БИР БҮРКҮМ. БАТКЕНДЕГИ АЭРОПОРТ 1 АЙГА ЖАБЫЛДЫ...

  • Омск-Ош-Омск туруктуу аба каттамы жанданганы кабарланды.
  • Бишкекте 31 жаштагы жигит ижарага алып айдап жүргөн унаасын башкага сатып жиберген деп шектелип кармалды.
  • Элчи Идрис Кадыркулов эми Украинага кошо Молдова, Болгария жана Румынияда элчилик кызматты аркалайт.
  • Учурда өлкөдө Улуу Ата Мекендик согуштун 68 ардагери бар, аларга 9-майга карата 100 миң сомдон берилет.
  • Башкы прокуратура: Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаевге кылмыш иши козголгон эмес.
  • Кадамжай райондук ооруканасында уурулук кылып жүргөн деп шектелип 65 жаштагы жаран кармалды.
  • Айыл чарба министрлиги: Орусия ушул жумада Кыргызстандан балык импортоого койгон чектөөлөрүн ала баштайт.
  • Жогорку Кеңештин депутаттык делегациясы расмий иш сапары менен Санкт-Петербургга кетти.
  • Бишкекте 9-май күнү “Өлбөс полк” жүрүшү өтөт.
  • Оңдоо иштерине байланыштуу Баткен шаарындагы аэропорт 1 айга жабылды.
  • Бишкекте милициянын тергөөчүсү 100 миң сом пара алууга шектелип кармалды.
  • ӨКМ: Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору бойдон.
  • 11-апрель күнү Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
  • 2023-жылкы ажылык сапартын баасы 3900 доллар экенин муфтият эскертти.
  • Баткенде УКМКнын кызматкерине 35 миң доллар пара берип жаткан жеринен жергиликтүү тургун кармалды.
  • Жыл башынан бери Кыргызстанга Орусиянын абагынан 15 жаран которулганы маалымдалды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1062, 14-20-апрель, 2023-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан