КАЛЫСТЫК КҮМӨН ЖАРАТКАНДА... Кыргыз балбандары дүйнөнү дагы бир жолу суктантты

9-14-апрель күндөрү Астанада грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпиондугу өтүүдө. Анда 15 өлкөнүн балбандары күч сынашууда.

Акжол Махмудов үчүнчү ирет Азия чемпиону аталды

Грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмактагы кыргыз балбаны Акжол Махмудов финалда ирандык балбан менен күрөшмөк. Бирок ал алган жаракатынан улам беттештен баш тарткан. Муну менен Акжол Махмудов катары менен экинчи ирет, карьерасында үчүнчү ирет Азия чемпиону аталды.

Кыргыздын сыймыгы казак элинин да жүрөгүн жылытты, беттештен кийин Акжол менен сүрөткө түшүү үчүн күйөрмандардын узун кезеги жаралды.

Чемпион Жоламан Шаршенбековдон кезектеги кооз сальто

60 килограмм салмакта күч сынашкан Жоламан Шаршенбеков финалда түштүк кореялык балбан менен кез келди. Атаандашын беттештин биринчи бөлүгүндө эле 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди. Бул ийгилигин да балбан “фирменный” кооз сальтосу менен белгиледи. Бул жеңиши менен Жоламан Шаршенбеков катары менен экинчи ирет Азия чемпиону болду.

Үчүнчү алтындын ээси – Акылбек Талантбеков

Балбан Акылбек Талантбеков Азия чемпиондугунда Кыргыздын куржунуна дагы бир алтын медаль салууга жетишти. 82 килограмм салмактагы балбан үч ирет килемге чыкты. 1/4 финалда индиялык балбанды 7:1 эсебинде, жарым финалда ирандык балбанды 8:0 эсебинде жеңип, ал эми финалдык беттеште казакстандык Диас Календи 3:2 эсебинде утуп, Азия чемпиону аталды.

Мээрим Жуманазарова жаракат алды

Балбан кыз Мээрим Жуманазарова коло медаль үчүн күрөшүп жатып алган жаракатынан улам беттештен четтетилди. Жарым финалда ал япониялык балбан кызга 2:6 эсеби менен утулуп калып, коло медаль үчүн казакстандык Елена Шалыгина менен кез келген. Беттеш учурунда Жумназарова жаракат алып, мурду канап кетти. Берилген убакыт ичинде аккан кан токтобой койгондуктан беттеш токтотулду. Натыйжада жеңиш Шалыгинага ыйгарылды. Бул окуяда да кыргыз күйөрмандары калыстардын аракетине нааразычылык билдиришти.

Үзүр Жусупбековдун алтынга тете күмүшү

Кыргыз күйөрмандарын ызаланткан көрүнүш балбан Үзүр Жусупбеков менен ирандык Мехди Валихамзеденин беттешинде болду. Мекендешибиз атаандашына талаштуу жагдайда жеңилип калды.

Беттештин аяктаарына бир нече секунд калганда Үзүр Жусупбеков атаандашын 4:4 эсебинде жеңип жаткан. Бир убакта ирандык балбан Үзүр Жусупбековду башы менен сүзүп, атайын симуляция жасап, жерге чекесин кармап отура калды. Калыстар болсо Үзүр Жусупбековду эреже бузду деп эсептеп, ирандык балбанга 1 упай беришти. Кыргыз машыктыруучуларынын нааразычылыгынан кийин ирандык балбанга дагы 1 упай кошулду. Ошентип ал кыйтырлык менен Азия чемпиону аталды.

Бул окуя социалдык желеде кызуу талкуу жаратты. Өзбекстандык балбан Рустам Ассакалов “сөз жок! Бул ирандык бир жолу Дүйнөлүк жаштар оюнунда да ушундай ыкма менен жеңишке жеткен” деп жазды. Ал эми кыргыз күйөрмандары Үзүр Жусупбековду чемпион катары кабыл алып, анын уткан күмүшү алтындан артык экенин белгилеп жатышат. Калыстар калыссыздык кылды деп сындагандар көп.

Ал эми балбандар Роман Ким, Раззак Бейшекеев жана Адилхан Нурланбеков коло байге утуп, күйөрмандарды кубантты.

Айсулуу Тыныбекова: “Алдыда бизди дүйнөлүк чемпиондук күтүп турат”

Атактуу балбан Айсулуу Тыныбекова 5-ирет Азия чемпиону аталды.

– Бул Азия чемпиондугу мен үчүн сыноо болду. Биздин жашоо күрөштөн турат деп дагы бир жолу кайталагым келет. Бүгүнкү күндө 75-80 пайызга даярмын. Алдыда бизди дүйнөлүк чемпиондук күтүп турат. Талыкпай даярданабыз,- деди финалдагы жеңишинен кийин Айсулуу Тыныбекова.

Айпери Медет кызы күмүш, Калмира Билимбек кызы коло утту

Балбан Айпери Медет кызы күмүш байгени багынтты. Финалда казакстандык Элмира Сыздыкова менен беттешип, тилекке каршы, атаандашы Айперинин далысын жерге тийгизип, таза жеңиш менен утуп алды.

Ал эми Калмира Билимбек кызы Кыргыздын куржунуна коло медаль салып кубантты.

Президенттин баасы

Президент Садыр Жапаров Азия чемпиондугунда байгелүү орундарды багындырган кыздарды куттуктап, аларды учурдун Жаңыл Мырзасына салыштырды.

– Сиздер бүгүнкү күндүн Жаңыл Мырзасысыздар. Силерге карап миңдеген сиңдилериңер спортко кызыгып, максат коё билүүнү үйрөнөт. Албетте, Мээрим Жуманазарова баш болгон башка балбан кыздарыбыз багынта турган жеңиштер алдыда. Андыктан алар машыгууларына жаңы дем күч менен кайтып келет деп ишенебиз,- деди президент.

Гезит басууга кетерде Кыргыздын курама командасы Азия чемпиондугунда 2-орунду камсыздап турду. Алдынкы үчтүктө Иран менен Казакстан бар.

9-10-апрель күндөрү Кыргыздан 10 спортчу килем үстүнө чыгып, 7 медаль: 3 алтын,
1 күмүш, 3 коло медаль утушту.

Турсунай Алымкулова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1062, 14-20-апрель, 2023-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан