Сагын Эргешов, ырчы: “ООБА, КЕКЧИЛ ЭЛЕМ, УШУЛ ЖАМАН САПАТТЫ ТАШТАДЫМ”

Өзүн моделдикте, алпаруучулукта, актёрлукта жана ырчылыкта сынап жүргөн Сагын Эргешовго шоу-бизнестеги кесиптештери суроо узатышты. Сагын мырза түз суроого тайсалдабай түз жооп бердиби? Макаладан окуңуз.

Айнура Салахидинованын суроосу:

– Сагындын өзүн көрсөм деле дайыма сурай берем, качан тойго барабыз, качан үйлөнөсүң?

– Үйлөнүүнү жакшы эле пландап, аракет кылып жатам. Кудай буюрган күнү той.

– 10 жылдан кийинки Сагынды кандай элестетесиң?

– 10 жылдан кийинки Сагынды үлгүлүү үй-бүлөнүн кожоюну, мыкты ата, ийгиликтүү инсан катары элестетем.

– Эгерде чыгармачыл инсан болбогонуңда ким болмоксуң?

– Негизи стюард болгонду аябай жакшы көрөм. Мугалим болгонду да жакшы көрчүмүн. Эгерде чыгармачыл дүйнөнү тандабаганымда стюард болмокмун.

Нуржан Түмөнбаеванын суроосу:

– Негизи Сагындын аракетчилдигин баалайм. Ырчылыгы гана эмес, алпаруучулук жөндөмү күчтүү. Эми суроом, ушул экөөнүн кайсынысы жүрөгүнө жакын болду экен?

– Нуржан эже, чоң рахмат. Сүйлөгөн адам ырдай алат деп айтып калам дайыма, кесибим боюнча журналистмин. Баары бир өзүмдүн кесибим жүрөгүмө жакын. Ырчылык өнөрдү да аркалап келе жатам, ошондуктан экөөнү бөлүп караганга мүмкүн эмес, экөө тең жан дүйнөмө жакын.

– Логикалык суроо: 7 бир тууган эже-сиңдилер ар бири өз иштери менен алектенип жатат. Улуусу китеп окуп, 2-кыз тамак даярдап, 3-кыз шахмат ойноп, 4-кыз кроссворд толтуруп, 5-кыз кир жууп, 6-кыз гүлгө суу куюп жатат. Ал эми 7-кыз эмне менен алектенип жатат?

– Ошондо, жалгыз кыз шахмат ойнобойт. Жетинчи кыз үчүнчү кыз менен шахмат ойноп жатат, менин жообум ушундай.

Тимурлан Тилековдун суроосу:

– Алпаруучулар, блогерлер, кыскача айтканда, ырдай алганы деле, ырдай албаганы деле ырдап жүрүшөт. Ырчылыкты бизнес же өзүн пиарлоо максатында колдонгондорго көз карашың кандай?

– Ырчылыкты бизнес, өзүн пиарлоо максатында колдонгондорго, ырдап жүргөндөргө, ырдайм дегендерге, баарына көз карашым түз. Бирөөгө карата “мындай кылбай койсо болмок, андай кылса болмок” деген сөздөрдөн алысмын. Ким эмнени кааласа ошол нерсени жасаганга толук укугу бар.

– Жашооңдо тилектериңдин аткарылышына 1 эле мүмкүнчүлүк берилсе, эмнени сурайт элең?

– Андай мүмкүнчүлүк берилсе, атамдын кайра бул дүйнөгө келип, жаныбызда болушун сурайт элем.

– Азыркы ырчы кыздардан кимисине “эң биринчи” деген баа берет элең, бирөөсүнө гана?..

– Ырчы кыздардын бирөөсүн бөлүп “эң мыктысы ушул” деп баа бере албайм. Анткени бардык чыгармачыл инсандардын угуучулары, көрүүчүлөрү ар башка. Мен үчүн баары мыкты.

Данияр Эрматовдун суроосу:

– Сагын, кандайсың? Сени сыйлайм, урматтайм. Жакшы баласың, ушунуңдан жазба. Менин суроом, башында мен сени модель катары тааныгам да. Азыр ырчылык менен баратасың, моделдик кесипти дагы алып кетейин деген ойлор барбы?

– Жакшы, Данияр аке. Мен дагы сизди сыйлайм. Биринчи кесибим, ооба, моделдик, алпаруучулук тармак болгон. Азыркы учурда мага ырчылык жакыныраак, моделдикти деле алып кетейин деген ойлорум бар. Ырчылык, моделдик, алпаруучулук баары бири-бирине шайкеш келген үчүн чогуу алып кеткенге мүмкүнчүлүк, убакыт жетет деп ойлойм. Бирок мен бир дагы жолу подиум, көргөзмөлөргө чыккан эмесмин. Жөн гана фотомоделмин.

– Сени кыздарга жакын, кыздар менен көп сүйлөшөт деп угам. Буга чейин канча кыз менен сүйлөшкөнсүң?

– Клиптерге кыздар менен көбүрөөк тартылып, модель кыздар менен фотосессиялар, жарнамаларга тартылып калганым үчүн ушинтип ойлоп калышат окшойт. Негизи буга чейин 2-3 эле кыз менен олуттуу сүйлөшкөм. Азыркы учурда сүйлөшкөн кызым жок.

– Спорт жаатында сени көп көрбөйм? Бул тармакка кызыкпайсыңбы?

– Чынында спорттон алысыраакмын. Буюрса, ал тармакка дагы жакындаш керек деген ойдо жүрөм өзүм дагы. Буюрса, алдыда ал жактан көрүп каласыз мени. Жок дегенде фитнес залга барып турабыз.

Калыс Айтбаевдин суроосу:

– Дайыма кыздар менен дос болгонуңуз эмнеден кабар берет?

– Ошондо Калыс мени “бабник” дегиси келген го дейм, ээ? Андай эмес, жалпысынан айтканда, кыздар агасына же инисине айта албаган сырын мага айтып, ортодо бири-бирибизди түшүнүү, бири-бирибизди колдоо мамилеси болуп, достук жаралып калган учурлар көп. Бул достуктан башка эч нерседен кабар бербейт.

– Кекчилдик жайыңыз бар эле?

– Ооба, кекчилдик жайым бар. Бул өзүмдү да түйшөлткөн эң жаман сапатым болчу. Бир адамды кектеп калсам, ал адам менен керек болсо 10 жыл өтсө дагы алдымдан чыкса учурашчу эмесмин. Анын абалы кандай болуп жатат, ишим да жок болчу. Бир кектедимби, такыр кечире алчу эмесмин. Көргөндө жиним келе берчү дегендей. Байкап көрсөм, бул сапат адамдын өзүнө эле оору алып келет экен, нервиңди коротот дегендей. Ошондуктан бул сапаттан арылууну туура көрдүм. Кантип арылдым? Көбүнчө жакшы нерселерди ойлоп, ал кишинин мага кылган жакшылыгын, жакшы сапаттарын гана ойлогонго аракет кылдым. Кудай биздин бардык күнөөлөрүбүздү кечирип жатканда, биз, пенделер кечирбей каякка барабыз деген жыйынтыкка келдим. Ыраматылык Чубак ажынын “бирөөгө таарынып эмне кыласың, андан көрө аны кечирип кой дагы жыргап-күлүп жашай бер” деген жакшы сөзү таасир берди. Орозо айында да кектеп жүргөн адамдарды кечирип, ушул жаман сапаттан арылып жатам десем болот.

– Өзүңүздү канчалык крашмын деп эсептейсиз? Менден кийинки орундан караганда?

– Мен өзүмдү такыр крашмын деп эсептебейт экенмин.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1062, 14-20-апрель, 2023-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан