

– Энергетикалык суусундук адамдын запастагы энергиясын коротуп салгандыктан адам кайра шалдырап, ыкшоо тартат. Андыктан “кечээ тигини ичкенде шайдоот тартып, ыкчам болуп калдым эле” деп аны кайра ичет. Ошентип улам түгөнгөн энергиясынын ордун толтурам деп ичип жүрүп организми ошол суусундукка көз каранды болуп калат. Алкоголдуу түрүн ичкендердин организми улам чоң дозаны “сурай” баштайт. Бул сыра, аракка тартылуунун башталышы. Ичпей калса депрессияга, стресске учурайт.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1062, 14-20-апрель, 2023-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан