Мирхамид Токтогул, алпаруучу: "РОМАНТИК БОЛУУ – ТАРБИЯДАН КӨЗ КАРАНДЫ”

Таланттуу түгөйлөр 4 уулдун ата-энеси. Ар дайым ээрчишип жүрүшөт, бири-бирине жасаган мамилеси, сыйы суктандырат. Бул жолу маек төрүбүздө белгилүү теле алпаруучу Мирхамид Токтогул жана анын өмүрлүк жары Шаакан Токтогул болушту.

– Бири-бирине төп келишкен түгөйлөр кайдан таанышып, табышып калышты эле?

Шаакан Токтогул: – Мен студент кезде бир агай бар эле. Улуту башка болчу, эмнегедир кыргыздарды сындай берчү. Андайда улутум үчүн күйүп талашып-тартышып, “эгерде Кыргыз жери жакпаса, анда бул жерде эмнеге кыргыздын суусун ичип, нанын жеп жүрөсүз?” дечүмүн. Ал болсо “ушул окуу жайда бир бала бар, ал да сага окшош, талашып-тартышып эле басып жүрөт. 20 жыл иштеп, 2 эле начар студент көрдүм, сен жана 24 саат бою башынан калпагы түшпөгөн Мирхамид Токтогул” деп калчу. Жарым жыл бою мен талашып-тартышканымды, агай болсо Мирхамид Токтогул жөнүндө айтканын койбоду. Анан менде “ал ким, кандай адам болду экен?” деген кызыгуу пайда болду.

Бир жолу университетте бир эшикти ача койсом, агай студенттери менен отургандай болгон. Көрсө, агай дегеним ушул жигит экен. Ошондо эле башынан калпагын түшүрбөй кийип жүрчү. Агай деп кабыл алып, көпкө чейин агай деп жүргөм (күлүп).

Мирхамид Токтогул: – Окуу жайда "Сармерден" уюштуруп, анда кыз-жигит оюнун көрсөтмөкпүз. Текст окууга ылайык адам таппай жүргөм, анан бул кызды көрүп калып “жүрү, текст окуп бере салчы” деп көшөгө артында текст окуттум. Жакшынакай кылып көркөм окуп берди. Жарайсың дедим да, экөөбүз "Сармерденде" кыз менен жигиттин бири-бирине болгон арзуусу, жар көрүү салты тууралуу текст окуганбыз. Башында жөн гана ага-карындаш болуп жүрсөк, кийинчерээк сезимдерибиз ойгонуп олуттуу мамилеге айланды.

Кыз-жигиттик сезим башка, турмуш кургандан кийинки жагдай башка эмеспи. Кыйын кырдаалдарда адамдагы терс сапаттар ойгонуп, чарт-чурт болуп дегендей... Үй-бүлөлүк турмуштун баштапкы этабынан сиздер кандай өттүңүздөр?

М.Т.: – Мен баарынан сезимди бийик коём. Кадимки үй-бүлөдө болчу кырдаалдар – ата-эне, дос-жар, кызганыч, түшүнбөстүк, кайын журт маселеси бизде да жаралды. Ошондой учурда жакшы көрүү, жок дегенде аёо сезими баарын кармап турду. “Мына, болду, бүттү” деп баарына балта чаап үзөрдө балтанын түбүнө төшөлгөн кебездей болгон бир сезим сактап калып жатты.

Ш.Т.: – Негизи үй-бүлөдө урушту болтурбай коюуга болот. Бирок биз анчалык деңгээлде көрөгөч эмеспиз да. Замандын шарданасы менен жүрүп, табиятыбыздан алыстап кеттик окшойт. Ошондой учурда күйөөңдүн кемчилиги – сенин кемчилигиң болуп көзгө даана көрүнөт экен. Учурда үй-бүлөлүк мамилелерди окуткан, үйрөткөн психолог жана башкалар толтура. Бирок ар бир адам өз көйгөйү менен чындап бет келишмейинче, маселени өз акылына, билимине жараша чечүүгө жетишмейинче, окуган билими да бекер тура.


– Бири-бириңиздердеги кайсы сапатты жогору баалайсыздар?

Ш.Т.: – Мирхамид адилеттүү, эрки күчтүү. Жасайм дегенин жасайт, үйрөнөм дегенин өжөрлөнүп жатып акыры үйрөнөт. Мага жаккан дагы бир сапаты – аракетчилдиги. Комуз үйрөнөм деп 2 айда үйрөндү, кадимкидей күү чертип калган. Бир жолу корей тилине кызыгып, кыска убакытта аябай жакшы өздөштүрүп, тим эле Кореяга кетүүгө даяр болуп калган (күлүп). Принципиалдуу, ички тартиби күчтүү адам.

М.Т.: – Адамдын ички абалына жараша мүнөзү калыптанат тура. Жубайымдагы баалаганым – жүрөгүнүн кенендиги, бүткөн боюнун сүйүүгө толуп турганы. Ушул сапаттар калган сапаттарынын баарын сугарып, көбөйтүп, ашырып турат. Бүткүл ааламды ичине батырып сүйө алган сапатын абдан баалайм.


– Түгөйүңүзгө эмнени үйрөтүп, же канчалык кайра тарбиялай алдыңыз?

Ш.Т.: – Адамды кайра тарбиялоо, өзгөртүү деген туура эмес. Адам өзүн-өзү гана өзгөртүп, тарбиялай алат. Бирөөгө таасир этиши мүмкүн, бирок чечимди баары бир адам өзү кабыл алат. Бул кишиге сейилдөөнү, жолугушууга чакырганды үйрөттүм (күлүп).

М.Т.: – Романтик болуу – темпераменттен, анан тарбиядан көз каранды. Жоокерчилик заманда кыргыз менталитети калыптанган да, жигиттерде – бир мүнөздүүлүк, кайраттуулук, сырдуулук, ашкере ачылып-чачылбагандык бар. Бул биздин жашоо образыбыз. Азыр эми заман өзгөрүп, айрымдар романтик боло баштады, үйлөнөрдө чөгөлөп колун сурап (күлүп).

Ш.Т.: – Өз тарыхы, маданияты бар түптүү элдерде ушундай бир мүнөздүүлүк маданияты бар. Ал эми АКШ сыяктуу курама элдерде жасалма маданият, шаан-шөкөт көбүрөөк. Ошол нерсе азыр бүтүндөй дүйнөнү каптап кетти. Жашоону жаркырата жашоо өзүбүздүн колдо. Аялда күтүү сезими көп экен. Ал эми эркектердин табияты башка, буларда “ушундай болушу керек” деген гана бекем түшүнүк бар, болду. Аялдар миң түрдүү эмоцияны башынан өткөрүп, термелип чыгат эмеспи. Учурда түпкү башатыбыздан, табияттан алыстап кеттик, аны менен кошо сабырдуулугубуз да жоголду окшойт. Аялдарды күнөөлөгүм келбейт, заман өзгөрүүдө, демек, эркектер да өзгөрүшү керек.

– Балдарды тарбиялоодо эмнеге басым жасайсыздар?

М.Т.: – Баланы тарбиялоо – татаалдын татаалы экен. Бизде жалаң эркек балдар болгондуктан, айтчу нерсени айтып, түшүндүрчүнү акырын түшүндүрүп, анча-мынча учурда кол менен да тарбиялап жибермей болот. Биздин бир алтын эрежебиз бар – апабыздын көзүнчө эркектер өз ара колдончу сөздөрдү айтпайбыз, сөгүнбөйбүз (күлүп).

Ш.Т.: – Балдарды чеги менен эркин кармайбыз. Эркек бала 6-7 жашка чейин энеге жакын болот экен. Анан атанын тарбиясына, мээримине муктаждык жаралат окшойт, атага ыктап кетишет.

Биздин муундун балдары ата-эненин айтканын так кылчубуз, жумуш дайындаса дароо жасачубуз да. Азыркы муундун балдары башкача – эрктүү, өз ою бар. Андыктан балдардын ар бирине, мүнөзүнө жараша мамиле кылат экенсиң. Коом үчүн да баланын эркин сындырбай тарбиялоо маанилүү тура. Андыктан урушчу жерде акырын урушуп, кээде катуу да айтып коём. Бир жолу акырын айтчу жерден катуу айтып алган экем, балдар кайра мени уяткарышты. Кээде ата-эне баланы тарбиялайм деп жатып, өзүн да тарбиялайт экен.

– Маегиңиздерге рахмат! Ишиңиздерге ийгилик!

Турсунай Алымкулова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1063, 21-27-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан