- Министрлерден кайсы бир долбоорлорду ишке ашырууга акча сурасак, каражаттын баары Баткенге кетип жатат деп алакан жайышат. Ал эми аймактарда бөлүнгөн акчаны кайда жумшашты билбей отурушат. Былтыр августта 500 миллион сом бөлүнгөн. Лейлектин акимчилиги ал акчанын 40 миллионун гана коротуп, калганын бюджетке кайтарып берди. Баткендин акими да бөлүнгөн акчаны иштетпей кайтарып берген. Мындай жоопкерчиликсиз акимдерге чара көрбөсө болбойт. А биз акчанын баарын топтоп Баткенге жөнөтүп жатабыз,- дейт Ормонов.
Айта кетсек, 2021-жылы Баткен облусуна өзгөчө статус берилген. Мыйзамга ылайык, аталган облусту өнүктүрүүгө жыл сайын кошумча 500 миллион сом бөлүнөт.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев былтыр 500 миллион сом кечирээк бөлүнүп калганын белгиледи.