Азимбек Бекназаров тууралуу “миллиондогон долларды Швейцарияга таштап келген” деген сөз тарап, аны аныктоо үчүн өзүнө кайрылып, жооп алдык.
– Айрым ММКлар сизди “августта Швейцарияга 13 миллион доллар алып чыгып кеткен” деп жазышууда. Мунун чындыгы барбы?
– Бул сөз – турган ушак. Мурунку эки президентти колдоп жүргөндөрдү тим койсо, мени жеп жиберейин деп жатышат. Ошолор акча берип, гезиттерге мен тууралуу ушак таратмай адатын токтотушпады. Ал эми элдин кызыкчылыгына каршы иштеген адамдарды дагы далай жолу өлкөдөн качырууга даярмын. Эгерде кимдир бирөө 13 миллион долларды таап келип, мага далилдесе, рахматымды айтып, ошол акчаны өзүнүн колуна карматам.
– Улуттук комиссия июнь окуясынын жыйынтыгын жарыялап, күнөөлүүлөрдүн арасында сиздин уулуңуздун да бар экендигин айтты. Сиздин жообуңуз?
– Уулум Руслан айрым саясатчылардын балдарына окшоп чет өлкөгө кетип калып же үйүндө корголоп отурбай, элдик кошуун менен Жалал-Абадда жүрдү. Ал кыргыз жигиттеринин катарында элге ок аткандардын куралын алып, комендант Кубатбек Байболовго жардам берди. Мен ушундай уулум менен сыймыктанам. Русландын кылмыш кылганы чын болсо, тиешелүү органдарга ишин өткөзүп беришсин.
Ал эми жыйынтыкка келсек, өткөндө комиссияга УӨнүн мүчөсү болгонум үчүн чакырышкан. Барганымда комиссиянын айрым мүчөлөрү (ысымын атабай эле коёюн) сүйлөгөнгө алы келбей, булдурукташып мас болуп отурушуптур. Корутундусун да ошондой абалда жазышкан го... Корутундусун окуп бүткөндөн кийин коомчулукка өз жообумду берем.
– Анда улуттук комиссиянын чыгарган жыйынтыгына кандай баа бересиз?
– Жалпысынан калыс чыгарды деп ойлойм. Бирок алар кимдир бирөөнүн “ырын ырдап жатышы” да ыктымал. Улуттук комиссия өз жыйынтыгында “Убактылуу өкмөттүн да күнөөсү бар” деп айтты. Бирок моралдыкпы же саясий күнөөбү, такташпады.
Кайталап айтам, Кудай жана абийирибиз күбө, эл алдында айыбыбыз жок. Баштарын сайып иштеп жүргөндөр күнөөлүү болуп калышты да, ал эми ошол эле учурда партиялык иштер менен алек болгон УӨнүн айрым мүчөлөрү аппак болуп чыга келишти. Ошол эле Абдыганы Эркебаев кандуу окуя болуп жатканда Ошко басып барган эмес. Андай болсо, УӨнүн мүчөсү катары мен сыяктуу эле Эркебаев дагы жооп тартсын.
Дагы бир маанилүү жагдай, мени “күч органдарынын куратору болгон” деп жатышат. Каяктан алып жазышканын билбейм. Бирок мен сот, прокуратура жана Каржы полициясын гана башкаргам. Ал эми Коргоо министрлиги, ИИМ жана УКМК Алмазбек Атамбаевдин карамагында болчу. Андыктан Улуттук комиссия жыйынтыгын так чыгарса демекмин.
Эльвира Караева
koom@super.kg