Башкы прокуратурадан тергөө функциясы алынышы мүмкүн. Мындай пикирди 11-апрелде Жогорку Кеңештин 2 комитетинин биргелешкен жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.
2022-жылы декабрда депутат Жеңишбек Токторбаев прокуратура органдарынан тергөө жүргүзүү укугун алып салуучу мыйзам долбоорун демилгелеп чыккан.
Зулушев бул маселе коомчулукта көптөн бери көтөрүлүп келе жатканын эскертти.
– Тергөө кызматынын ыйгарым укуктарын ИИМ менен УКМКга бөлүп берүү пландалууда. Андан тышкары өзүнчө тергөө департаментин түзүү боюнча да сунуштар түшүүдө. Биз реформага барышыбыз керек, акыркы чечимди президент кабыл алат,- деди Зулушев.
Айта кетсек, ушул аптада Жогорку Кеңеш башкы прокурордун 2022-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчётун угуп, канааттандырарлык деп тапты.