Айта кетсек, 2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлүп, ага саясатчылар, коомдук ишмерлер, укук коргоочулар жана жарандык активисттер мүчө болушкан. Комитет жыйын өткөрүүгө жетишкен, андан кийин “массалык баш аламандык уюштурууга даярдык көрүүдө” деп анын мүчөлөрү массалык түрдө кармалган. Аталган кылмыш ишинин алкагында жалпы 27 жаран кармалып, камакка алынган. Алардын арасынан айрымдары буга чейин үй камагына чыгарылганы белгилүү. Жарандык активисттер Орозайым Нарматова менен Перизат Суранова быйыл январь, февраль айларында ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.
Бир катар эл аралык уюмдар, Кыргызстандагы оппозициялык күчтөр кармалгандар абакта негизсиз отурганын айтышып, аларды бошотууну талап кылып келишет. Жакында депутат Тазабек Икрамов да аларды абактан бошотууга чакырган эле.