Нурлан Шакиев, Маданият жана маалымат министри: «ТАШИЕВДИН СУНУШУ МЕНЕН КЫЗМАТКА КЕЛДИМ»

Маданият жана маалымат министри Нурлан Шакиевге каршы кылмыш иши козголгондугу тууралуу маалыматтардан улам, иштин чоо-жайын билмекке аны кепке тарттык.

– ЭлТРдин жетекчилигинен кет­кениңизде сизге карата кылмыш иши козголгон экен. Министрлик кызмат­ка келген соң бул иштин кайра көтөрүлгөнү эмнеден?
– Кечээ прокуратурага барып, мага карата ачылган кылмыш иши менен таанышып чыктым. Элге түшүнүктүү болсун үчүн кыскача тарыхын айта өтөйүн. ЭлТР телеканалында иштеп турганымда куудул Жамбыл Камчиев концертине жарнама берем деп кайрылып калды. Келишим боюнча акчасын дароо төлөбөй, кепилдик кат жазып, кийин бермекчи болду. Айтылган убакытта карызын төлөбөгөндүктөн, 2 айдан кийин юристти жөнөттүм. Юрист Жамбыл Камчиевди ээрчитип келип, ал концерттен банкрот болуп калганын айтты. Жарнаманын баасы 19 миң сом болгон, бирок куудул концерттин дисктерин 20 миң сомго сатып алууну сунуштады. Биз макул болбой койсок, ал “мен силерге көрсөтөм” деп коркута баштаган. Ушул окуядан кийин “жеп-ичти” деген сөздөр тарап кетти.
– Прокуратура кайсы фактылар боюнча кылмыш ишин козгоптур?
– Ал жерде бир гана далил турат. ЭлТР телеканалында иштеп турганда кабарчылар үчүн жарнаманын акчасына 4 машина сатып алганбыз. Кат менен кайрылганыбызда жарнаманын акчасына алууга макулдугун өкмөт да берген. Болгону, токтом кечигип чыккан. 7-апрель окуясында КТРКнын имараты талкалана баштаганда биз дагы аппаратура жана документтерди жыйнап бекиткенбиз. Алардын кээ бири жоголуп, айрым кагаздарды кайра таптык. Мен аларды прокуратурага көрсөттүм. Эми логикага ылайык, бул кылмыш иши жабылышы керек. Анткени алар өздөрү дагы “ооба, туура” дешти.
– Маданият министри болуп дайын­далганыңыз коомчулукта талкуу жаратууда?..
– Кудайдын буйругу экен, “Ата Журттун” лидери Камчыбек Ташиевдин сунушу менен ушул кызматка келип калдым. Башка партияда элем жана акыркы 8 айда жумушсуз жүрдүм. Бирок мага ишеним көрсөтүшкөнү үчүн макул болдум. Азыркы тапта республикадагы театрларды кыдыруу менен алекмин. Андан сырткары мугалим, медиктер сыяктуу эле маданий ишмерлердин да айлык акысын жогорулатуунун жолдорун издештирип жатабыз.

Эльвира Караева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
shishka
2011-01-14 20:12:27
saga ishenim korsotup chakyrgandar menen bakievdin ubagynda ele dos bolchusun.uch etajdy kurup,bir juma toi berip kaalashyncha kyrgys elinin emgegin sorgongo chon salym koshtun go chirkin.dagy da kosho beresin degen ishenimdebiz.birnchi ajal emes,kyiynsyn nurlan kyjyn.sen uchun achylgan ishterdi jaap koiush sen uchun kyiyn emes.
0
Varvara
2011-01-15 14:49:49
ушундай адам кен да эээ.... кыргыздар онолбой калдык го анда....
0
Кайрат
2011-01-15 18:36:39
Ачыгын айтканда СИ гезити бул санынарда жалан нервге тийип аллергия кылчу адамдардан интервью ала берипсинер. Интервью алган силер да интервью берген алар да аман эле болгула!
0
cosmopolit
2011-01-16 01:09:46
бул озу жаш саясатчы го ... анан аганы коруп ини осот болуп .. акаларынан кем калбайын десе керек...
0
arzamass
2011-01-17 10:00:25
маданият министрлигине Нурлан сыяктуу маданиятсыз адамдын келиши, жалпы кыргыз элитасынын маданиятынан кабар берет
0
dina
2011-01-17 10:10:55
Оой койгулачы, аман эле болушсун!
0
alisam
2011-01-17 20:24:08
Нурлан байке, чынында кучтуу кадр. Ээй оюн айтып аткандар кичине акыл эсинер барбы? Бакиев менен кимдер гана иштешпеди. Отунбаева, текебаевдере карганда алда канча ак жана таза адам! ЭлТР ди укмуш кылып ондогон аны баары билет, спутнике чыгарды. Маданиятсыз деп аткандардын озу маданиятсыздар, моюнунарга алгыла! А Нурлан байкеге ийгилик! Ичи куйгондор туз жешсин!
0
shishka
2011-01-18 17:52:22
alisam sen nurlandyn emnesi bolosung ancha maktagydai.je sen dagy koshulup tabaktashyp kalganyng uchun meniki da ash bolsun dep atasynby
0
Selya
2011-01-19 16:21:53
мин уккандан бир коргонун жакшы дейт коргондор айтып жатышат ко кыязы
0
№ 428, 14-20-январь, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан