ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 24-апрелден 30-апрелге чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Пландап баштаган иштердин баары жакшы жыйынтык берет. Лидерлик сапаттарыңыз, өжөрлүгүңүз жана чечкиндүүлүгүңүз менен жакшы натыйжаларга жетишесиз. Бизнестеги өнөктөшүңүз же кесиптештериңиздин бири атайын кыжырыңызды келтирүүгө аракет кылат. Бирок сабырдуу болуңуз, бул сизге бонус гана болот. Үй чарбасына да көңүл буруп, жарактан чыккан техника буюмдарын кураштырып пайдалуу бир буюм жасасаңыз болот.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Букачарлар акча маселесинде өтө этият болушу кажет. Ишенчээктиктен же көзөмөлдүн жоктугунан улам чоң көлөмдөгү каражатты максатсыз пайдаланып банкротко учурашыңыз мүмкүн. Той-кече, отуруштарда спирт ичимдигин ашыкча ичкенден оолак болуңуз. Сүйүүдө бойдоктор жомоктогудай сезимдерди баштан өткөрүшөт. Бул сезимдер кайталангыс көз ирмемдерди тартуулайт, андыктан анын ар бир мүнөтүн баалай билиңиз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Аптаны позитивдүү маанайда өткөрөсүз. Бул мезгилде жумушта да, үйдө да өзгөчө көйгөйлөр болбойт. Бирок жакындарыңызда пайда болушу мүмкүн, алар сиздин жардамыңызга же жок эле дегенде моралдык колдооңузга муктаж болушат. Үй-бүлөлүү эгиздер бала тарбиясына өзгөчө көңүл бурушканы туура. Айрыкча, үйүңүздө өспүрүм курактагы балаңыз болсо сиздин кеңешиңизге, көзөмөлүңүзгө муктаж. Мырзалар документтерине сак болушу кажет.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Акыркы убактарда өтө катуу иштеп жатасыз жана организмиңиз эс алууга муктаж. Тыныгуу албасаңыз дайыма чарчаңкы абалда жүрүү кайсы бир ооруга айланышы мүмкүн. Жеке жашоодогу айрым көйгөйлөрдөн улам тандоо жасоого аргасыз болосуз, ал тандоо сиздин пайдаңызга гана иштейт. Бойдоктор сүйүктүүсү менен мамилеси тажатма болуп баратканын сезишсе, убактылуу тыныгуу алып, бири-биринен алыстап турганы оң.


АРСТАН (23.07-23.08)

Талыкпай эмгектенген адамдар мээнетинин үзүрүн көрүшөт. Жумушта жетекчиңиз сиздин кайсы бир талаптарыңызга кайдыгер карап, ал тургай аны аткаруудан баш тартып коюшу мүмкүн. Бул абал сизди жумуш ордуңузду которууга түртөт. Никедеги түгөйлөрдүн мамилеси жылуу болуп, ал мамиле бардык үй-бүлө мүчөлөрүнө таасирин тийгизет. Бойдоктор сезимдерин ойготкон адам менен таанышат.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Бийкечтер көбүрөөк акча таап, пайдалуу байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Кесиптештер же бизнес-өнөктөштөр менен мамиледе беткап кийүүнүн кереги жок, сиздин чыныгы жүзүңүз өзүңүз үчүн ойлоп тапкан образга караганда алда канча жагымдуу. Алыскы туугандар же көптөн бери көрбөгөн эски тааныштар күтүүсүздөн жолугушууга чакырса макул болуңуз. Жумушта кетирген катачылыгыңыз үчүн эскертүү аласыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Аптада болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетесиз. Кандай гана иш-чара болбосун, бизнесте, жеке жашоодо өзүңүздүн чечендигиңизди, интеллектиңизди жана башка таланттарыңызды колдонуп адамдарга жакшы таасир калтырасыз. Бул сиздин ийгиликке жетишиңизге 80 пайыз кепилдик болуп берет. Романтикалык таанышуулар үчүн ылайыктуу учур, жактырган адамыңыз болсо ойлонбой эле жолугушууга чакырыңыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Кесиптик жана карьералык бурулуштарды жасоо үчүн сонун мезгил. Эң негизгиси - максатты так аныктап, ага жетүү үчүн план түзүш керек. Жеке жашоодо кек сактаган мүнөзүңүздөн арылыңыз. Үй-бүлөлүк маселелерди чечүүдө чымындан пил жасап түгөйүңүз менен урушпаңыз, сиз көтөргөн көйгөйдү чечүүнүн алда канча жеңил жолдору бар. Бойдоктордо виртуалдык сүйүү мамилесин куруу мүмкүнчүлүгү пайда болот.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Жаачылар жумушта же үйдө болуп жаткан окуялар боюнча олуттуу талаштын демилгечиси болуп калышы мүмкүн. Өз оюңуздан кайтпаңыз, бирок кайым айтышуу узакка созулган чырга айланып кетпеши керек. Сизден материалдык жардам сураган адамдар болот, анын кайсы бир муктаждыгын өз колуңуз менен сатып алып берсеңиз туура болот. Документ иштерине байланыштуу көйгөйлөрүңүз чыгат, убагында бүтүрүшүңүз керек.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Кирешеңизге канааттанбай, нааразы болосуз. Ата-эне, бир туугандар менен көбүрөөк убакыт өткөрүңүз, туугандык, жакындык мамиледен энергия алып баштаган ишиңиз натыйжалуу болот. Бейтааныш адамдарга ишеним артуудан сак болуңуз, шылуундардын кылтагына илинип калышыңыз мүмкүн. Жалгыз бой текечерлер ага боор ооруп, мээрим төкчү адамды издешет, бул сүйүктүү адамы же жөн гана жакын досу болушу ыктымал.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Кайсы бир адамга ишеним артып, түшө элек кирешени чөнтөгүмдө деп эсептеп албаңыз. Пландарыңызды алдын ала ар кимге сүйүнчүлөп айтуу кооптуу, андыктан келечектеги кадамдарыңыз ичиңизде гана калсын. Соода баштоо үчүн мыкты убакыт эмес. Сүйүүдө өз позицияңызга бекем болуңуз, улам-улам компромисске бара берсеңиз жакын адамыңыз сиздин “ообаңызга” көнүп, башка жоопторду кабыл албай калат.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Өч алуу агрессиясынан алыс болууга аракет кылыңыз. Жылмаюу жана позитивдүү мамиле менен “кооптуу кылмышкерди” да ынандыра аласыз. Үй-бүлөлүү балыктар никедеги түгөйүнө белек берип кубандырса болот. Бойдоктор бир көрүп сүйүп калууга ишенбеши керек, азыр сүйкүмдүү көрүнүп жаткан адам кийин көптөгөн көйгөйлөр менен жан дүйнөңүзгө кайгы алып келиши ыктымал.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1063, 21-27-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан