МИГРАНТТАР ӨЛКӨГӨ 2 АЙДА 298 МИЛЛИОН ДОЛЛАР КОТОРУШТУ

2023-жылдын фефраль айында мигранттар Кыргызстанга 151,4 миллион доллар которушту. Бул ушул жылдын январь айына салыштырганда 4,7 миллион долларга көп. Улуттук банктын маалыматына таянсак, 2022-жылдын февралында мигранттар 187 миллион доллар которушкан.

Каражаттын көбү мурдагыдай эле Орусиядан которулган (137 миллион доллар). Калган мамлекеттерден 4,1 миллион доллар, АКШдан 2,8 миллион доллар которулганы маалымдалды. Жалпы январь-февраль айларында мигранттар которгон акчанын суммасы 298,1 миллион долларды түзөт. Бул 2022-жылдын алгачкы 2 айындагы суммага салыштырганда 66,5 миллион долларга аз.

2023-жылдын февралында өлкөдөн 49,5 миллион доллар чыгарылып кеткен. Бул быйылкы январь айындагыдан 8,4 миллион долларга аз. Ал эми 2022-жылдын февралындагы суммага салыштырганда 8,4 миллион долларга көп. Акчанын көбү Орусия (34,3 миллион доллар) менен Түркияга (14 миллион доллар) чыгарылып кеткени айтылды.

Быйылкы январь-февралда Кыргызстандан чыгарылып кеткен акчанын суммасы 107,4 миллион долларды түздү.

Айта кетсек, 2022-жылы өлкөгө мигранттар 2 миллиард 928 миллион доллар которушкан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1062, 14-20-апрель, 2023-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан