Сейтек Качкынбай, агартуучу: “УКРАИНА БААРЫ БИР ТАРТТЫРГАН ЖЕРЛЕРИН ОРУСИЯДАН КАЙРЫП АЛАТ”

Маектешим Сейтек Качкынбай өзгөчө ой жүгүрткөн, бардык меселеге жеке көз карашы бар адам. 7 тилде эркин сүйлөйт. Учурда аймактарды кыдырып өзүнө пикирлеш жаштарды издеп, чогултуп жүргөнүн айтат. “Мамлекетибизге өзгөчө ой жүгүрткөн жаңы муун керек болууда, мен ошолор менен саясатка барам”,- дейт ал.

– Куш келипсиз, Сейтек мырза? Саясат талдоочу, чыгыш таануучу катары айтсаңыз, бул жашоодогу миссияңыз эмне?

– Саламатчылык, жашоодо 4 миссиям бар. Биринчиси – Кыргыз жарандары биригип, заманбап өлкөнүн нормасына ылайык улутка айлансак. Экинчиси – эркин экономикага ээ болсок. Үчүнчүсү – демократияны, парламентаризмди алып келүү. Төртүнчүсү – өз функциясын толук аткарган, кудуреттүү толук кандуу мамлекетке айлансак. Кыргыз атуулу өлкөнүн кайсы бурчунда болбосун өзүнүн коопсуздугунан күмөн санабай, корголгон өлкөдө жашап жатканын сезсе экен дейм.

– Учурда ушул миссияларыңызды ишке ашыруу менен алексизби?

– Учурда Бишкек ишкерлер клубунда директормун, бул клуб баалуулуктарга негизделген 20га жакын компаниядан турат. Менин негизги баалуулугум – эркиндик менен демократия. Азыркы тапта Кыргызстандын 40 районун кыдырып жүрөм, “билимий дааватчымын” десем да болот. Аймактарда мектеп окуучулары, студенттер, ата-энелер менен жолугушам. Ата-энелерге “балдарыңардын билимине инвестиция кылгыла, аларга сынчыл ой жүгүртүүнү, эмоционалдык интеллектти, чет тилдерин үйрөткүлө” деп жатам. Максатым – сынчыл ой жүгүрткөн жаңы муунду алып чыгуу. Ошол муун менен өлкөнүн миссиясын толук аткарса болот.

– Сыртыңыздан түнт адамдай көрүнөсүз. Бул сиздеги токтоолуктун гана белгисиби же чын эле жабык адамсызбы?

– Сүрдүү көрүнүшүм мүмкүн, бирок жабык адам эмесмин. Мындай экен да, адам баласы жашоодо өзүн-өзү издеп, таанып, эң жогорку даанышмандык аң-сезимде “кандай болсоң ошондой жүр” деген түшүнүккө жеткенде гана табигый, жөнөкөй боло алат экен. Мен азыр ошондоймун, жасалма боло албайм.

– Эл аралык саясат, мамилелер сиздин көз жаздымда калышы мүмкүн эмес. Учурдун негизги темасы боюнча сурайын. Орусия-Украина согушунун эртеңин кандай элестетип турасыз?

– Муну Орусия-Украина согушу эмес, Орусиянын украиндерге болгон агрессиясы деп айтам. Анткени согуш Орусияда эмес, Украинанын аймагында болуп жатат. Украиндер өз өлкөсүн коргоодо, Орусиянын агрессиясына каршы согушууда. Арийне, бүгүнкү күндө окуя ит жыгылыш абалга окшоп турат. Орустар андан ары тереңдеп кире албай же украиндер бери сүрө албай. АКШдагы согуш изилдөө институту, Улуу Британиянын М16 чалгын кызматы Орусия армиясы катуу алсыраганын айтышууда. Орусия басып алган жерлерин сактап калыш үчүн аба-аскердик күчтөрүн бекемдеп, оор куралдарды ошол аймактарга таштаптыр. 1-2 айдын ичинде Украинанын каршы чабуулун күтүп жатат. Украина да Батыштан жетиштүү курал алып койду. Мен бул согуштун эртеңин кандай көрөм? Украина Орусия басып алган аймактарын толугу менен бошотуп кайтарып алат. Бирок бул эртең же бүрсүгүнү болбойт, убакыттын иши. Империалисттик Орусия кулайт, анын дүйнөнү каратып алам деген баскынчылык саясаты урайт.

– “21-кылымдын кадрлары” деген мамлекеттик программанын алкагында окугансыз? Жоопкерчилик бар, өзүңүздү канчалык мекенге салым кошуп жатам деп эсептейсиз? Канааттанасызбы?

– Ооба, аталган программа менен 1990-жылдары Кытайда окуп келгем. Келечекке багыт тандоодо бул окуу мага өбөлгө болду деп ойлойм. Бакубат коом – бул либерал-демократиялык коом экенин түшүндүм. Жапондор менен корейлерди көргөндө аябай суктандым, болбосо илгери бизди “жапондор бизге душман” деп үйрөткөн да. Көрсө, алардын технологиясын, демократиясын колдонуш керек экен. Мамлекетке канчалык салым кошуп жатканыма тарых өз баасын берсин. Мен азыр ушул багытта иштеп жатам.

– Япония маданиятын, алар карманган системди сунуштап жүрөсүз. Бирок Кыргыз менталитети, элибиздин мүнөздүк өзгөчөлүгү япондорду ийгиликтүү тууроого мүмкүндүк береби?

– Мисалы, телефонду, интернетти колдонуп жатпайбызбы? Сиз менен маектешүүгө жапондор чыгарган унаа менен келдим. Азыр аларды туурабай эле коёюн деп жөө келсем болот беле? Адам баласы бардык жерде бирдей, АКШда деле, Жапония, бизде деле. Сүйүү, кызганыч, көрө албастык, ичи тардык, чын ыкластан бирөөгө жакшылык каалоо да бирдей адамдарда. Ушундай нерселердин баарын жөнгө сала турган систем бул. Жогоруда мен мисал кылган нерселер – жапондордун биз үзүрүн көрүп жаткан эмгеги. Эмне үчүн багбанчылык системин кабыл албашыбыз керек? Демократия – бул өзүнчө өнөр, эртеби-кечпи, эмпирикалык (табийгый тажрыйба) жол менен ошол системге келишти да. Ал эми кыргыздын өзүнүн нарк-насили бар. Сага эч ким даават айтпаса деле энени сыйлайсың, улууну “сиз” дейсиң, жолдо нан жатса тебелеп өтүп кетпей алып коёсуң. Ошол нарк-насил тебелендиде калып, унутулуп бара жатса, демек, күнөө өзүбүздө, аны батыштагылар же жапондор келип бузуп жаткан жок. Балаңыз эмнеге орусча сүйлөп калды? Ал эмнеге сизге “сен” деп кайрыла баштады? Балдарды тарбиялабай, биринчи өзүбүз ата-эне болгонду үйрөнүшүбүз керек.

– Тил үйрөнүүгө канча жыл короттуңуз? Кайсы тилди үйрөнүү жеңил болду сиз үчүн?

– Ушул жерден бир ырыскесерлер жөнүндө айткым келип турат. Жакында бир видео көрдүм, этникалык орус окшойт. “Кыргыз тилин билбейм, тил үйрөткөн ийримдер жок, андан көрө кытай тилин үйрөнөм” деп жатат. Ушундайларды ырыскесерлер деп коёт. АКШдан, Япониядан келген ыктыярчылар 6 айда кыргыз тилинде сайрап калышууда. Анан кантип тиги үйрөнө албайт? Мен өзүм 7 тилде эркин сүйлөйм. Бир да тилди үйрөнүү жеңил эмес. Мисалы, кытай тилин 4 жылда үйрөндүм. Бирок кытайча кино көрсөм, сөзсүз астында котормо тексти (субтитр) менен көрөм. Болбосо түшүнбөй калышым мүмкүн. Себеби кытай тилинде учкул сөздөр көп. Мындан тышкары англис, жапон, корей, өзбек, орус, тилдеринде эркин сүйлөйм. Тил үйрөнүүдө өзүмдүн 7 сырым бар. Бирок анын бирөөсүн гана бекер айтып жүрөм. Бул адатка байланыштуу нерсе. Адат аркылуу адамда мүнөз, эрк пайда болот. Адаты жок адамдар жөндөмдүү болсо да жалкоолуктун сазына түшүп кетет. 5 маал намаз окуган сыяктуу тил үйрөнүүдө да зерикпестен кайсы бир көндүмдөрдү жасап жыйынтыкка жетүүгө болот.

– Бала тарбиясы сиздердин үй-бүлөдө кандай? Үй-бүлөлүк баалуулук дегенди кандай түшүнөсүз?

– Менин 2 кызым бар, улуусу 11, кичүүсү 7 жашта. Экөө тең Японияда төрөлдү. Учурда 4 тилде: кыргызча, жапончо, англисче жана орусча эркин сүйлөшөт. Экөөсүн тең кыргыз мектепке бердим. Анткени кичинесинен жапон бакчасына баргандыктан тилдери жапончо чыкты. Биз азыр ата-эне болгонду үйрөнүп жатабыз. Мен жумасына 2-3 жолу кыздарым менен отуруп сабак окуйм. Кыргызча сабактарынан тапшырмаларын даярдап бүтүшкөндө, мен кайра жапончосун окутам. Үйүбүздө сыналгы жок, көрбөйбүз, маалыматты компьютер же телефондон алабыз. Бизде азыр сапаттуу которулган мультфильмдер жок, ошон үчүн кыздарым жапон музыкаларын, мультфильмдерин көрүшөт. Үй-бүлөбүздөгү негизги баалуулук – эркиндик.

– Илим, саясаттан башка сизде кандай кызыгуулар бар? Балким, эл билбеген өнөрүңүз бардыр...

– Футбол ойнойм, кэндо деген жапондордун уруш өнөрү менен машыгам, ашууларды ашам. Кыргыз тоо жандуу болот эмеспи, Сосновкадан Таласка, Ала-Арчадан Суусамырга, Кадамжайдан Чоң-Алайга ашып өткөм, жөө 3-4 күндүк жол болот. Тоого чыгуунун өзүнүн ырахаты бар, адам өзү менен өзү күрөшөт, сабырдуулукка, ченемдүү жашоого, бар нерсени жеткизүүгө үйрөнөт. Кадимки Орозо сыяктуу, напсиңди сынайсың. Быйыл Зардалыга барып келсемби деп жатам. 20 жыл болду, бир салмакта жүрөм, 4 килограммга чейин арыктап же толушум мүмкүн. Сыры – туура тамактануу жана спорт менен машыгуу.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1062, 14-20-апрель, 2023-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан