МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МЫЙЗАМЫ: КЫРГЫЗ ТИЛИН БИЛБЕГЕНДЕР МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКА АЛЫНБАЙТ

Парламент 19-апрелде “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоорун 2-окууда карап, жактырды. Мыйзам долбоорун Министрлер кабинети демилгелеп, парламентте Мамлекеттик тил жана тил саясаты комиссиясынын жетекчиси Каныбек Осмоналиев суроолорго жооп берди.

Мыйзам долбоору мамлекеттик тил саясатын жакшыртууга багытталган. Андагы талкууга түшкөн нормалардын бири – кыргыз тилин тийиштүү деңгээлде билбегендердин мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштей алары же албасы болду.

– Документ жүгүртүү мамлекеттик тилде жүргүзүлөт. Кызматкерлер сөзсүз “Кыргыз тесттен” өтүүгө тийиш. Мамлекеттик тилди билүүнүн 5 деңгээли бар: А1, А2, В1, В2, С1 деп бааланат. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер кыргыз тилин В1 деңгээлинде билиши керек. Мындан төмөн билгендер мамлекеттик кызматта иштебеши керек, мыйзамда бул норма бар, ал өзгөрүүсүз калып, бекем сакталышы зарыл,- деди Каныбек Осмоналиев.

Депутат Айбек Жапаров кыргыз тилин байытуу үчүн алфавитке “W” тамгасын кошуу керектигин, бул кыргыз тилиндеги “аба” жана “ава” деген сыяктуу сөздөрдү колдонууга ыңгайлуу болорун белгилеп өттү. Депутаттар Эмил Токтошев менен Камила Талиева мамлекеттик тилдин келечеги үчүн латын алфавитине өтүү керектигин айтышты.

– Мамлекеттик тил саясатын реформалоого убакыт келди. Муну саясатка айлантпай, колдоп беришибиз керек. Бул жерде башка тилдерди басмырлоо жок, болгону кыргыз тилине зарылдык жаратуу аракети камтылууда,- деди Талиева.

Спикер Нурлан Шакиев айтылган сындардан коркпой, кыргыз тилин өнүктүрүү ишин улантуу зарылдыгын айтты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1063, 21-27-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан