“КЫЗЫБЫЗДЫН АСЫНЫП АЛГАНЫНА ИШЕНБЕЙБИЗ”. Маркумдун жакындары күйөө баласынан шекшүүдө

Редакциябызга Атыргүл Абдыкадырова аттуу айым акыйкаттык издеп жүргөнүн айтып кайрылды. Мындан 2 ай мурун асынып каза тапкан сиңдисинин өлүмүнө анын күйөөсү күнөөлүү болушу мүмкүн дейт. Эмнеге таянып күйөө баласынан шектенүүдө?

Атыргүл Абдыкадырова, маркумдун эжеси: “Жакшынакай эле жашап жүрүшчү”

– Нарын облусунун Ак-Талаа районунан болобуз. Каза болгон сиңдим Жазгүл Жыргалбек кызы 1992-жылы төрөлгөн. 2014-жылы күйөө балабыз, ысык-көлдүк Али Калматаевге турмушка чыккан. Экөө 9 жылдан бери түтүн булатып келишкен. Экөөнүн 3 баласы бар, улуусу 7 жашта, кийинкилери 3-2 жашта. Алтын-Ордо конушунда батирде турушчу, менин ата-энем да аларга жакын жерде батирде турат. Сиңдим сабырдуу, токтоо эле, жер тилке алып үй тургузалы деп күнү-түнү тытынып иштеп жүрчү. Ошол Алтын-Ордо конушунда кир жуучу жай иштетип жаткан. Күйөөсү эки айдан бери Ысык-Көлдө курулушта иштеп, Бишкекке жакында эле келген болчу. Идеалдуу, такыр урушпаган үй-бүлө болчу деп айта албайм, сиңдим күйөөсүнөн таяк жеген учурлар болгон. Бирок жакшынакай эле жашап жүрүшчү.

“Күндүз жаркылдап жүргөн адам кантип эле кечинде асынып алсын?”

– Күйөө баламдын айтымында, окуя мындайча болуптур. 2023-жылдын 10-февраль күнү сиңдим Жазгүлдүн Тиктокто түз эфирде отурганын көрүп, күйөөсү урушуп эшикке чыгып кеткен экен. Дүкөнгө барып сыра сатып алып, аны ичип келгиче эле сиңдим үйдүн кире беришинде асынып алган имиш. Эмнеден улам? деп сурасак, “Тиктокто жигиттер менен сүйлөшкөнүн кармап алганым үчүн уятына чыдабай асынып алды” деп жатпайбы. Сиңдимдин баракчасын карасаңар болот, өзүнүн бир да сүрөтү жок. Түз эфирге ошол өзү иштетип жаткан кир жуучу жайын жарнамалап чыгышы мүмкүн, бирок жигиттер менен таанышуу иретинде кантип чыгат? 3 баласы бар эне болсо өзү. Сиңдим каза болор күнү шаардагы 13 жаштагы кызым анын үйүнө келип “эртең дүкөнгө барып мага кийим тандашып коюңузчу” деп суранса, жакшынакай эле “макул, анда эртең эрте турайын” деп калган экен. Адам өзүн-өзү асып алышы үчүн олуттуу себеп керек го. Күндүзү жадырап-жайнап жүргөн адам, кантип кечинде асынып алышы мүмкүн? Сиңдимдин 10-февраль күнү саат канчада каза болгонун да так билбейбиз. Атама таңкы саат 6ларда чоочун эле бирөөлөр чалып “кызыңыз өзүн-өзү асып алды” деп кабарлаптыр. Атам жетип барса “Тез жардам” кызматы келип, милиция кызматкерлери күйөө балабызды суракка алып жаткан экен. Атам шок абалда эмне кылар айласын таппай калган. Өлүкканага алып барып денени союшкан. Ошол күнү кечинде эле Ысык-Көлгө алып барып жерге берели дешкен экен, туугандар ызы-чуу кылып, күтүп тургула деп чогуу бардык.

“Шекший турган көп себептер чыгууда...”

– Сиңдимдин кайнатасы “биз сөөктү түнкү саат 2:30дан бери күтүп жатабыз, биздин кыз болуп калды, биз жерге беребиз” деп сөөктү талашты. Ошондуктан сиңдим кайсы убакта каза болгонун билбейбиз. Бирөөсү түнкү саат төрттө, экинчиси беш жарымда, кайнатасы эки жарымда деп жатат. Ал эми атама эртең менен чалышкан. Мындан улам күйөө балабыз сиңдимди өлтүрүп коюп, анан туугандарын чакырып, кылмыш ишин жашырыштыбы деген күмөн ойлор болууда. Сумканын боосуна асынып алыптыр дешти, бирок моюнундагы тактарды көрүп өзү асынбай эле ошол боо менен бирөө муунттубу деген шектенүү бар. Себеби көзүнүн үстүнөн, мурдунан, желкесинен көк ала тактарды көрдүк. Бирок күйөө балабыз “сөөктү түшүрүп жатканда бир жерге урунуп калса керек, менин Жазгүлгө таптакыр колум тийген жок” деп карганып жатат. Медициналык экспертиза денесиндеги көк ала тактар сиңдим каза болгонго чейинки тактар экенин тастыктады. Каза болор күнү сиңдим дүкөнгө кирип карызга азык-түлүк алган экен, лагман жасайм деп. Сатуучу аял да “дүкөндөн жакшынакай эле күлүп-жайнап чыгып кеткен” деп жатат.

“Күйөө балабыздын кебетесинен санаа тартканы билинбейт”

– Күйөө балабыз окуядан бир жума өткөндөн кийин эле 3 баласын алып Ысык-Көлгө ата-энесиникине кетип калган. Кебетесинен санаа тартканын, кайгырганын такыр байкаган жокмун. Өлдү, көмүп кутулдук, бүттү. Булардын колунан эмне келмек эле дегендей мамиле кылып жатат. Сиңдим каза болгондон кийин кайын журту келип Куран окутуп да кеткен жок. Жадакалса жерге берип жатканда сөөктү ак кепинге оролгон бойдон сыз жерге коюп коюшуптур, сөөккө деле сый керек да, астына саман төшөп же атайын табытка жаткырып коюшса болбойт беле? Алардын тоготпос мамилеси биздин шектенүүнү ого бетер күчөтүүдө. Биз эч жаман оюбуз жок эле башында күйөө балабызга чалып “медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыктыбы?” деп сурай бериптирбиз. Көрсө, булар бир нерсе болуп шекшип калбасын деп медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкканын да бизге айтпай созуп жүрө беришмек окшойт. Учурда Октябрь РИИБине күйөө балабыздын үстүнөн арыз жазып кайрылдык. Адилеттүү жана акыйкат тергөөнү талап кылабыз. Эгер сиңдим үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болуп, өз ажалы менен өлбөгөнү далилденсе, Али Калматаевдин камалышын талап кылабыз.

Октябрь РИИБи: “Тергөө иши уланып жатат”

– Аталган факт боюнча, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Жабыркаган тараптын өтүнүчү менен тергөө иштеринин алкагында комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Окуя боюнча экинчи тараптын пикирин угуу максатында каарманыбыздын күйөө баласы Али Калматаевдин агасы Замир мырзага байланышканыбызда, “биз элге отчёт берүүгө милдеттүү эмеспиз, шекшип жаткандар келип кайрылсын, ар кайсы маалымат каражаттарына чуркабай. Анте албаса биз эч кимге түшүндүрмө бербейбиз”,- деп кагып койду. Кийинки жагдайды тергөө, сот аныктайт.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1062, 14-20-апрель, 2023-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан